Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 31-майы № 391 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "1994-жылдын 15-апрелиндеги Эмгектик миграция жана эмгек- мигранттарды социалдык жактан коргоо жагындагы кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү туурасында 2005-жылдын 25-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу 1994-жылдын 15-апрелиндеги Эмгектик миграция жана эмгек-мигрант-тарды социалдык жактан коргоо жагындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу-га өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү туурасында 2005-жылдын25-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Протоколдун 2-статьясынын не-гизинде мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында,
"КыргызРеспубликасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана
"Кыргыз Республика-сынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мый-замдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "1994-жылдын 15-апрелиндеги Эмгектик миграция жана эмгек-миг-ранттарды социалдык жактан коргоо жагындагы кызматташуу жөнүндө макул-дашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү туурасында 2005-жыл-дын 25-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Протоколду ратификациялоотууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна макулдук берил-син. 2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин кароосуна киргизилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамле-кеттик комитетинин төрайымы аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республика-сынын Жогорку Кењешинде кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмийөкүлү болуп дайындалсын. Премьер-министр Ф.Кулов Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 1994-жылдын 15-апрелиндеги Эмгектик миграция жана эмгек-мигранттарды социалдык жактан коргоо жагындагы кызматташуу жонүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү туурасында 2005-жылдын 25-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Протоколду ратификациялоо жөнүндө 1-статья. 1994-жылдын 15-апрелиндеги Эмгектик миграция жана эмгек-мигрант-тарды социалдык жактан коргоо жагындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу-га өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү туурасында 2005-жылдын25-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Протокол ратификациялансын. 2-статья. Кыргыз республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мам-лекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине Кыргыз Республикасы аталганПротоколдун күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги жол-жоболордуаткарганы жөнүндө билдирсин. 3-статья. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти