Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы № 454 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 23-майындагы № 375 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ «Азия - кызматташтыктын жана тынчтыктын аймагы» деген ураандын алдында Ыссыккөлдө VI эл аралык спорттук оюндарды өткөрүү жөнүњдө Эл аралык байланыштарды чыњдоо, сергек турмуш образын үгүттөмаксатында, «Азия - кызматташтыктын жана тынчтыктын аймагы» дегенураандын алдында Ыссыккөлдөгү VI эл аралык спорттук оюндардынкатышуучуларынын көп сандаган кайрылууларын эске алып КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. 2006-жылдын 5-12-сентябрында Ысыккөл облусунун Чолпоната шаарында«Азия - кызматташтыктын жана тынчтыктын аймагы» деген ураандын алдындаЫссыккөлдөгү VI эл аралык спорттук оюндар өткөрүлсүн. 2. «Азия - кызматташтыктын жана тынчтыктын аймагы» деген ураандыналдында Ыссыккөлдөгү VI эл аралык спорттук оюндарга даярдануу жанаөткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин тиркелген курамы бекитилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Денетарбия жана спортбоюнча мамлекеттик агенттик «Азия - кызматташтыктын жана тынчтыктынаймагы» деген ураандын алдында Ыссыккөлдөгу VI эл аралык спорттукоюндар жөнүндө жобону иштеп чыксын жана бекитсин. 4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Ыссык-көлдөгү VI эл аралык спорттук оюндарга даярданууга жана өткөрүүго байланыштуу чыгымдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштууДенетарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке 2006-жыл үчүнкаралган каражаттардын чегинде өз убагында каржылоону камсыздасын. 5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Ыссыккөлдөгү VI эларалык спорттук оюндарды өткөрүүнүн коопсуздугун камсыз кылсын. 6. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Ыссыккелдөгү VI эларалык спорттук оюндарга катышуучу командалардын мүчөлөрүнө визалардытариздөөгө өз убагында жардам көрсөтсүн. 7. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ЫссыккөлдөгүVI эл аралык спорттук оюндардын катышуучуларын медициналык тейлөөнүкамсыз кылсын. 8. Кыргызстандын Профсоюздар федерациясына Ыссыккөлдөгү VI эл аралыкспорттук оюндардын катышуучуларына жашоочу жай даярдоону жанатамактануусун уюштурууну контролго алуу сунушталсын. 9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүүбашкармалыгына жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-майындагы № 375 токтому менен бекитилген "Азия - кызматташтыктын жана тынчтыктын аймагы" деген ураандын алдында Ыссыккөлдөгү VI эл аралык спорттук оюндарга даярдануу жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы Кулов Ф.Ш. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы,Асанов Б.Ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Денетарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары,Рогатин Б.Н. - Спорттук уюмдардын эл аралык конфедерациясынын президенти, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча). Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: Жапаров А.Ү. - Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министри,Жекшенкулов А.Ж. - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри,Ниязов Ш.Н. - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри,Суталинов М.А. - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри,Сарыбаев А.М. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги,Кыдыралиев У.Т. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Денетарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары,Молдокасымов К.С.- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадио компаниясынын башкы директору,Бозгунбаев С.Б. - Кыргызстандын Профсоюздар федерациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча),Саралинов М.Н. - кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпиада комитетинин президенти (макулдашуу боюнча),Өмүралиев Э.К. - Ысыккөл облустук мамлекеттик администрациянын башчысы- губернатор,Мансуров Т.И. - Ысыккөл облусунун Ысыккөл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы.