Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 30-майындагы № 388 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарлары жана облустары боюнча 2006-жылга иммиграциялык квотаны аныктоо тууралуу "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарлары жана облустары боюнча 2006-жылга Кыргыз Республикасына иммиграцияга чет өлкөлүк жаран-дардын жана жарандыгы жок адамдардын чектик санын тактоочу иммиграциялык квота тиркемеге ылайык аныкталсын. 2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине кароого жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамле-кеттик комитетинин төрагасы ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын. Премьер-министр Ф.Кулов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-майындагы № 388 токтомуна тиркеме Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарлары жана облустары боюнча 2006-жылга Кыргыз Республикасына иммиграцияга чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектик санын тактоочу иммиграциялык квота _______________________________________________________________________ Региондун аталышы | саны (адам) -------------------------------------------|--------------------------- Бишкек | 320 Ош | 450 Баткен облусу | 500 Жалалабат облусу | 1200 Ысыккөл облусу | 12 Нарын облусу | 50 Ош облусу | 1250 Талас облусу | 100 Чүй облусу | 245-------------------------------------------|--------------------------- Кыргыз Республикасы | 4127-------------------------------------------|--------------------------- Премьер-министрдин Аппарат жетекчиси-министр Т.Коеналиев