Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 1-июнундагы № 397 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Ысык-Көл" кинотеатрынын имаратын Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335токтомунун редакциясына ылайык) "Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоожөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, "Ысык-Көл"кинотеатрынын имаратын натыйжалуу пайдалануу жана Бишкек шаарынынкалкын кино жагынан тейлөөнү жакшыртуу максатында КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Ысык-Көл" кинотеатрынын имараты Бишкек шаарынын муниципалдыкменчигине өткөрүлүп берилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнчамамлекеттик комитети жогоруда көрсөтүлгөн кинотеатрды Бишкек шаарынынмэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгы боюнча комитетинин балансынабелгиленген тартипте өткөрүп берүүнү ишке ашырсын. 3.(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтом-уна ылайык күчүн жоготту) 4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 2-июлундагы № 494токтомунун 1-пункту күчүн жоготгу деп табылсын. Премьер-министр Ф.Кулов