Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 12-майы № 349 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 17-мартындагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексиннн талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын Кыргыз Рес-публикасынын Салык
кодексинин талаптарына ылайык келтирүү максатындаКыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 17-мартындагы №142 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарын ишке ашыруу бо-юнча чаралар жөнүндө"
токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо-лор киргизилсин: а) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Салыктык админист-рациялоо боюнча
нускамада: - преамбуладагы "2004-жылдын октябры" деген сөздөр жана сандар"2006-жылдын февралы" деген сөздөр жана сандар менен алмаштырылсын. - I бөлүмдүн 2-пунктундагы, III бөлүмдүн 7-пунктунун "а" пунктча-сындагы, XIII бөлүмдүн 61-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Финансыминистрлигине караштуу Кирешелер боюнча комитет" деген сөздөр "КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясы" дегенсөздөр менен тиешелүү жөндөмөдө алмаштырылсын; - III бөлүмдүн 7-пункту төмөндөгүдөй мазмундагы "е" пунктчасы ме-нен толукталсын: "е) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жана Кыргыз Республи-касынын Өкмөтүнө алардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдар менен белгиленгентартипте."; - Нускама төмөндөгүдөй мазмундагы 9-1-пункт менен толукталсын: "9-1. Мамлекеттик органдарга ушул статьяда каралгандан башка учур-ларда, салык органдарынан жашыруун сырды түзгөн маалыматтарды жана до-кументтерди талап кылууга тыюу салынат. Мисалы: Ушул Нускаманын "б", "в" "д" "е" пунктчаларындакөрсөтүлгөндөн башка учурларда, жашыруун сырды түзгөн маалыматтар жанадокументтер Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына жана анын орган-дарына, министрликтерге жана ведомстволорго берилбейт."; - IV бөлүмдүн 16-пунктунда: төртүнчү абзацтагы "баланс" деген сөздөн кийин "жана жоюу балансы,ошондой эле жоюу боюнча салыктык текшерүү актысы" деген сөздөр менентолукталсын; - пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын; "Салыктык эсептен чыгаруу Юридикалык жактардын мамлекеттик реест-рине (ЮЖМР) жана Статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик ре-гистрине (СББМР) ушуга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынантиешелүү жазуу жазылгандыгы тууралуу (чарбакер субъектилердин маалымат-тарын алып салуу жөнүндө) билдирүү алынгандан кийин жүргүзүлөт". - IV бөлүмдүн 18-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "18. Салык төлөөчүлөрдү каттоо боюнча усулдук көрсөтмөлөр КыргызРеспубликасынын Салык кодексине жана ушул Нускамага ылайык Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясы тарабынаништелип чыгат жана бекитилет."; - XI бөлүмдүн 46-пунктунда: - 2 жана 3 -пунктчалар төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "2) Бишкек жана Ош шаарларынын, облустардын салык кызматтары - 100000 мињ сомдон ашык эмес; 3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инс-пекциясы - чектелбеген суммада."; - XVI бөлүмдүн 76-пунктунун бешинчи абзацындагы ", Кыргыз Респуб-ликасынын Финансы министрлигине караштуу Салык кызматынын Салык полици-ясынын атайын бөлүктөрү, ошондой эле соттун чечими боюнча жүзөгөашырылуучу" деген сөздөр алып салынсын; - XVII бөлүмдүн 80-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Финансы ми-нистрлигине караштуу" деген сөздөр алып салынсын; б) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жеке жактардын кирешесалыгынан чегерүүнүн жана эсептөөнүн тартиптери жөнүндө
нускамада: - преамбуладагы "2004-жылдын октябры" деген сөздөр жана сандар"2006-жылдын февралы" деген сөздөр жана сандар менен алмаштырылсын; - 4-пунктгун экинчи абзацындагы ", киреше салыгын төлөшпөйт, булучурда Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 127-статьясынын талапта-рына жана жер салыгына ылайык КНС салынат" деген сөздөр "жер салыгынгана төлөйт" деген сөздөр менен алмаштырылсын; - 25-пункт "жылдык киреше" деген сөздөн кийин ", эгерде мындай ту-рак-жай ишкердик кылуу үчүн пайдаланылса жана турак-жайды пайдалануудантүшкөн кирешеге киреше салыгы салынат" деген сөздөр менен толукталсын; - X главанын 30-пунктунда: биринчи абзацы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: - "Жылдык жалпы кирешеден чыгарылып салууга тийиш болгон амортиза-циялык чегерүүлөр жеке жактардын эсептик көрсөткүчүнөн 1000 эседен жо-гору болгон жана иштөө мөөнөтү бир жылдан ашкан өндүрүштүк негизгифонддор боюнча эсептелет, Мында салыктык максаттарда активдин наркы2006-жылдын 1-январынан тартып 1000 эсептик көрсөткүчтөн, б.а. 100 000мињ сомдон жогору болууга тийиш."; - пункт төмөнкү мазмундагы экинчи, үчүнчү жана төртүнчү абзацтарменен толукталсын; "2006-жылдын 1-февралындагы редакциядагы Кыргыз РеспубликасынынСалык кодексинин 9-статьясынын 36 жана 37-бөлүктөрүнүн нормалары КыргызРеспубликасынын аймагында 2006-жылдын 1-январынан тартып кайрадан саты-лып алынган же алынып келинген негизги каражаттарга жана негизгиөндүрүштүк каражаттарга гана колдонулат. Мында Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 80 жана 97-статьяла-рынын нормаларына ылайык аммортизациялоого тийиш болгон топтун жылдынбашына карата баланстык наркы Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин9-статьясынын 36 жана 37-бөлүктөрүнүн жањы нормаларына ылайык корректи-ровкаланбайт, башкача айтканда мурда тиешелүү топтордо эсепке алынганнаркы 1000 минималдуу айлыктан төмөн болгон негизги каражаттар топтончыгарылбайт. 2006-жылдын 1-январынан тартып өндүрүштө пайдаланылган, наркы 1000эсептик көрсөткүчтөн жогору болгон сатылып алынган негизги каражаттарамортизациялоону чегерүү максатында топко кошулган негизги каражаттар-дын наркы катары каралат. Амортизацияланууга тийиш болгон негизги каражаттар амортизациялоо-нун төмөндөгү нормалары менен беш топ боюнча классификацияланат:"; - 33-пункттагы мисалдар төмөнкү редакцияда берилсин: "1-мисалы: Ишкердикти жүзөгө ашырган жеке жактын 2005-жылдын акы-рына карата баланстык наркы 16 000 сом болгон (1-топ) (3 компьютер) не-гизги каражаттары бар болгон; 2005-жылга салык салуу максатындагы амор-тизациялык чегерүүлөр 4 800 сомду түзгөн (30 %). 2006-жылы салыктык жыличинде 8 000 сомдон 4 компьютер 32 000 сомго жана наркы 120 000 болгонжењил автомашына сатылып алынган. Бир компьютер 5000 сомго сатылган. Бул учурда салыктык жыл ичинде салык салынуучу жылдын акырына ка-рата негизги каражаттардын баланстык наркына карата кошулган нарк жењилавтомашинанын наркы - 120000 сомду гана түзөт. 1-топтун салыктык жылдын акырына карата баланстык наркынын эсеби:-----------------------------------------------------------------------| | 2005-жыл | 2006-жыл||-----------------------------------------------|----------|----------||Өткөн жылдын акырына карата топтун баланстык | 20000| 16000||наркы | | ||Алынат (-) | | ||Өткөн жылда топ боюнча чегерилген | 6000| 4800||амортизациялык чегерүүлөр | | ||Барабар (-) | | ||Кошулат (+) | 14000| 11200||Салык жылынын ичинде топко кошулган негизги | | ||каражаттардын наркы | | ||Барабар (=) | 5000| 120000||Алынат (-) | 19000| 131200||Салык жылында сатылган негизги каражаттардын | 3000| 5000||наркы | | ||Салык жылынын акырына карата топтун баланстык | 16000| 126200||наркы | | ||Салыктык амортизациялоонун ставкасы | 30%| 30%||Чыгарып салынууга тийиш болгон амортизациялык | 4800| 37860||чегерүүлөр | | |----------------------------------------------------------------------- 2006-жыл үчүн жылдык жалпы кирешеден чыгарылып салынууга тийишболгон амортизациялык чегерүүлөр 37860 сомду түзөт. 2-мисал. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 83-1-статьясыныннормаларына ылайык салык төлөөчү негизги өндүрүштүк каражаттарды сатыпалуу боюнча чыгашалардын наркынан 15 пайыз өлчөмүндө чыгарып салуугаукугу бар. Мында сатылып алынган негизги өндүрүштүк каражаттардын наркыбухгалтердик эсеп жөнүндөгү жоболорго ылайык аныкталат. Салык төлөөчү тарабынан жеке пайдалануу үчүн сатып алынган жана/жеал тарабынан өндүрүлгөн негизги каражаттардын наркынын 15 пайызын жыл-дык жалпы кирешеден чыгарып салууга таандык кылынган учурда, ушундайнегизги каражаттардын амортизациясына чегерүүлөр, ушул чыгашаларды чы-гарып салуу менен жүргүзүлөт. 1-мисалдын учурунда, эгерде салык төлөөчү сатып алынган негизгикаражаттардын наркынын 15 пайызын - 18000 сомду (120000 x 15:100) чыга-рып салууга таандык кылса, анда салык жылынын ичинде топко кошулган не-гизги каражаттардын наркы 102000 сомду түзөт (120000- 18000). Бул учур-да 2006-жыл үчүн жылдык жалпы кирешеден чыгарылып салынууга тийиш бол-гон амортизациялык чегерүүлөр 32460 сомду түзөт ((11200 + 102000 -5000) х 30 : 100). 3-мисал: Өндүрүштүк процессти уюштуруу үчүн ишкер 2003-жылы наркы 130000сомдук имаратты сатып алган. Мындан тышкары ишкер ушул имараттын жанынанаркы 200000 сомдук кампа курган. Ишкер имараттын жана кошумча курулуш-тун наркынын 15 пайызын жылдык жалпы кирешеден чыгарып салууга таандыккыла алат (49500 сом). Эгерде өткөн салык жылынын акырында ишкердин не-гизги каражаттары болгон эмес деп болжолдосок, анда топтордун баланстыкнаркынын жана тиешелүү амортизациялык чегерүүлөрдүн эсеби төмөндөгүдөйболот:-----------------------------------------------------------------------| | 5-топ | 5-топ || |(имарат) | (кошумча|| | | курулган|| | | кампа) ||------------------------------------------------|----------|---------||Өткөн жылдын акырына карата топтун баланстык | 0| 0||наркы | | ||Алынат (-) | | ||Өткөн жылда топ боюнча эсептелген амортизациялык| 0| 0||чегерүүлөр | | ||Барабар (=) | | ||Кошулат (+) | 0| 0||Салык жылынын ичинде топко карата кошулган | | ||негизги каражаттардын наркы | | ||Барабар (=) | 110000| 170000||Алынат (-) | 110000| 170000||Салык жылында сатылган негизги каражаттардын | 0| 0||наркы | | ||Салык жылынын акырына карата топтун баланстык | 110000| 170000||наркы | | ||Салыктык амортизациялоонун ставкасы | 10%| 10%||Чыгарып салынууга тийиш болгон амортизациялык | 11000| 17000||чегерүүлөр | | |----------------------------------------------------------------------- Имараттар, курулуштар жана курулмалар боюнча амортизация ар биркурулушка өзүнчө эсептеле тургандыгын белгилей кетүү керек. 2006-жылүчүн жылдык жалпы кирешеден чыгарылып салынууга тийиш болгон амортиза-циялык чегерүүлөр 28000 мињ сомду түзөт"; - 41-пункттун мисалдарындагы "1998" деген цифра "2005" деген цифраменен алмаштырылсын; 52-пунктта: "в" пунктчасы "жер салыгы" деген сөздөрдөн кийин ", кыймылсызмүлккө салык" деген сөздөр менен толукталсын; "д" пунктчасы төмөнкү мазмундагы мисал менен толукталсын: "Мисал: Эгерде салык төлөөчү ипотекалык кредит каражатынын эсеби-нен турак үй сатып алса, анда кредиттин суммасы жана ушул кредит үчүнпайыздарды төлөө боюнча чыгашалар чыгарылып салынбайт."; - 58-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын: "58. Жеке жактын төлөм булагындагы пайыздарынан башка, салык салы-нуучу календарлык жылда алынган жылдык жалпы кирешесине жараша 10 пайы-эдык ставка боюнча салык алынат."; в) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Юридикалык жактардынпайдасынан салыкты бюджетке эсептөөнүн тартиби жөнүндөгү
нускамада: - преамбуладагы "2004-жылдын октябры" деген сөздөр жана сандар"2006-жылдын февралы" деген сөздөр жана сандар менен алмаштырылсын; - 15-пункттун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын: "15. Эгерде ушул Кодексте башкача белгиленбесе, салыктык максат-тарда өздүк наркын өзү түзгөн товарларга,жумуштарга,кызматтарга акырын-дык менен өткөргөн, пайдалануу (эксплуатациялоо) мөөнөтү бир жылданашык, наркы минималдуу 1000 айлык акыдан жогору болгон, экономикалыкиштерде пайдаланылган же пайдалануу үчүн арналган активдер, ошондой элежер негизги каражаттарга таандык кылынат."; - IV бөлүм төмөндөгүдөй мазмундагы 15-1 жана 15-2-пункттар менентолукталсын: "15-1. Салыктык максаттарда негизги өндүрүштүк каражаттарга өнөржайлык, курулуш, айыл чарбасындагы жана кайра иштетүүчү өнөр жайдагытехнологиялык процесстерди жабдуу үчүн зарыл болгон, чарбакер субьекттарабынан түздөн-түз жеке өндүрүштүк максаттар үчүн алынып келинген,ушундай өндүрүштүк иштин бүткүл мөөнөтүндө ээликтен ажыратуу укугу бе-рилбеген, наркы 1000 минималдуу эмгек акыдан жогору болгон негизги ка-ражаттарга тиешелүү технологиялык жабдуулар (техникалык каражаттар),ошондой эле алардын бөлүктөрү таандык кылынат. 15-2. Кыргыз Республикасынын аймагана 2006-жылдын 1-январынан тар-тып жањыдан сатылып алынган, өндүрүлгөн же алынып келинген негизги ка-ражаттарга жана негизги өндүрүштүк каражаттарга карата 15 жана15-1-пункттарынын нормалары гана колдонулат. Мында Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 97-статьясынын нор-маларына ылайык амортизацияланууга тийиш болгон жыл башындагы негизгикаражаттар тобунун баланстык наркы 15- жана 15-1-пункттарга ылайык кор-ректировкаланбайт, башкача айтканда мурда тиешелүү топтордо эсепкеалынган наркы 1000 минималдуу эмгек акыдан төмөн болгон негизги кара-жаттар топтоп чыгарылбайт. Салык салуу максаттары үчүн негизги каражаттар боюнча амортизация-лык чегерүүлөрдү эсептөөнүн тартиби ушул Нускамага карата 1-тиркемедекелтирилген."; - 17-пунктта: пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Жылдык жалпы кирешеден чыгарып салууну аныктоодо негизги өндүрүшкаражаттарынын өсүшүнө байланыштуу чыгашаларды чыгарып салууда ушулНускаманын 15-1-пунктунун нормаларын жетекчиликке алуу зарыл."; Мисал төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "Мисал: Салык төлөөчү тарабынан 2005-жылы өндүрүштө пайдаланууүчүн негизги каражаттар: наркы 160,0 мињ сомдук жењил автомобиль саты-лып алынган, ошондой эле өз күчү менен курган наркы 5000,0 мињ сомдукцех пайдаланууга берилген. Салык төлөөчү сатып алынган жана өз күчү ме-нен курган негизги каражаттардын объектилеринин наркынан 15 пайызөлчөмүндө 774,0 мин сомду ((160,0 + 5000,0) х 15%) чыгарып салуугаукуктуу. Эгерде салык төлөөчү ушул укуктан пайдаланса, амортизациялоогочыгарып салууну эсептегенде "Салык жылынын ичинде топко кошулган негиз-ги каражаттардын наркы" деген сапта негизги каражаттарды сатып алуугажана өндүрүүгө кеткен чыгашалар көрсөтүлөт, ал тиешелүү топторгобөлүштүрүү менен 774,0 мињ сом суммасына азайтылат. Өткөн жылдын акырына карата топтордун баланстык наркы нөлгө бара-бар деп коелу. Анда амортизациялык чегерүүлөрдүн эсеби төмөндөгүдөй болуп көрүнөт:-----------------------------------------------------------------------| | 1-топ | 5-топ ||--------------------------------------------|-----------|------------||Өткөн жылдын акырына карата топту | 0 | 0 ||баланстык наркы | | ||Алынат (-) | 0 | 0 ||Өткөн жылда топ боюнча | 0 | 0 ||чегерилген амортизациялык чегерүүлөр | | ||Барабар (=) | | ||Кошулат (+) | 136000 | 4250000 ||Салык жылынын ичинде топко | (160000-| (5000000-||кошулган негизги каражаттардын наркы | 24000) | 75000) ||Барабар (=) | 0 | 0 ||Алынат (-) | 0 | 0 ||Салык жылында сатылган негизги | 136000 | 4250000 ||каражаттардын наркы | | ||Салык жылынын акырына карата | 136000 | 425000 ||топтун баланстык наркы | | ||Салыктык амортизациялоонун | 30%| 10% ||ставкасы | | ||Чыгарып салынууга тийиш болгон | 40800 | 425000 ||амортизациялык чегерүүлөр | | |----------------------------------------------------------------------- - 28-пунктта: биринчи абзац төмөнкү сүйлөм менен толукталсын: "2006-жылдан тартып пайдадан алынуучу салык 10 пайыз ставка боюнчаэсептелет". - экинчи абзац "20 пайыз ставка боюнча" деген сөздөрдөн кийин "жа-на 2007-жылдан тартып алынган - 10 пайыз ставка боюнча" деген сөздөрменен толукталсын; - "Салык салуу максатында амортизациялоону эсептөөнүн тартиби" де-ген 1-тиркемеде: 1-пунктта "45" деген цифра "1000" деген цифра менен алмаштырылсын; 6-пункттагы мисал төмөнкү редакцияда баяндалсын: "Мисал: - Мурунку салык жылынын акырында 1-топтун баланстык наркы - 15,0мињ сомду түздү; андан алынат - Мурунку салык жылындагы амортизациялык чегерүүлөрдун суммасы -4,5 мињ сом; ага кошулат - Жыл ичинде кошулган негизги каражаттардын наркы - 0. андан алынат - Жыл ичинде сатылган негизги каражаттардын өткөрүү баасы - 25,0мињ сом. Салык жылынын акырына карата топтун баланстык наркы -(-) 14,5 мињсом. Бул учурда топтун баланстык наркы нөлгө тењештирилет жана аморти-зация эсептелбейт, ал эми жылдык жалпы киреше 14,5 мињ сомгокөбөйтүлөт."; 7-пункттагы мисал төмөнкү редакцияда баяндалсын: "Мисал: - топтун мурунку жылдын акырына карата баланстык наркы - 15,0 мињсом. - Мурунку жыл үчүн эсептелген амортизациялык чегерүүлөр - 4,5 мињсом. - Кошумча негизги каражаттардын наркы - 0. - Сатылган негизги каражаттардын наркы - 8,0 мињ сом. - Салыктык жылдын акырына карата топтун баланстык наркы - 2,5 мињсом. Ошентип жылдын акырына карата топтун баланстык наркы 45 минималдууэмгек акыдан аз болгон сумманы түзгөндүктөн, топтун бүткүл баланстыкнаркы амортизациялык чегерүүлөрдүн курамында жылдык жалпы кирешеден чы-гарылып салынат."; г) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Салык салынуучужөнөтүүлөр боюнча кошумча нарк салыгын эсептөөнүн жана төлөөнүн тартибижөнүндө
нускамада: - преамбуласындагы "2004-жылдын октябры" деген сөздөр жана цифра-лар "2006-жылдын февралы" деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырсын; - 28-пункт төмөнкү мазмундагы "с)" жана "т)" пунктчалары менен то-лукталсын: "с) айыл чарба өндүрүүчүлөрү тарабынан өздөрү өндүргөн айыл чарбапродукцияларын жөнөтүү; т) айылдык товардык өндүрүүчүлөргө алардын өздөрү өстүргөн айылчарба продукцияларынын кайра иштетилген продуктуларын жөнөтүү."; - V бөлүм төмөнкү мазмундагы 28-1 жана 28-2-пункттар менен толук-талсын: "28-1. Экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн арналган негизгиөндүрүштүк каражаттарга белгиленген тартипте бажы алымдары жана жыйым-дары төлөнгөн шартта, Кыргыз Республикасынын аймагына иш жүзүндө КНСтөлөбөстөн алынып келинет, бирок мында КНСтин шартуу эсептелген суммасыжүктүн бажылык декларациясында чагылдырылууга тийиш; - КНС боюнча отчетто бажылык декларацияда көрсөтүлгөн кошумча нарксалыгынын суммасы КНСтин чегерилген суммасы катары каралып, ал бир элемезгилде Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 121 жана 122-статьяла-рына ылайык эсепке алууга таандык кылынат; - каржылык ижара (лизинг) үчүн арналган негизги өндүрүштүк кара-жаттарды алып келүү лизинг алуучу тарабынан лизинг келишимин көрсөтүүменен жүзөгө ашырылган негизги өндүрүштүк каражаттарды алып келүү ката-ры каралат; - эгерде Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде башкача каралба-са, аталган негизги өндүрүштүк каражаттарды андан ары жөнөтүүгө КНС са-лынат, бирок бул аларды импорттоодогу шарттуу эсептелген КНСтин сумма-сынан төмөн болбоого тийиш. 28-2. Эсепке алуу ыкмасын колдонуу максатында салык салынуучусубъект бажылык тариздөө жүргүзгөн бажы органына кошумча наркка салыгынтөлөөчү негизги өндүрүштүк каражаттарды алып келүүнүн ар бир фактысыбоюнча, КНС боюнча каттоо жөнүндөгү справканын (мындан ары - маалымкат)түп нускасын көрсөтүүгө милдеттүү. Маалымкат салык төлөөчү катталганжердеги салык органы тарабынан берилет. Салык органы тиешелүү арыз бе-рилген учурдан тартып үч күндүн ичинде маалымкат берүүгө милдеттүү, албир нускада жазылат жана берилген учурдан тартып 30 күнгө чейин жарак-туу болот. Салык органдары андан кийин бажы органдарынын маалыматтары мененсалыштыруу үчүн маалымкаттарды берүүнү эсепке алууну жүргүзүүгө мил-деттүү. Мында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик Бажыинспекциясы Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 148-статьясына ыла-йык негизги өндүрүштүк каражаттарды алып келүүнүн фактысы боюнча ар бирчарбакер субъект боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамле-кеттик салык инспекциясына ай сайын маалымат берип турууга милдеттүү. Чарбакер субъект тарабынан КНС боюнча салык органына отчет берүүдөнегизги өндүрүштүк каражаттарды алып келүү боюнча операциялар КыргызРеспубликасынын Салык кодексинин 148-статьясынын 3-бөлүгүнө ылайык от-чет боюнча тиешелүү түшүндүрмө катты берүү менен отчеттуулукта чагылды-рылат, анда алынып келинген продукциянын аталышы, саны, наркы, КНСтинсуммасы жана бажылык тариздөөнүн датасы чагылдырылууга тийиш. Шарттуу түрдө чыгарылган товарларга бажылык контролдукту жүзөгөашыруу үчүн жүктүк бажылык декларациянын "Бажы контролу" Д графасындабажы органдарынын кызмат адамы тарабынан милдеттүү тартипте "Ээликтенажыратуу укугусуз шартуу түрдө чыгаруу" деген жазуу жазылат, ал жээкте-лип коюлат, бул болсо "Шарттуу чыгаруу" штампы болуп саналат жана жекеномерлүү мөөр (ЖНМ) басуу менен күбөлөндүрүлөт. Негизги өндүрүштүк каражаттар ээликтен ажыратылган учурда (анданары жөнөтүү), ал Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жоболорунаылайык салык салынуучу жөнөтүү болуп саналат."; - 32-пункттун "г" пунктчасы төмөнкү редакцияда баяндалсын: "г) жүргүнчүлөрдү, кол жүктөрүн жана жүктөрдү эл аралык ташуулар-да; Эл аралык ташууларга эгерде ушундай ташуу Кыргыз Республикасындажайгашкан пункт менен башка мамлекетте жайгашкан пункттун ортосундажүзөгө ашырылса, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 702 жана703-статьяларына ылайык түзүлгөн ташуу келишиминин негизинде кызматтар-ды жөнөтүү таандык болот. Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 28-августундагы N 200 (кол ко-юлган учурдан тартып, б.а. 2003-жылдын 28-августунан тартып күчүнөкирген) Мыйзамынын нормаларына ылайык жүргүнчүлөрдү, кол жүктөрүн жанажүктөрдү эл аралык ташууга байланыштуу жумуштарды же кызматтарды жөнө-түүлөргө салык салынат жана бул норма 2004-жылдын 8-октябрына чейин жа-рактуу болуп саналат. Мисал: Аэропорттордогу жер бетинде тейлөө, аэронавигациялыктейлөөлөрдү көрсөтүү жана жүктү иштетүүдө (жүктөөдө, түшүрүүдө), ошон-дой эле бортто тамак-аш берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдө авиабилеттер-ди сатуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр ж.б.у.с. 2003-жылдын 28-августунан2004-жылдын 8-октябрына чейин салык салынуучу берүүлөр болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 142-1-статьясына ылайык,2004-жылдын 8-октябрынан тартып 150-1-статьяга ылайык эл аралык болупэсептелген ташуулардын бардык түрлөрү менен байланыштуу жумуштарды жанакызматтарды жөнөтүү, атап айтканда: жүктөө, түшүрүү, кайра жүктөө (ку-юу-толтуруу), экспедициялоо, авиациялык күйүүчү майды куюп берүү (куюпалуу), аэронавигациялык, метеорологиялык, жердеги - штурмандык, аэро-порттук жана жердеги тейлөө, техникалык тейлөө; борттогу тамак-аштардыжана суусундуктарды жөнөтүү жана жеткирүү, аба кемесин тазалоо боюнчакызматтар, авиа билеттерди сатуу жана брондоо боюнча кызматтар КНСтенбошотулган жөнөтүү болуп саналат,"; - XII бөлүм төмөнкү мазмундагы 54-1 пункт менен толукталсын:"54-1. КНСтин эсептик фактураларын катуу тартиптеги отчеттуулуктагыбланк катары колдонуунун, эсепке алуунун, сактоонун жана берүүнүн тар-тиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспек-циясы тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет."; - 55-пункт төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын: "Салык кодексинин 2006-жылдын 1-февралындагы редакциясындагы139-статьясынын нормаларына ылайык айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрКыргыз Республикасынын Салык кодексинин 130-статьясына ылайык кошумчанарк салыгын төлөөчү катары катталган фактысын жокко чыгарууга мил-деттүү. Эгерде айыл чарба товарын өндүрүүчү айыл чарба продукцияларынөндүрүүгө жана сатууга байланышпаган товарларды, жумуштарды жана кыз-маттарды жөнөтүүнү жүзөгө ашырса, анда ал ушундай ишке карата КНСтөлөөчү болуп калууга укуктуу, бирок ал мында айыл чарба багытындагысырьенун, товардык-материалдык продукциянын, даяр продукциянын калдык-тары, ошондой эле КНС боюнча катталган бүткүл мезгилдин ичинде айылчарба продукцияларын өндүрүү үчүн гана сатылып алынган жана пайдаланыл-ган негизги каражаттар боюнча эсептешүүгө милдеттүү. 2006-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Салык кодек-синин 139-статьясынын нормаларына ылайык үрөнчүлүк жана асыл тукум чар-баларынын үрөндөрдү, асыл тукум малды жана канаттууларды жөнөтүүсү КНСбоюнча бошотулган жөнөтүү болуп эсептелет."; д) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындаөндүрүлгөн товарлар боюнча акциз салыгын эсептөө жана төлөө жөнүндө
нускамада: - преамбуладагы "2004-жылдын октябрындагы" деген сөздөр жана сан-дар "2006-жылдын февралындагы" деген сөздөр жана сандар менен алмашты-рылсын; е) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жер салыгын эсептөөнүнжана төлөөнүн тартиби жөнүндө
нускамада: - преамбуладагы "2004-жылдын октябрындагы" деген сөздөр жана сан-дар "2006-жылдын февралындагы" деген сөздөр жана сандар менен алмашты-рылсын. 2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясына жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов