Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 23-майындагы № 376 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Башталгыч кесиптик билим берүү системасынын кызматкеринин күнүн белгилөө жөнүндө Кыргызстанда 1942-жылдын 15-апрелинде Кыргыз Республикасынын башталгыч кесиптик билим берүү системасына негиз түзгөн Эмгек резервдеринин башкы башкармалыгы уюштурулганын, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүктүрүүдө жумушчу кадрларды даярдоонун ролун көнүлгө алып Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтү токтом кылат: 15-апрель Кыргыз Республикасынын Башталгыч кесиптик билим берүү систе-масынын кызматкеринин жыл сайын белгиленчү күнү болуп аныкталсын. Премьер-министр Ф.Кулов