Загрузка документа…
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 24-майы N 380
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргызэнерго" акционердик коомун мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү программасынын үчүнчү этабынын 3-пунктуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө жана төртүнчү этабын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 366 токтомун кайра сурап алуу жөнүндө жана "Кыргызэнерго" акционердик коомун мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү программасынын үчүнчү этабынын 2 жана 3-пункттарына өзгөртуүлөрдү киргизүү жөнүндө жана төртүнчү этабын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоору тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-апрелиндеги N 142 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргызэнерго" акционердик коомунун базасында түзүлгөн жылуулук жана электр бөлүштүрүүчү компаниялардын иштешинин натыйжалуулугун жогорулатуу, тике инвестицияларды тартуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясынын негизинде "Кыргызэнерго" акционердик коомун мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү программасынын үчүнчү этабынын 3-пунктуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө жана төртүнчү этабын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун "Токтогул гидроэлектрстанциялар каскадынын жана улуттук жогорку чыңалуудагы электр өткөргүч линиялардын өзгөчө статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргызэнерго" акционердик коомун мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү программасынын үчүнчү этабынын 3-пунктуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө жана төртүнчү этабын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 366 токтому Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен кайра сурап алынсын жана ал күчүн жоготту деп табылсын.
2. "Кыргызэнерго" акционердик коомун мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү программасынын үчүнчү этабынын 2 жана 3-пункттарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө жана төртүнчү этабын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбооруна макулдук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министри жогоруда аталган токтом долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-апрелиндеги N 142 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Бул токтом кезексиз тартипте кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр Ф.Кулов