Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-майындагы № 373
токтому менен бекитилген "Врачтын депозити" ПРОГРАММАСЫ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 21-июнундагы № 240 токтомунун редакциясына ылайык) 1. "Врачтын депозити" программасы (мындан ары - Программа) "Врач-тын депозити" программасы боюнча келишим түзүү укугуна конкурстан өткөнврачтарды, ошондой эле жогорку медициналык билим берүү уюмдарынынбүтүрүүчүлөрүн мамлекеттик саламаттыкты сактоо уюмдарында бекитүүнүнукуктук жана уюштуруу негиздерин аныктайт. 2. Бул Программанын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат: - алыскы райондордо жана кичи шаарларда жайгашкан саламаттыктысактоо уюмдарын врачтар менен комплекттөө; - алыскы райондордо жана кичи шаарларда врачтарды бекитүү үчүн за-рыл социалдык-турмуш-тиричилик шарттарын түзүү. 3. Бул Программа төмөнкүлөрдү карайт: - "Врачтын депозити" программасы боюнча конкурстан өткөн жана бе-китилген формага ылайык келишим түзгөн врачтын атына депозиттик эсептиачууну; - врачтарга зарыл финансылык жана социалдык колдоо көрсөтүүнү. 4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Программа-ны турмушка ашыруу механизмин иштеп чыгат, Программа боюнча врачтардытоптоо жөнүндө конкурсту жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт. Конкурстук комиссия Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо ми-нистрлигинин буйругу менен түзүлөт. 5. Конкурска төмөнкүлөр катыша алат: - соњку 5 жылдын ичинде квалификацияны жогорулатуу курсунан өткөн45 жашка чейинки курактагы врачтар; - жогорку медициналык билим берүү уюмдарынын тиешелүү аттестация-лоодон жана мамлекеттик каттоодон өткөн бүтүрүүчүлөрү; - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги аныктоочуКыргыз Республикасынын алыскы райондорунун жана чакан шаарларынын сала-маттык сактоо уюмдарында иштөөчү врачтар. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-июнундагы N 240токтомунун редакциясына ылайык) 6. Конкурска катышуу үчүн врачтар төмөнкүдөй документтерди берет: - арызды (эркин формада); - резюмени; - жогорку медициналык билим жөнүндө дипломдун көчүрмөсүн; - дипломдон кийинки билим жөнүндө сертификатты; - квалификацияны (соњку 5 жылдын ичинде) жогорулатуу жөнүндөкүбөлүктү; - эмгек китепчесинин көчүрмөсүн; - фотосүрөттү (3x4) - 2 даана. 7. Программа боюнча ишмердикти жүзөгө ашыруучу врачтардын санынКыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги аныктайт. 8. Врачтын депозиттик эсеби "Эсептешүү-сактык компаниясы" ачыктиптеги акционердик коомунун филиалдарында Кыргыз Республикасынын Сала-маттык сактоо министрлиги тарабынан ачылат (мөөнөттүү, проценттик). Булэсепке Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 3 жыл боюай сайын 3000 (үч мињ) сомдон акча которуп турат, мында Кыргыз Респуб-ликасынын Саламаттык сактоо министрлиги Программага катышкан врачтынакча каражаттарын төлөө жөнүндө чечим кабыл алган жана жазуу жүзүндөгүтиешелүү билдирүүнү алган күнү киреше алган булактан салык кармалат. Салыкты кармоо механизмин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган КыргызРеспубликасынын мыйзамдарына ылайык белгилейт. 9. Келишимдин негизинде врач иштеп жаткан саламаттыкты сактоо уюмуанын иши жөнүндө жарым жыл сайын Кыргыз Республикасынын Саламаттык сак-тоо министрлигине маалымдап турат. 10. Врач иштин биринчи жылы аяктагандан кийин саламаттыкты сактооуюмунун жетекчисинин жазуу жүзүндөгү ырастоосунун негизинде жылдык сум-манын (18000 сом) 50 %ин алууга укуктуу. Андан кийин, ар бир жарым жыл-да, врач иштеп берген мезгил үчүн саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчи-синин жазуу жүзүндөгү ырастоосунун негизинде 18000 сом алууга укуктуу.Врач иштин биринчи жылынын жылдык суммасынын (18000 сом) калган 50 %иналардын проценттери менен бирдикте келишимдин колдонулушунун мөөнөтүаяктагандан кийин гана ала алат. 11. "Врачтын депозити" программасына катышуу үчүн конкурстан өткөнжана жүйөөлүү себептерден улам (контрактыга кол койгонго чейин, ошондойэле андан кийин) ишке киришпеген врачтар белгиленген тартипте КыргызРеспубликасынын Саламаттык сактоо министрлигинин уруксаты менен башкаайыл жериндеги ушундай эле саламаттыкты сактоо уюмуна жањы бөлүнүү алу-уга жана долбоорго катышууну улантууга укуктуу. 12. Эгерде врач саламаттыкты сактоо уюмунда келишимге ылайык толук3 жыл иштеп бербесе, анын депозиттик эсебинде топтолгон акча каражатта-ры Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин өздүк эсеби-не кайра кайтарылат. 13. Программаны каржылоо республикалык бюджеттин Кыргыз Республи-касынын Саламаттыкты сактоо министрлиги үчүн каралган каражаттарынынжана эларалык донор уюмдардын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.