Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 29-майы № 384 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2006-жылдын I кварталы үчүн Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2006-жылдын I кварталында сакталганмакроэкономикалык туруктуулуктун фонунда экономикалык өсүштүн дурустенденциясы улантылгандыгын белгилейт. ИДП өндүрүшү ушул жылдын I кварталында өткөн жылдагы ушундай мез-гилге салыштырганда 2,4 процентке, ал эми "Кумтөр" кенин иштетүү боюнчаишканаларды эсепке албаганда - 6,5 процентке көбөйгөн. Инфляция 3 процентти түздү жана күйүүчү-майлоочу материалдарга,кантка, курулуш материалдарына баанын өсүшүнөн улам өткөн жылдын ян-варь-мартындагы дењгээлден жогору болду. АКШ долларына карата сомдун алмашуу курсунун туруктуулугу сактал-ды. 2006-жылдын январь-мартында тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү өткөнжылдын тийиштүү мезгилине карата 25,7 процентке өстү жана 511,4 млн.АКШ долларын түздү. Мында экспорт негизинен алтын берүүлөрдүн эсебинен5,9 процентке, ал эми импорт - 39,2 процентке көбөйдү. Импорттун өсүштемпинен экспорттун өсүш темпи алдыга кеткендигине карабастан 160,8млн. АКШ доллары өлчөмүндө соода балансынын терс сальдосу түзүлдү. Мамлекеттик бюджеттин жалпы кирешеси 2006-жылдын I кварталында4862 млн.сомду түздү, бул өткөн жылдын тиешелүү дењгээлинен 15,4 про-центке көп. Бюджеттик кирешелердин көбөйүшү негизинен салыктык түшүү-лөрдүн 15,1 процентке өсүшү менен шартталган. Мында Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясы 2023,7 млн. сомөлчөмүндө мамлекеттик бюджетке түшүүлөрдү камсыз кылган, бул өткөн жыл-дын тиешелүү көрсөткүчүнөн 28,1 процентке көп, ал эми Кыргыз Республи-касынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясы - 2159,0 млн.сом түшүргөн же 5,4 процентке көп. Ошону менен бирге айрым ири ишканалардын салыктык төлөмдөрү боюнчакарыздары бар. Жалпысынан республика боюнча 2006-жылдын 1-апрелине ка-рата салыктар боюнча карыз 1402 млн. сомду түзгөн, анын үстүнө жалпыкарыздын 76,3 проценти энергетика компанияларына туура келет. 2006-жылдын I кварталы үчүн республикалык бюджеттин учурдагы чы-гымдары (мамлекеттик карызды жоюуга жумшалган сарптоолорду эсептебеген-де) 3742,4 млн. сомду түзгөн жана өткөн жылдын ушундай мезгилине салыш-тырганда 423,0 млн. сомго же 12,7 процентке көбөйгөн. Учурдагы чыгым-дарды каржылоодо корголгон статьялар артыкчылыктуу болуп саналды, аларбоюнча 2006-жылдын I кварталында 2457,6 млн. сомго кредиттер ачылган. 2006-жылдын I кварталында мамлекеттик карызды жоюуга байланыштуучыгымдар 539,3 млн. сомду түздү, алардан тышкы карызды жоюуга 155,7млн. сом жана ички карызды жоюуга - 383,7 млн. сом жумшалды. Кредиторлордун Париж клубунун чечимине ылайык тышкы карызды рест-руктуралаштыруу боюнча сүйлөшүү процесси аякталды жана 2006-жылдын9-мартында Түркия Республикасы менен Макулдашууга кол коюлду. 2006-жылдын I кварталында бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кре-диттер боюнча чарбакер субъекттердин карыздарын жоюу эсебине республи-калык бюджетке 180,5 млн. сом түшкөн, бул 2005-жылдын ушундай мезгилинесалыштырганда 20,6 процентке көп. Мурда бөлүнгөн бюджетгик ссудалар, чет өлкөлүк кредиттер, ЯпонияӨкмөтүнүн гранты жана Мамлекетгик материалдык резервден алынган товар-дык кредиттер боюнча чарбакер субъекттердин кыйла мөөнөтү өткөн карыз-дары сакталууда. 2006-жылдын 1-январындагы абал боюнча бюджеттик ссуда-лар жана чет өлкөлүк кредиттер боюнча карыздардын калдыгы 18,4 млрд.сом, анын ичинде мөөнөтү өткөн карыз 4,9 млрд. сом. "Кыргызстандынулуттук электр тармактары" ачык акционердик коомунун (мындан ары -ААК), "Электр станциялары" ААКынын "Ала-Тоо" мейманканалык-ресторанкомплексинин жана башкаларынын бир топ мөөнөтү өткөн карыздары бар. 2006-жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча өнөр жай өндүрүшүнүнкөлөмү 8,8 процентке, негизинен "Кумтөр" кенин иштетүү боюнча ишкана-лардан улам кыскарып кеткен. Алтын өндүрүүнү эсепке албаганда өнөр жайөндүрүшүнүн көлөмү 9,1 процентке өстү (2005-жылдын I кварталында - 2%). Өндүрүш көлөмдөрүнүн көбөйүшү тамак-аш азыктар өндүрүшүндө, текс-тиль жана тигилүү буюмдар, нефтепродуктулар, резина жана пластмасса бу-юмдары, машиналар жана жабдуулар өндүрүшүндө камсыз кылынды. Машина куруу ишканаларында ("Дастан" трансулуттук корпорациясы"акционердик коомунда (мындан ары - АК), "Оштогу чөктүрмө насостор заво-ду" жоопкерчилиги чектелген коомунда (мындан ары - ЖЧК), "Авточогултуузаводу" АК, "Кызыл-Кыя машзаводу" АК, "Кыргызхимияметаллургиялык заводу- Астра" ЖЧК), пахта тазалоочу заводцордо ("Ак-Ниет" ЖЧК, "Лиматекскорпорациясы" ЖЧКнын Оштогу жана Ноокендеги филиалдары), ошондой элетекстиль тармагынын ишканаларында ("Тевиз" ЖЧК, "Бияз" ЖЧК, "Бишкеккендир фабрикасы" АК) продукция чыгаруу көбөйгөн. Ошону менен бирге эле көмүр казып алууда, нефтегаз чыгарууда, цел-люлоза-кагаз, басма жана полиграфиялык, курулуш материалдарын чыгаруу-да, өнөр жайдын металлургиялык тармактарында продукция чыгаруу кыскар-ган. Отчеттук мезгилде "Майлуусуу электрлампа заводу" АК, "OREMI" АК,"Кайыњды кабель заводу" АК, "Автомаш-радиатор" ЖЧК, "Бишкек машина ку-руу заводу" (мындан ары - "БМЗ") АК, "Хайдаркан сымап комбинаты" АК жа-на башкаларда продукция чыгаруу көлөмү кыскарган. 2006-жылдан тартып мурда токтоп турган бир катар ишканалар, аныничинде "Кыргыз-Кытай кагаз фабрикасы" ААКы (гигиеналык кагаз чыгаруубоюнча цех), Бишкек штамптоочу заводу ("БШЗ") мамлекеттик ишканасы,"Канттагы жергиликтүү илээшкек материалдар заводу" АК, "Ош-Жибек" АК(чийки сырьедон даки чыгаруу боюнча өндүрүш) ишке киргизилди. 32 жањы ишкана, анын ичинде Ош шаарында - 5, Бишкек шаарында - 11,Ош облусунда - 4, Ысыккөл облусунда - 4, Чүй облусунда - 1, Жалалабатоблусунда - 3, Талас облусунда - 4 ишкана ачылды. Өнөр жай секторунун ишканаларына, республиканын экономикасына жанаагроөнөр жай комплексине мамлекеттик колдоо көрсөтүү, алардын финансы-лык-экономикалык абалын турукташтыруу максатында Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү "Чет өлкөлүк кредиттер жана бюджеттик ссудалар боюнча мөөнөтүөткөн карыздары бар Кыргыз Республикасынын экономикасынын жана агроөнөржай комплексинин өнөр жай секторунун чарбакер субъекттерине мамлекеттикколдоо көрсөтүү жөнүндө" 2006-жылдын 3-февралында № 65
токтом кабыл ал-ган. Ишканаларды финансылык жактан жакшыртууда "Эсептелген проценттер,финансылык жана айыптык санкциялар боюнча карыздарды реструктуралашты-руу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-мартындагы № 50
Мый-замы жакшы роль ойноду. Жалпысынан негизги сумма боюнча 56,7 млн.сом же9,5 процент кем төлөөлөр жоюлду, 349,7 млн. сом же 31,7 процент сумма-сындагы проценттер жана санкциялар эсептен чыгарылды. Жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын натыйжалуу иштешине комплекстүүанализ жүргүзүү үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, ага комп-лекстүү анализ жүргүзүү жана зарыл учурда Мыйзамдын жањы долбоорун да-ярдоо тапшырылган. "БМЗ" АКнын туруктуу иштешин камсыздоо үчүн Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн 2006-жылдын 11-январындагы № 6
токтому менен 2010-жылга чейин"Бишкек машина куруу заводу" ААКын кайра жаратуу жана экономикалык жак-тан өнүктүрүү программасы бекитилген. "Ислам өнүктүрүү банкынын кредити боюнча "OREMI" ААКнын карызынреструктуралаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жыл-дын 20-январындагы № 24
токтому кабыл алынган. Отчеттук мезгилде өнөр жай продукциясынын көлөмдөрү Баткен(3,5%ке), Талас (6,9%ке) облустарында, Ош (4,5%ке) жана Бишкек(52,7%ке) шаарларында өскөн. Ысыккөл (35,5%ке), Нарын (23,6%ке), Ош(3,7%ке), Чүй (24,9%ке) облустарында өнөр жай продукциясын чыгаруу кыс-карган. 2006-жылдын 1-январындагы абал боюнча даяр продукциянын калдыктарыөткөн жылга салыштырганда 11,3 процентке (алдын ала маалыматтар боюнча)азайган жана суммардык көрүнүштө 2 млрд. сомду түзгөн. Мындай азаюу та-мак-аш өнөр жай продукциясынын (22,8%ке) жана машиналар менен жабдуу-лардын (49,7%ке) эсебинен болгон. 2006-жылдын март айынын ичинде өнөр жайдагы 598 ири жана орто иш-каналардан 174ү толугу менен токтоп турган, алардан 38и жыл башынан иш-тебейт. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети эки жылданашуун иштебеген ири жана орто ишканаларды реестрден чытарган. 2006-жылдын I кварталында айыл чарбасындагы өсүш өткөн жылдындењгээлинен бир аз ашып, 100,9 процентти түздү. Азыркы убакта жаздык айыл чарба өсүмдүктөрүн айдап себүү улантылу-уда. 2006-жылдын 15-апрелине карата жаздык өсүмдүктөр 118,7 мињ гектар-га себилген же өткөн жылдын тийиштүү датасына салыштырганда 46,5 мињгектарга көп. Буудай 37,7 мињ гектар аянтка себилген же 11,7 мињ гек-тарга көп, кант кызылчасы - 1,2 мињ гектарга себилген же эки эсеге көп.Жалпысынан быйылкы жылы түшүмгө жаздык өсүмдүктөрдү айдап себүү өткөнжылдагы темптен алдыда баратат. Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатын-да жаздык буудай өсүмдүктөрүнүн 5 мињ тоннадан ашуун үрөнү, 2,5 мињтонна минералдык жер семирткичтер товардык кредиттер түрүндө берилген.Мамлекеттик материалдык резервден 20 мињ тонна азык-түлүк буудай даныжана 5 мињ тонна дизель отуну чытарылган. Кант кызылчасын өндүрүүгө, кант кызылчасын себүү аянттарынкөбөйтүүгө быйылкы жылы айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн кызыгууларын арт-гыруу үчүн республиканын кызылчачыларына 2006-жылдагы кант кызылчасынынтүшүмүн кабыл алуу жана кайра иштетүү шарттары жакшыртылган (1 тоннанынсатып алуу баасы 1250дөн 1400 сомго чейин жогорулаган). Кезектеги туристтик сезонго даярдык боюнча бир катар иш-чараларжүргүзүлгөн. Туризм чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө Кыргыз Республи-касынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда Макулда-шууга кол коюлган. Туроператорлор жана жаппыга маалымдоо каражаттарыүчүн Кыргызстандын туристтик потенциалынын бетачары өткөн. "Кыргыз ту-ризм" ассоциациясы жана Кыргызстандын 7 туристтик фирмасы Москва шаа-рында "Интурмаркет 2006" биринчи эл аралык туристтик көргөзмөгө катыш-ты. "Туризм жана Саякат" КIТF-2006 Казакстан эл аралык 6-туристтик жар-манкеге катышуу пландаштырылууда. Орун алган проблемаларды оперативдүү чечүү максатында атайын штабтүзүлөт, ага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана туроператорлор ки-рет. 2006-жылдын I кварталында курулушка 1050,5 млн. сом капитапдык са-лымдар жумшалды, бул өткөн жылдын тийиштүү дењгээлине караганда 3 про-центке көп. Калктын каражаттарынын эсебинен негизги капиталга инвести-циялар 11 процентке, жергиликтүү бюджеттен - 2,4 эсеге, чет өлкөлүк ти-ке инвестициялардан - 2,2 эсеге жана чет өлкөлүк гранттар менен гумани-тардык жардам эки эсеге көбөйгөн. 2006-жылдын I кварталында курулуштун дүњ продукциясынын көлөмү919,4 млн. сомду түздү жана 7,7 процентке өстү. Бишкек-Ош, Тараз-Та-лас-Суусамыр автожолдорун реконструкциялоо, Жалалабат шаарында пахтаныкайра иштетүүчү завод, Бишкек шаарында соода борборун жана социалдыкинфраструктура объекттерин куруу ишке ашырылууда. Ушул жылдын I кварталында Жалалабат облусунда асфальт бетон заво-ду, соода жана тейлөө чөйрөлөрүнүн ишканалары, кондитердик буюмдарды,эмеректерди чытаруу боюнча цех, Бишкек шаарында типография пайдалануугатапшырылды. Өздөштүрүлгөн инвестициялардын көлөмдөрү Баткен облусунда (4,1эсеге), Талас (2,3 эсеге), Нарын (1,7 эсеге), Жалалабат облустарында(1,4 эсеге) жана Ош шаарында (1,3 эсеге) өстү. 2006-жылдын I кварталында жалпы аянты 71,8 мињ квадрат метр 675квартира пайдаланууга тапшырылды, бул 2005-жылдын I кварталындагыдењгээлге карата 84 процентти түзөт. Кирешелери төмөн жана орто дењгээлдеги жарандарды турак жай мененкамсыздоо боюнча милдеттерди чечүү үчүн каржылоонун төмөнкүдөй багытта-ры сунушталат: турак жайлык кредиттөөнүн топтоо системасынын чектериндежаш мугалим/врач үчүн турак жай жана социалдык турак жайды үлүштүк ку-руу. 2006-жылдын I кварталында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө реалдууөсүш 8,4 процент дењгээлинде белгиленди, бул өткөн жылдын ушундай мез-гилинен 3,1 проценттик пунктка жогору. Орточо айлык номиналдуу эмгек акы 2006-жылдын февралында 8,2 про-цент дењгээлиндеги реалдуу өсүш менен 2549,8 сомду түздү. Минималдуукеректөө бюджетинен орточо айлык эмгек акынын жогору болушу (1944,1сом) 2006-жылдын февралында 31,2 процентти түздү. 2006-жылдын 1-апрели-нен тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 7-декабрындагыN 561 "Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттарыжөнүндө" токтомуна ылайык Бирдиктүү тарифтик торчонун баштапкы (бирин-чи) разрядынын өлчөмү 340 сом суммасында белгиленди. Бирдиктүү тарифтик торчо боюнча эмгек акы алышкан кызматкерлердинкызмат маяналарындагы айырмачылыкты тењештирүү үчүн 2006-жылдын 1-апре-линен тартып төмөнкүлөрдүн кызмат маяналары жогорулатыл ды: - 50 процентке - илимий мекемелердин, жогорку окуу жайлардын, со-циалдык төлөмдөр боюнча борборлордун кызматкерлеринин, үй-үйлөргө бару-учу социалдык кызматкерлердин; 35 процентке - мамлекеттик маданият мекемелеринин кызматкерлери-нин; - 15 процентке - кары-картањдар жана майыптар үчүн үйинтернаттары-нын, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кызматкерле-ринин. 2006-жылдын 1-январынан тартып пенсиялардын базалык бөлүгү 258ден293 сомго чейин же 13,5 процентке жогорулатылды. 2006-жылдын 1-майынантартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмү жогорулатылды, эм-гек акыга карата түзөтүү коэффициенттеринин өлчөмү 1,3 эсеге жана пен-сияларды эсептөө үчүн эмгек акынын жогорку дењгээлинин өлчөмү 2000 сом-го чейин жогорулады. Натыйжада бүгүнкү күндө республика боюнча пенсия-лардын орточо өлчөмү 874 сомду түздү, бул 2006-жылдын 1-январына салыш-тырганда 94 сомго көп. Азыркы убакта транспортко, газга жана электр энергиясына берилүүчүжењилдиктерди акчалай төлөмдөргө өткөрүү маселеси изилденүүдө. Талкуу-лоолордун жыйынтыктары боюнча пособие алуучулардын сунуштары жанасын-пикирлерин эске алуу менен нормативдик укуктук актылардын долбоор-лору иштелип чыгат. Өз алдынча жумуш издегендерди эске алганда жалпы жумушсуздардындењгээли 2006-жылдын 1-апрелине карата 9,9 процентти түздү, бул2005-жылдын ушундай мезгилинен 0,5 процентке көп. 2006-жылдын 1-апрелине карата 24,4 мињ жумуш орундары түзүлдү жанакалыбына келтирилди (ишкерлердин эсебинен -1,8 мињ жумуш орду, чаканжана орто бизнести өнүктүрүүнүн эсебинен - 10 мињ жумуш орду, айыл чар-басын өнүктүрүүнүн эсебинен - 3,2 мињ жумуш орду). Республикалык бюджеттин эсебинен мектептерди куруу жана капитаддыкоњдоо проблемаларын чечүү максатында азыркы убакта тиешелүү тизме даяр-далууда. Биринчи кезекте ага авариялык абалда турган, көчкү жүрүү кор-кунучундагы, өрттөн бузулган, окуучулары чатырларда окуп жаткан мектеп-тер киргизилет. Экономиканын андан ары туруктуу өнүгүшү үчүн шарттарды түзүү жана2005-жылдын 15-октябрындагы республикалык кењешмеде, Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-майындагы заседаниесинде Кыргыз Респуб-ликасынын Президенти койгон милдеттерди чечүү максатында Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялыкведомстволордун, облустардын мамлекеттик администрацияларынын, Бишкекжана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкармалыктарынын, мамле-кеттик ишканалардын жетекчилери жооптуу кызматкерлердин аткаруу тарти-бин жогорулатышсын, Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган чечимдерди өз учурунда жанатолук аткарууга туруктуу контролдукту камсыз кылышсын, атап айтканда: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы № 616"2006-жылы тездетилген экономикалык өсүштү камсыздоо боюнча Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнүн конкреттүү ишаракеттердин программасы жөнүндө"
токтому менен бекитилген, 2006-жылы тездетилген экономикалык өсүштүкамсыздоо боюнча ишчаралардын планын; - "2005-жыл үчүн Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалыкөнүктүрүүнүн жыйынтыктары жана 2006-жылга милдеттер жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-мартындагы № 169
токтому мененбекитилген, тездетилген экономикалык өсүштү камсыздоо жана 2006-жылдынбиринчи жарымында мамлекеттик бюджеттин кирешелери боюнча Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнүн программасынын биринчи кезектеги милдеттерин. 2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги: - 2006-жылдын биринчи жарымынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республи-касынын Өкмөтүнүн жогоруда көрсөтүлгөн токтомдорун аткаруу жагынанкењири анализ даярдасын; - терс тенденцияларды өз учурунда аныктоо жана экономика тармакта-рында туруктуу экономикалык өсүштү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттикбюджетине салык жана бажы жыйымдарынын түшүшүн камсыз кылуу боюнча терстенденцияларды өз учурунда аныктоо жана таасирлүү чараларды көрүү мак-сатында республикадагы социалдыкэкономикалык кырдаалдын оперативдүү мо-ниторингин ай сайын жүргүзсүн; - "көмүскө экономиканы" легалдаштыруу боюнча программаны бир айлыкмөөнөттө даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна кир-гизсин; - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен бирдиктеКЭРдин гранты боюнча тракторлорду алууну тездетсин; - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо ми-нистрлиги менен бирдикте жењилдик алуучулардын ар түрдүү категориялары-нын пикирлерин эске алуу менен жењилдиктерди акчалай формада төлөөгөөтүүнү этап-этабы менен жана дифференциалдуу жүргузсүн; - Бишкек шаарынын мэриясы менен бирдикте 2006-жылдын 1-августуначейин "Жал" кичи районунда 9 кабаттуу ири панелдүү үч турак үйдү куруу-ну аяктасын; - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен бирдикте турак жайкурулушун ипотекалык кредиттөө механизмин иштеп чыксын; табигый кырсыктардан жапа чегишкен үй-бүлөлөргө жењилдетилген ссу-даларды берүү, турак жайларды калыбына келтирүү максатында Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамле-кеттик агенттиктин турак жай жана жарандык курулуш башкармалыгына2006-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө каражат бөлсүн. 3. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялыкведомстволордун жетекчилери биринчи кезектеги мыйзам долбоорлорун Кыр-гыз Республикасынын Жогорку Кењешинде тездетүү боюнча активдүү чаралар-ды көрүшсүн. 4. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлиги: - тиешелүү министрликтер жана ведомстволор менен бирдикте соо-да-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча өкмөтгөраралык комиссиялардын ишин активдештирсин; - Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги мененбирдикте "ОЕСF (Япония) жана KFW банкынын (Германия) кредиттери боюнчатекстиль тармагынын ишканаларынын милдетгенмелеринин төлөө мөөнөттөрүнөзгөртүү жана "Жеке ишкердикти колдоо" кредиттик линиясы боюнча карыз-дарды реструктуралаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2004-жындын 31-декабрындагы № 975
токтомунун жењил өнөр жай ишканалары-нын чет өлкөлүк техникалык кредиттерине карата карыздарын реструктура-лаштыруу бөлүгүн аткаруу боюнча эки жумалык мөөнөттө чечим кабыл алсын; - "Майлуусуу электр лампа заводу" акционердик коомунун ишин турук-таштыруу боюнча конкреттүү сунуштарды эки жумалык мөөнөттө Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин; - алдыдагы туристтик сезонго даярдык көрүү жана өткөрүү боюнчаиш-чаралардын планын эки жумалык мөөнөттө Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн кароосуна киргизсин; - Кыргыз Республикасынын экспортун өнүктүрүү программасын иштепчыксын жана 2006-жылдын 30-июнуна чейин Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн кароосуна киргизсин; - экспортко багытталган ишканаларды камсыздандыруу жана кре-диттөөнүн конкреттүү механизмдерин бир айлык мөөнөттө иштеп чыксын жанаКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин; - кытай тарап менен импорт-экспорт көлөмдөрүн салыштыруу жүргүзүүүчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспек-циясынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин, КыргызРеспубликасынын Тышкы иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Соо-да-өнөр жай палатасынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен комиссия түзүүжөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун эки жума-лык мөөнөттө киргизсин; - Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги мененбирдикте ишканаларда жаткан продукциялардын кампалык запастарына2006-жылдын 1-июлуна чейин ревизия жүргүзсүн жана жыйынтыктары боюнчааларды кыскартуу тууралуу сунуш даярдасын жана киргизсин. 5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-лекеттик комитети: - 2006-2007-жылдардагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигинменчиктештирүү программасынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешиндекаралышын тездетсин; - Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги мененбирдикте эки жумалык мөөнөттө акциялардын мамлекеттик пакеттерине эсеп-телген дивиденддерди төлөө боюнча акционердик коомдордун жетекчилигименен графикке кол койсун; - Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кристалл" мамлекеттик ак-ционердик коомунун маселелери жөнүндө" 2006-жылдын 3-январындагы № 2
Жарлыгын, "РЕSАС" программасына киргизилген ишканаларды менчиктештирүүжөнүндө" жана "Кристалл" мамлекеттик акционердик коомунун маселелерижөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын ишке ашыруутууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жындын 16-мартындагы №168
токтомун, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2006-жылдын3-мартындагы № 147 буйругун аткаруу боюнча маалыматтарды берсин. 6. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын башчылары: Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин ал-дындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду менен бирдикте"2006-жылы Кыргыз Республикасында жазгы талаа жумуштарын уюшкандыктажана өз учурунда жүргүзүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-февралындагы № 112
токтомунун негизиндеберилген товардык кредиттерди айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн тандашы жа-на максаттуу пайдаланышы үчүн контролдукту камсыздашсын; - 2006-жылдын биринчи жарымындагы иштин жыйынтыгы боюнча жана2006-жыл үчүн бюджеттик ссудалар, чет өлкөлүк кредиттер, ЯпонияӨкмөтүнүн гранттарынын эсебинен алынган кредиттер, Мамлекеттик матери-алдык резервден азык-түлүк буудай даны түрүндө алынган товардык кредит-тер, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнү жана башка товардык материалдыкбаалуулуктар боюнча мөөнөту өткөн карыздары бар чарбакер субъекттердинжетекчилеринин жоопкерчиликтерин карашсын. Көрүлгөн чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыр-гыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине маалымат бе-ришсин. 7. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги облустардын жана райондордун мамлекеттик администрациябашчылары менен бирдикте төмөнкүлөр боюнча чараларды көрүшсүн: - жазгы талаа жумуштарын жүргүзүү программаларын эске алуу мененжазгы талаа жумуштарын оптималдуу агротехникалык мөөнөттөрдө аяктоо; - айыл чарба продукцияларын сатуу боюнча келишимдерди өз учурундатүзүү; - кайра иштетүүчү ишканаларды айыл чарба продукцияларын кабыл алу-уга жана кайра иштетүүгө даярдоо. 8. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигитөмөнкүлөрдү камсыз кылсын: - республиканын мектептеринин курулушун өз учурунда каржылоону; - социалдык чөйрөнүн кызматкерлерине эмгек акынын жогорулашын эскеалуу менен аны төлөөгө каражаттарды толук каржылоону. 9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инс-пекциясы: - энергокомпаниялардын салыктык карыздарын кыскартуу жана алардынсалыктарды өз учурунда төлөшүн камсыздоо боюнча белгиленген тартиптебир айлык мөөнөттө сунуш киргизсин; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инс-пекциясы менен бирдикте ушул жылдын II-III кварталдарында негизги кире-шелерди камсыздоо менен бюджетке пландан ашыкча түшүүлөрдүн графигинкайра карасын. 10. Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министринин милде-тин аткаруучу Д.Т.Үсөнов төмөнкүлөр менен бирдикте: - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен бирдикте "Кыргыз айылчарба финансы корпорациясы" ЖТАКынын банктык ишин чектөөгө лицензияберүү жөнүндө маселени карасын; - Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги мененбирдикте "Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясы" ЖТАКына мамлекеттикбюджеттен зайым берүү боюнча маселени карасын. 11. Экономикалык зыянды аныктоо, ишкердикти жана инвесторлордуколдоо чараларын көрүү боюнча өкмөттүк комиссия Кыргыз РеспубликасынынЭкономика жана финансы министрлиги менен бирдикте 2005-жылдын24-25-мартында жапа чегишкен ишкерлерге жардам көрсөтүү боюнча конк-ретгүү сунуштарды бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнкароосуна киргизсин. 12. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетине облус-тук мамлекеттик администрациялар жана Бишкек, Ош шаарларынын жерги-ликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте статистикалык маа-лыматтардагы айырмачылыктарды четтетүү боюнча чараларды көрүү сунуштап-сын. 13. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына төмөнкүлөр сунуш кылын-сын: - Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги мененбирдикте эсептешүүлөрдүн накталай эмес системасына өтүү боюнча система-лык ишти камсыздоо; - коммерциялык банктардын кредиттери боюнча проценттик ставкалардыазайтуу жагынан чараларды иштеп чыгуу; - депозиттерди коргоо боюнча мыйзамды кабыл алууну тездетүү. 14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана ку-рулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Турак жай жана жарандыккурулуш башкармалыгы жергиликтүү бийлик органдары менен бирдикте таби-гый кырсыктардын натыйжасында бузулган турак жайларды калыбына кел-тирүүгө бөлүнгөн каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын. 15. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык көзөмөлжана отчеттуулук боюнча мамлекеттик агенттик 2006-жылдын 15-июлуна че-йинки мөөнөттө ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө мыйзам долбоорун иш-теп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнкароосуна киргизсин. 16. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялармамлекеттик агенттиги 2006-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Рес-публикасынын улуттук паспортко муктаж жарандарын толук көлөмдө камсызкылсын. 17. Облустук мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарла-рынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары керектелген электрэнергиясы үчүн акча каражаттарын жыйноодо жана дебитордук карыздардыазайтууда бөлүштүрүүчү энергокомпанияларга ар тараптан көмөккөрсөтүшсүн. 18. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын тиешелүү башкармалыктары мененбөлүмдөрүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов