Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы N 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 10-майы № 341
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна
ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттары А.К.Келди-
беков жана Р.С.Мамыров тарабынан демилге кылынган "Кыргыз Республикасы-
нын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна тиркелген корутундунун неги-
зинде макулдук берилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.
Премьер-министр Ф.Кулов
2006-жылдын 10-майы № 17-57/15
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешине
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам
долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин депутаттары А.К.Келдибеков жана Р.С.Мамыров тарабынан демилге
кылынган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана то-
луктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун
карап чыгып жана Кыргыз Республикасынын 65-статьясынын 5-пунктун жетек-
чиликке алып, аны кабыл алуу төмөнкүдөй сын-пикирлерди эске алуу менен
мүмкүн деп эсептейт.
Сунушталган Мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын Салык кодек-
сине өзгөртүүлөрдү гана киргизүү каралат, ушуга байланыштуу Мыйзам дол-
боорунун аталышындагы "толуктоолорду" деген сөздү алып салууну сунуш
кылабыз.
Премьер-министр Ф.Кулов