Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2014-жылдын 31-июлундагы № 427 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 12-майындагы № 348
токтому менен бекитилген
2006-2010-жылдарга
Кыргыз Республикасында безгекке каршы күрөшүүнүн
УЛУТТУК СТРАТЕГИЯЛЫК ПЛАНЫ
Кыскартуулардын тизмеси
Кыскартуу Кыскартуулардын аталышы
ДСУ Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму
ЮСАИД Эларалык өнүктүрүү боюнча америкалык агенттик
ИДП Ички дүњ продукт
Р. Плазмодиум
An. Анофелез
АМСЖ Алгачкы медициналык-санитардык жардам
АЭЭК Атайын эпидемияга каршы, эпизотияга каршы комиссия
ӨККК Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы
ВИЧ/СПИД, кургак учук жана безгекке каршы күрөшүү
боюнча өлкөлүк көп сектордуу координациялык комитет
ПУР Полимераза уланма реакция
ГМС Географиялык маалымат системасы
ДНК Дезоксирибонуклеин кислотасы
км Километр
МСЭКБ Мамсанэпидкөзөмөл борбору
ӨЭУ Өкмөттүк эмес уюм
ДАУ Дарылоо-алдын алуу уюму
Киришүү
Безгек оорусуна каршы күрөшүү Кыргыз Республикасынын Саламаттык
сактоо министрлигинин артыкчылыктуу милдеттеринин бири болуп эсептелет.
Улуттук стратегиянын максаты безгектин адамдардын ден соолугуна терс
таасирин мүмкүн болушунча азайтуу, ага колдо болгон акча каражаттарын
жана адам ресурстарын, ошондой эле бүгүнкү күндөгү технологияларды жана
каражаттарды колдонуу менен жетишүүгө болот.
2002-жылдын сентябрь айында ДСУнун Европа регионундагы өлкөлөр ка-
был алышкан безгек оорусуна каршы иштерди күчөтүүгө багытталган регион-
дук резолюция ушул инфекция менен байланышкан оорчулукту азайтуу жана
безгек эпидемиясын токтотуу боюнча мүмкүн болгон чараларды көрүүгө без-
гек оорусу жуккан бардык өлкөлөрдү, анын ичинде Кыргыз Республикасын да
чакырган. Акыркы жылдары Кыргыз Республикасында безгек оорусу менен оо-
ругандардын саны он эседен да көп азайышы (2002-жылы 2744 ооруган адам
катталса, 2005-жылы 226 учур катталган) региондук "Безгекти артка че-
гинтебиз" демилгесинин олуттуу жетишкендиктеринин бири болуп эсептелет.
Өлкөдө безгекке каршы күрөшүү жаатында жетишилген прогресс өлкөнүн,
ДСУнун, Эларалык өнүктүрүү боюнча америкалык агенттиктин (ЮСАИД) жана
башка өнөктөштөрдүн биргелешкен күч-аракеттеринин натыйжасы болду. Жу-
гуштуу ооруларга каршы күрөш жүргүзүү жолундагы ар бир жањы этап жањы
жана кыйла олуттуу максаттарга жана милдеттерге жетүүгө мүмкүндүк бе-
рет.
2005-жылы октябрда Ташкентте ДСУнун Европа регионунда безгек оору-
сун түп тамырынан жоюу боюнча региондук демилгеге арналган биринчи
кењешме өткөрүлдү, анда ДСУнун Европа регионунун өлкөлөрүндө "Безгекке
каршы күрөшүүдөн түп тамырынан жоюуга жетишүү" региондук декларациясы
кабыл алынган.
Бул декларация ДСУнун Европа регионуна кирген бардык өлкөлөрдү
2015-жылга карата Европа регионунда безгектин жугушун болтурбоодо коюл-
ган милдеттерди аткаруу боюнча ДСУнун европалык региондук бюросун жана
анын күч-аракеттерин колдоого чакырат.
1. Өлкө боюнча жалпы маалымат
Кыргыз Республикасынын Азия континентинин борборунда, Борбордук
Азиянын түндүк-чыгышында түндүк кењдиктин 390 жана 430-градустарынын
жана чыгыш узактыгынын 690 жана 800-градустарынын ортосунда жайгашкан.
Мамлекет түндүктө Казакстан Республикасы менен, түштүк-чыгышында жана
чыгышында Кытай Эл Республикасы менен, түштүк-батышында Тажикстан Рес-
публикасы жана батышында Өзбекстан Республикасы менен чектешет. Кыргыз
Республикасынын жаратылышы антропогендик жана жаратылыштык таасирлерге
өзгөчө аярлуу болгон бийик тоолуу (аймагынын 94%и дењиз дењгээлинен
1000 метрден ашык бийиктикте турат) экологиялык система түрүндө.
Кыргызстандын калкы географиялык көз караштан алганда жаратылыш-
тык-климаттык мүнөздөмөлөрү боюнча бири-биринен кыйла айырмаланган 5
негизги өрөөндө жашайт.
Негизги медициналык көрсөткүчтөр боюнча өлкөнүн калкынын ден соо-
лугу (ооругандык жана өлүм, дарыгерлердин, медициналык мекемелердин са-
ны ж.б.у.с.) Борбордук Азия республикаларынын ичинде ортонку абалды ээ-
лейт.
1991-жылы эгемендикке ээ болгон Кыргыз Республикасы азыркы учурга
чейин олуттуу социалдык-экономикалык проблемалар менен коштолгон калып-
тануу мезгилин баштан кечирүүдө. Экономикалык өсүшкө карабастан
2003-2004-жылдар үчүн 7% чегинде экономикалык кризис сакталууда. Калк-
тын дээрлик жарымы (45,9%) кедейчилик дењгээлинен төмөн жашайт.
2005-жылы 68,5 мињ жумушсуз расмий түрдө катталган, тышкы карыз ИДПнын
4,5%ин түзгөн. Саламаттык сактоого чыгымдар ИДПнын болгону 2,6%ин тү-
зөт.
2. Безгек боюнча жагдайды талдоо
Безгек Борбордук Азияда дээрлик унутулуп калган оору болсо дагы
1980-жылы өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн кайрадан чоњ коркунуч келтире
баштады. Бүгүнкү күндө ушул өлкөлөрдүн калкы болжол менен 14 миллион
адамды түзөт, анда калктын 30%и безгек жугуу коркунучу бар райондордо
жашайт.
Борбордук Азиядагы жагдай акыркы 10 жылда безгек проблемасынын тез
өсүшү менен курчуду. Акыркы жылдары эндемиялык безгек Тажикстан Респуб-
ликасында кайрадан жанданды. Эпидемиянын чыккан жерлери Кыргыз Респуб-
ликасы менен Түркмөнстанды кошкондо чектеш мамлекеттерде катталды. Без-
гектин споралуу учурлары жыл сайын Өзбекстан Республикасында жана Ка-
закстан Республикасында катталат. Бул өлкөлөр безгекке кыйла сезгич бо-
луп эсептелишет.
Акыркы бир нече жылда безгек эпидемиясы жана чыккан жерлери биздин
өлкөнүн түштүк жана түндүк региондорунда катталды. Безгек эпидемиясы
2002-жылы Кыргыз Республикасынын түштүгүндө олуттуу проблема болуп кал-
ды, Өлкөнүн бүткүл түштүк-батыш региону боюнча эпидемиянын тез өнүгүшү
байкалды. 2002-жылдын июлунан августуна чейинки мезгилде өлкөнүн сегиз
районунда безгек менен ооруган учурлар катталды, Безгек менен ооруп ка-
луу дењгээли бардык курактык топтордун ичинде ар бир 100 000 адамга 50
учурга жетти. Мунун көпчүлүк учурлары Тажикстан жана Өзбекстан менен
чектешкен райондордо катталды, 2002-жылдын акырына карата Кыргызстанда
Р.Vivах тибиндеги беэгек менен ооруган 2712 учур катталды. Ооругандар-
дын саны 2001-жылга салыштырганда 2002-жылы кескин көбөйүп, автохтондуу
безгектин гана 15 учуру катталды.
ДСУнун жана ЮСАИДдин региондук офисинин колдоосунда комплекстүү
алдын алуучу иш-чараларды жүргүзүүнүн натыйжасында безгек менен оору-
гандардын саны 2003-2005-жылдарда 465,93төн 226 учурга чейин кескин
кыскарды.
Ош облусунун Араван районунда тропикалык безгек (Р.falciparum) ме-
нен ооруган учурлар катталды. Массалык жүргүзүлгөн иш-чаралардын натый-
жасына тропиктик безгектин андан ары жайылышын токтотууга мүмкүн болду.
2005-жылы эпидемиологиялык жагдай Чүй облусунда жана борбор шаар-
дын чет жакаларында кескин татаалдашып, мында безгектин жерги-
ликтүүлөргө жуккан учурлары катталды.
Безгекти жугузуучулардын курамы - Анофелес түркүмүндөгү чиркейлер
- Аn. Pulchemirus, Аn. Superpictus, Аn. Hyrcanus, Аn. Martinius, Аn.
Claviger жана Аn. Messeae, Аn. Algeriensis - кыйла кењири, натыйжалуу
жана адекваттуу энтомологиялык контролду талап кылат.
3. Стратификация
Республиканын жаратылыштык-климаттык шарттары безгектин жерги-
ликтүү жугуусуна чоњ мүмкүнчүлүк түзөт. Безгекке чалдыгуу потенциалын
жана эпидемиялык процесстин таркашын эске алуу менен республиканын ай-
магын шарттуу түрдө үч зонага бөлүүгө болот:
1. Безгектин таралуу потенциалы жогору болгон зона - Ош, Жалала-
бат, Баткен облустары жана Ош шаары.
2. Безгектин таралуу потенциалы орточо болгон зона - Талас, Чүй
облустары жана Бишкек шаары.
3. Безгектин таралуу потенциалы төмөн болгон зона - Нарын, Ысыккөл
облустары.
Фергана өрөөнүнүн бир бөлүгүн камтыган биринчи зонада безгектин
жугуу сезону 4-5 айга созулат, ал эми температуралык режим инфекциянын
алтыга чейин айланышын камсыз кылат. Экинчи зонага Бишкек шаары жана
республиканын түндүк бөлүгүнүн эки өрөөнү - Чүй жана Талас өрөөндөрү
киргизилген. Бул зонада безгектин жугуу мезгили 3-4 айга созулуп, ин-
фекциянын 4-5 айланышы болот. Үчүнчү зонага Ысыккөл жана Нарын облуста-
рынын безгектин жугушу төмөн болгон бийик тоолуу райондору кирет.
Стратификация аркылуу негизги безгек жугуучу зоналарды бир түргө
келтирүүгө салттуу ыкмалардын ордуна кыйла прагматикалык ыкма пайдала-
нылат, ал безгекке каршы күрөшүүнүн конкреттүү методдору жана айрым
мүнөздөмөлөрүнүн ортосундагы байланышты аныктоону жана жергиликтүү
аныктамаларды эске алуу менен топтолгон эмпирикалык маалыматтардын жана
андан кийинки мүнөздөмөлөрдүн негизинде негизги экологиялык протиптер-
дин чектелген санын аныктоону карайт.
Оорунун көп түрдүүлүгү инфекцияга каршы күрөшүү боюнча ишчаралар-
дын бүтүндөй комплексин тандоо зарылдыгын да аныктайт, бул өткөн кылым-
дын 50-60-жылдарында пайдаланылган безгекти жоюу стратегиясынан ага
каршы күрөшүүнүн азыркы учурдагы стратегиясынын негизги айырмачылыкта-
рынын бири болуп эсептелет.
Бул тандоо оорунун ар бир аймактагы эпидемиологиялык өзгөчөлүгүн,
саламаттык сактоо кызматтарынын жалпы абалын, саламаттык сактоонун инф-
раструктурасынын түрдүү дењгээлдерине кадрларды даярдоонун дењгээлин
жана болушун, өлкөнүн финансылык мүмкүнчүлүктөрүнүн абалын, сыртган фи-
нансылык колдоо алуу ыктымалдыгын жана башка аспектилерди аныктайт.
Ушул жана башка бир катар факторлор артыкчылыктуу багыттарды тандоону
дагы аныктайт, мында ийгиликтин өбөлгөсү болуп жергиликтүү дењгээлде
бардык кызыкдар болгон тараптардын натыйжалуу ишмердиги эсептелет.
2006-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында карата безгекке каршы
күрөшүү боюнча улуттук стратегиялык план
Безгекке каршы күрөшүүнүн Улуттук стратегиялык планын иштеп чыгуу-
нун актуалдуулугу төмөнкүлөр менен шартталган:
- эпидемиянын масштабы жана өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын коргоо
зарылдыгы;
- ушул жагдайда иш-чараларды институтташтыруунун бышып жетилген
зарылдыгы;
- пилоттук долбоорлордон туруктуу өнүктүрүү моделине өтүү шартта-
рын түзүү талаптары.
Улуттук стратегиялык план безгек жаатындагы проблемаларды комп-
лекстүү чечүүгө багытталган. Ал ушул чөйрөдө өлкөдөгү болгон тажрыйбаны
эске алат, башка улуттук жана мамлекеттик программалар менен байланыш-
кан, ошондой эле көрсөтүлгөн меэгилге безгек жаатындагы мамлекеттик са-
ясаттын негизги багыттарын, стратегиялык максаттарын жана милдеттерин
чагылдырат.
Безгекке каршы күрөшүүнүн Улуттук стратегиялык планы калк арасында
системалуу туруктуу иш-чараларды уюштуруу жана безгектен жабыркаган
адамдарга жардам көрсөтүү жолу менен безгек эпидемиясына каршы күрөшүү
боюнча чараларды өркүндөтүүгө багытталган, аны ишке ашыруунун, укуктук
жана нормативдик базаларын жана башкаруу механизмдерин өркүндөтүүнүн,
безгекке каршы күрөшүү чөйрөсүндө башка маселелерди чечүүнүн ведомство-
лук пландарын иштеп чыгуу үчүн негиз болуп эсептелет.
Кыргыз Республикасында безгекке каршы күрөшүү боюнча ишаракеттерди
аныктоочу негизги принциптер болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- улуттук дењгээлде безгекке каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды
жалпы координациялоону Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн камсыз кылышы;
- анын өнүгүү божомолун эске алуу менен безгек проблемаларын
чечүүгө көп сектордуу ыкманы камсыз кылуу жана каршы аракеттенүү чара-
ларын жакшыртуу;
- мамлекеттик жана жарандык секторлордун өнөктөштүгүн күчөтүү;
- мониторингдин жана баалоонун натыйжалуу системасы аркылуу без-
гекке каршы күрөшүүгө каражаттарды чыгымдоо боюнча отчеттуулукту камсыз
кылуу;
- улуттук стратегияга ылайык жергиликтүү калк үчүн алгылыктуу бол-
гон иш-чараларды жүргүзүү;
- безгек менен ооруп калган учурларда комплекстүү дарыланууга жана
зарыл жардамдарды көрсөтүүгө калктын жетишин камсыз кылуу;
- саламаттык сактоонун улуттук кызматтарынын иштөө шарттарын жак-
шыртуу жана калкты мобилизациялоо жолу менен социалдык жана экономика-
лык кесепеттерди азайтуу.
Ушул принциптерди кармануу безгекке каршы күрөшүүнүн Улуттук стра-
тегиялык планынын жалпы максатына жетүүнүн маанилүү элементи болуп
эсептелет, ал Мињ жылдыкты өнүктүрүүнүн глобалдуу максаттарына туура
келет.
4. Стратегиялар
Безгекти кошкондо жугуштуу ооруларды контролдоо Кыргыз Республика-
сында саламаттык сактоо жагындагы негизги артыкчылыктардын бири болуп
эсептелет. Мамлекет безгекке каршы интенсивдүү күрөшүүгө милдеттенме
кабыл алган. 1999-жылы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо минист-
рлиги 2000-2005-жылдарга безгекти контролдоо боюнча максаттуу комплекс-
тик программаны иштеп чыккан. Программа ийгиликтүү ишке ашырылган, ант-
кени безгектин эпидемиялык таралышына коркунуч токтотулган, өлүмдү бол-
турбоо, безгек менен ооругандарды өэ учурунда аныктоо жана адекваттуу
дарылоо боюнча чаралар көрүлгөн.
Ушул Безгекке каршы күрөшүүнүн улуттук стратегиялык планынын орто
мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү мезгилдеги (2006-2010-жылдар) негизги
максаттары жана элементтери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- өлкөнүн аймагына тропикалык безгектин эпидемиялык таралышын жана
жергиликтүү жугуудан жањыланышын болтурбоо;
- ооруп калуунун жана үч күндүк безгектин кењири таралышын андан
ары азайтуу (100,0 мин адамга 5,0дөн төмөн дењгээлге чейин);
- безгек себеп болушу мүмкүн болгон өлүмдү болтурбоо;
- 2013-жылга карата Кыргыз Республикасында безгекке каршы
күрөшүүдөн аны жоюуга өтүүнү камсыз кылуу.
Безгекке каршы күрөш улуттук саламаттык сактоону өнүктүрүүнүн маа-
нилүү компоненти болууга тийиш. Социалдык, экономикалык жана саясий
өзгөрүштөр менен шартталган күтүүсүз жагдайлардын келип чыгышын эске
алуу менен эпидемиологиялык жагдайларды жакшыртууга багытталган такти-
калык ыкмаларды жана милдеттерди модификациялоону кайра кароо зарыл.
Улуттук стратегиялык план 2006-жылдан баштап ишке ашырууга кабыл
алынган ДСУнун Глобалдуу безгек программасына ылайык, өзгөчө инфекция-
нын жугуусун үзгултүккө учуратууга жетишилген жерлерде безгекке каршы
күрөшүүдөгү жетишилген ийгиликтерди кармап турууга багытталган чаралар-
ды ишке ашырууну карайт.
2010-жылга чейин стратегиялык программаны узартуу безгек менен оо-
руп калуу дењгээлин минимумга жеткирүүгө мүмкүндүк түзөт жана акырында
2013-жылга карата Кыргызстанда ушул ооруну толук жок кылууга мүмкүндүк
берет.
5. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин,
административдик ведомстволорунун жана жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдарынын стратегиялык милдеттери
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги төмөнкү стра-
тегиялык милдеттерди ишке ашыруу боюнча чараларды көргөн:
1. Безгекти контролдоо боюнча улуттук программанын институттук
мүмкүнчүлүктөрүн чыњдоо, саламаттык сактоо жаатында жалпы кызматтарды
көрсөтүү жана безгекке тиешелүү төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алуу үчүн
шарттарды түзүү:
- 2007-жылга карата безгекти контролдоо жана болтурбоо боюнча кол-
донулуудагы директивалык, нормативдик жана техникалык документтер
өркүндөтүлөт;
- 2006-2010-жылдарда ДСУ жана башка донор уюмдары тарабынан Улут-
тук стратегиялык планды пландоо жана ишке киргизүү үчүн техникалык жана
башкаруучулук, атайын билимдер жана колдоо көрсөтүү ишке киргизилет;
- техникалык жабдуулары бар окутуучу борборлор түзүлөт жана ишке
киргизилет;
- 2008-жылдын акырына карата борбордук, региондук жана райондук
дењгээлдерде безгекти контролдоо жана болтурбоого карата менеджмент,
программаларды, баалоону натыйжалуу ишке киргизүү программасы боюнча
саламаттык сактоо уюмдарынын 6ООдөн ашык жетекчиси окутулат жана кайра
даярдалат.
2. Безгекти эрте диагностикалоого жана тиешелүү дарылоого шарттар-
ды жана жетүүнү жакшыртуу:
- 2010-жылдын акырына карата менеджмент жана безгекти контролдоо
программасы боюнча АМСЖнын 2000ден ашык лаборанттары, дарыгерлери жана
фельдшерлери окутулат жана кайра даярдалат;
- 2006-2009-жылдарда 150 ДАУ микроскоптор жана башка лаборатория-
лык жабдуулар менен камсыздалат;
- 2010-жылдын акырына карата безгектин 100% татаал эмес учурлары
улуттук жана эларалык колдонмолорго ылайык өз учурунда диагностикалык
жана адекваттуу дарылоо менен камсыздалат;
- 2006-2010-жылдарда 100% жетүүнү камсыз кылуу менен безгекти да-
рылоо жана алдын алуу үчүн дары-дармек препараттарынын туруктуу запасы
түзүлөт.
3. Инфекцияны жуктуруучуларга туруктуу контролду ишке ашыруу:
- 2008-жылдын акырына карата безгекти жуктуруучуларга каршы
күрөштү уюштуруу жана жүргүзүү маселелери боюнча 200дөн ашык энтомолог-
дор, бонификаторлор жана дезинструкторлор окутулат жана кайра даярда-
лат;
- 2006-2010-жылдарда жуктуруучулардын экологиясын, биологиясын жа-
на морфологиясын, ошондой эле безгекти жуктуруудагы алардын ролун
изилдөө улантылат;
- 2006-2010-жылдарда жыл сайын 50 000 чейинки адам куммулятивдүү
түрдө импрегинирленген көшөгө (торчолор) менен корголот;
- 2006-2010-жылдарда инсектициддер сатылып алынат жана жуктуруучу-
ларга каршы үй ичинде жана тоскоолдуктуу иштетүүлөр жүргүзүлөт, ошондой
эле күрөштүн биологиялык методу (гамбузирлөө) колдонулат.
4. Безгек чыккан жерлерди жана эпидемияны өз учурунда аныктоо жана
алдын алуу үчүн шарттарды жакшыртуу:
- 2010-жылга карата безгектин чыккан жери жана эпидемиясы учурун
таануу жана аныктоонун системасы түзүлөт жана иштеши камсыз кылынат;
- 2006-2010-жылдарда эпидемиянын чыккан жерине эпидемиологиялык
контроль жүргүзүү үчүн республикалык жана облустук ДАУлардын жетектөөчү
адистеринин ичинен 2 мобилдүү топ ишке тартылат.
5. Мамлекеттик контролдоо механизмдерин күчөтүү:
- 2006-2010-жылдарда безгекке каршы иш-чараларды жүзөгө ашыруунун
мониторингинин жана баалоонун (көз карандысыздарды кошкондо) натыйжала-
ры республикалык, облустук, райондук жана шаардык АЭЭКтердин, Кыргыз
Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы ВИЧ/СПИД, кургак учук жана безгекке
каршы күрөшүү өлкөлүк көп сектордуу координациялык комитеттин СПИД,
кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча Глобалдуу фонддун гранттык
долбоорлорун ишке ашыруу бөлүгүндөгү (мындан ары ӨККК) заседаниелеринде
каралат;
- 2006-2008-жылдарда безгек боюнча эпидемиологиялык жана операция-
лык маалыматтар базалары жана ГМС системасы иштелип чыгат.
6. Изилдөөлөрдүн потенциалын күчөтүү:
- 2006-2010-жылдарда дары-дармек препараттарына сезгичтик, безгек-
тин кош бойлуу аялдардын жана наристе балдардын арасында күчөп кетиши,
инсектициддердин, ПУРдун жана ДНКнын таасирине жуктуруучулардын турук-
туулугу, ПУР жана ДНК технологияларынын мителерди изилдөө жана жуктуру-
учулардын эко-биологиясы жана морфологиясы жаатындагы изилдөөлөр жайыл-
тылат.
7. Безгектин алдын алууда калктын кабардар болуу жана түздөн-түз
катышуу дењгээлин жогорулатуу:
- 2006-2010-жылдарда максаттуу топтордун аракеттерин өзгөртүү жана
координациялоо максатында безгекке каршы күрөшүүгө жана алдын алууга
калктын аргандай топторунун жүрүм-турумдук реакцияларын изилдөө
жүргүзүлөт;
- 2006-2010-жылдарда безгек оорусунун жекече да, массалык да пайда
болушунун алдын алууга көмөктөшүүчү белгилүү көндүмдөрдү эл ичинде иш-
теп чыгуу боюнча аргандай акциялар, окутуучу семинарлар жана массалык
иш-чаралар жүргүзүлөт;
- 2006-2010-жылдарда калк үчүн окуу куралдары, кодонмолор, буклет-
тер, эскерткичтер иштелип чыгат жана таратылат;
- 2006-2010-жылдарда безгек менен ооруп калуу учурлары катталган
бардык райондордо жана айыл өкмөттөрүндө безгекке каршы күрөшүү боюнча
көмөктөшүү комитеттери түзүлөт жана ишке киргизилет.
Кыргыэ Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр
жай министрлиги Суу чарба департаментинин балансында турган ирригация-
лык жана коллектордук-дринаждык системаларда безгекке каршы иш-чаралар-
ды камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо минист-
рлиги менен тыгыз координацияны камсыздоо боюнча чараларды көрөт.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Кыргыз
Республикасында безгек боюнча эпидемиялык кырдаалдын кескин татаалдаш-
кан учурунда безгек эпидемиясына каршы күрөшүүгө Кыргыз Республикасынын
Саламаттык министрлигинин эпидемиялык фондуна каражаттарды бөлүүнү кам-
сыздайт.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- безгек боюнча жагымсыз жагдайлар болгон өлкөлөрдөн келген кач-
кындардын, жер которгондордун, убактылуу сезондук жумушчулардын жана
башка континенттин арасында безгекке каршы иш-чараларды уюштурууда жана
жүргүзүүдө көмөк көрсөтөт;
- безгек оорусу боюнча жагымсыэ жагдайлары бар өлкөлердөн (Африка
жана Азия өлкөлөрү) келген жарандардын эсебин алууну жана безгекке кар-
шы иш-чаралардын комплексин өз учурунда жүргүзүү үчүн Мамлекеттик сани-
тариялык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору менен маалымат алмашууну кам-
сыз кылат.
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлиги эпидемиологи-
ялык сезондун мезгилинде (апрель-октябрь) метрологиялык шарттар жөнүндө
ар жумалык маалыматтарды (абанын температурасы жана нымдуулугу, жа-
ан-чачындын өлчөмү жана шамалдын ылдамдыгы) Мамлекеттик санитария-
лык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине жана облустук Мамлекеттик
санитариялык-эпидемиологиялык борборлорго фенологиялык (энтомологиялык)
байкоо жүргүзүү жана безгекти жуктуруучуларга каршы натыйжалуу күрөш
жүргүзүү үчүн берүүнү камсыз кылат.
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын
Улуттук коопсуздук кызматы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын
Улуттук коопсуздук кызматынын Чегара аскерлери (макулдашуу боюнча),
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлиги саламаттык сактоонун жерги-
ликтүү мекемелери менен бирдикте өздүк курамдын, атайын контингенттин
ичинде жана безгек боюнча жагымсыз региондордогу жайгашкан жерлерде
безгекке каршы иш-чараларды жүргүзүшөт.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты ми-
нистрлиги безгекке каршы күрөшүү жана алдын алуу боюнча жалпы билим
берүүчү мектептерде, орто жана жогорку окуу жайларда агартуучулук иш-
терди жүргүзүүнү камсыз кылат.
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары
жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тиешелүү министрликтер
жана ведомстволор менен бирдикте:
- калк арасында безгек менен ооругандар катталган учурда безгектин
таралышын болтурбоо боюнча кечиктирилгис чаралардын комплексин иштеп
чыгуу менен атайын эпидемияга каршы комиссиялардын заседаниелерин
өткөрөт;
- жыл сайын иштетүү көлөмдөрүн пландоо максатында күрүч талаалары-
нын карталарын түзүшөт жана жањыртышат;
- күрүч талааларынын калктуу конуштардан 3 километрден аз аралыкта
жайгашуусуна тыюу салышат;
- бардык токтоп турган көлмөлөрдө (балыктуу көлчөлөрдөн башка) жа-
на күрүч талааларында (чектерди куйгандан кийин дароо) гамбузияларды
өстүрүү үчүн болгон резервуарларды калыбына келтирүү жана даярдоо боюн-
ча иш-чараларды жүргүзүшөт;
- арык тармагын өз учурунда жана системалуу тазалоону камсыз кылат
жана сугат сууларынын көлмөлөргө куюлушуна жана чарбага жараксыэ
көлмөлөрдүн түзүлүшүнө жол беришпейт;
- көп кабаттуу үйлөрдүн жертөлө жайларында канализациялык коммуни-
кацияларды оњ абалда кармоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрүшөт;
- чиркейлердин төлүнүн болушун болтурбоо максатында жертөлө жай-
ларды иштетүүнү жүргүзүүгө жана безгекти жуктуруучуларга каршы иш-
тетүүгө аймактык МСЭКБ менен өз учурунда контракттарды түзүүгө менчиги-
нин түрүнө карабастан коммуналдык чарба кызматтарынын, туракжай эксплу-
атациялык башкармалыктардын, ишканалардын, мекемелердин жетекчилерин
милдеттендиришет;
- тиешелүү аймакта эпидемияга каршы иш-чараларды аткарууга жооптуу
уюмдардын, мекемелердин, ишканалардын жетекчилерине талаптарды жогору-
латышат;
- безгекке каршы иш-чаралардын бүткүл комплексин аткарууга конт-
ролдукту камсыз кылышат.
6. Безгекке каршы күрөшүү боюнча Улуттук стратегиялык
планды аткаруунун мониторинги жана баалоо
Улуттук стратегиялык планды ишке ашыруунун натыйжалуулугуна, чы-
гымдарга жана натыйжаларга мониторинг регулярдуу статистикалык отчет
жана эпидемиологиялык көзөмөл системаларынын маалыматтарын каттоо,
ошондой эле саламаттык сактоо уюмдарында байкоо жүргүзүү аркылуу
жүргүзүлөт.
Мониторинг жана баалоо кайсыл тармактар көп күчтү талап кыларын
аныктоого жана реакция жасоону жакшыртууга көмөк бериши мүмкүн болгон
тармактарды аныктоого, ошондой эле Улуттук стратегиялык пландын конк-
реттүү иш-чараларынын натыйжалуулугун же максатка ылайыктуулугун анык-
тоого жардам берет.
Сарптоолор (стратегия, саясат, жетекчилик, каржылоо), процесс
(кадрдык ресурстар, даярдоо, материалдар), натыйжалар (калктын тобун
камтыган кызмат көрсөтүүлөр, камтуу дењгээли, жүрүм-турум формасын
өзгөртүү) жана таасир берүү (ооруп калуу, өлүм, социалдык-экономикалык
жашоо-турмуш абалы) сыяктуу негизги милдеттерди жана индикаторлорду
өлчөө жыштыгы көрсөткүчтөрдүн түрүнө жараша дайыма, ай сайын, жарым
жылда бир жолу жана жыл сайын жүргүзүлөт.
Мониторинг жана баалоо үчүн саламаттык сактоонун маалыматтык сис-
темасынын колдонулуудагы механизмин пайдалануу болжолдонот.
Безгектин алдын алууга жана коркунуч зонасында жашаган адамдарды
дарылоону, күтүүнү жана колдоону камсыз кылууга тиешелүү көрсөткүчтөр
саламаттык сактоо боюнча маалыматтардын колдонулуудагы маалыматтык ба-
засына кошулат.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы
ВИЧ/СПИД, кургак учук жана безгекке каршы күрөшүү
боюнча өлкөлүк көп сектордуу координациялык комитеттин
жана башка өнөктөштөрдүн (ӨККК) катышуусу
ӨККК өзүнүн жыйындарында Улуттук стратегиялык планды ишке ашыруу-
нун мониторинги жана баалоо боюнча отчетторду дайыма талкуулап турат.
Бул талкуулоону жүргүзгөнгө чейин мониторинг жана баалоо боюнча отчет-
тор ӨКККнын алдындагы мониторинг жана баалоо боюнча техникалык топ та-
рабынан талдоого алынат.
Эларалык уюмдар консультацияларды өткөрүү аркылуу маалыматтардын
сапатын тиешелүү контролдоону камсыз кылууда жана тууралыгын текшерүүдө
көмөк көрсөтүшөт. Маалыматтардын тууралыгын текшерүү жергиликтүү дењгэ-
элде атайын дайындалган эксперттердин контролду ишке ашыруусу үчүн ба-
руулар аркылуу дагы ишке ашырылат, мында маалыматтарды чогултуу, маалы-
маттарды чогултуу процессине түздөн-түз байкоо жүргүзүү, маалыматтарды
чогултууну контролдоо жана кайталап чогултуу, маалыматтарды тактоо ж.б.
ишке ашырылат. Адаттагы мониторинг менен катар эле жыйынтыктар менен
натыйжалардын ортосундагы байланышты жана алардын безгектин таралышына
таасирин аныктоо максатында эларалык жана улуттук эксперттердин катышу-
усу менен Улуттук стратегиялык планды ишке ашырууга баалоо жүргүзүү ка-
ралат.
Мониторинг жана баалоо процессинин натыйжалуулугуна негизденип
ӨКККнын ишмердигинин алкагында бардык кызыкдар тараптардын техникалык
жана институттук потенциалын чыњдоону камсыздоо боюнча күч-аракеттер
өркүндөтүлөт.
8. Безгекке каршы күрөшүүнүн Улуттук стратегиялык планын
ишке ашырууда өнөктөштүктү өнүктүрүү
Безгекке каршы күрөшүүнүн улуттук стратегиялык планын ишке ашыруу-
да өнөктөштүктү өнүктүрүү эларалык жана донор уюмдарынын техникалык жа-
на финансылык колдоосусуз, ошондой эле жарандык коомдун катышуусуз
мүмкүн эместей көрүнөт, ДСУдан техникалык өнөктөштүк, СПИД, кургак учук
жана безгекке каршы күрөшүү боюнча Глобалдуу фонд тарабынан безгекке
каршы күрөшүү боюнча өлкөлөрдүн күч-аракеттерин финансылык гранттык
колдоо республикада безгекти жењүүгө жана Безгекке каршы күрөшүүнүн
улуттук стратегиялык планынын бардык милдеттерин аткарууга жетишүүгө
мүмкүндүк берери шексиз.
Айыл өкмөттөрү, коммерциялык эмес уюмдар, ошондой эле жергиликтүү
диний уюмдар миграция жана башка процесстер жөнүндө маалыматтарды чо-
гултууга, маалыматтык-билим берүү компанияларын, түрдүү акцияларды жана
ишчараларды жүргүзүүгө катышат.
9. Каржылоо
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү СПИД, кургак учук жана безгекке кар-
шы күрөшүү боюнча Глобалдуу фондго 2006-2010-жылдарга безгекке каршы
күрөшүү жана алдын алуу боюнча программаны ишке ашырууда финансылык
жардам көрсөтүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылган. 2006- жылдын башында
Глобалдуу фонд 3 426 125 АКШ доллары суммасында "Малерия" компоненти
боюнча грант алууга өлкөлүк билдирүүнү колдоо жөнүндө чечим кабыл ал-
ган.
Андан сырткары ЮСАИДдин финансылык колдоосунда, техникалык
өнөктөштүктүн алкагында ДСУ чектеш кошуна мамлекеттердин региондорунда
безгекке каршы иш-чараларды колдойт.
Улуттук стратегиялык пландын жалпы эсептик бюджети 4322425 доллар-
ды түзөт, анын 3426125 доллары (79 %) СПИД, кургак учук жана безгекке
каршы күрөшүү боюнча Глобалдуу фонддун эсебинен пландалууда.