Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы N 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 1-июнундагы № 398
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту
жана өздүк күбөлүгү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна
ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты Ө.Ч.Текебаев
тарабынан демилге кылынган "Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту
жана өздүк күбөлүгү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна
тиркелген корутундунун негизинде макулдук берилбесин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.
Премьер-министр Ф.Кулов
2006-жылдын 1-июну № 23-57/17
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешине
"Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту жана
өздүк күбөлүгү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам
долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституция-
сынын 65-статьясынын 5-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин депутаты Ө.Ч.Текебаев тарабынан демилге кылынган "Кыргыз Рес-
публикасынын жаранынын паспорту жана өздүк күбөлүгү жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, аны кабыл алуу төмөнкүдөй
сын-пикирлердин жана сунуштардын негизинде максатка ылайыксыз деп эсеп-
тейт.
Сунуш кылынган мыйзам долбоору республиканын жарандарынын автомат-
таштырылган эсебин алуу, документтештирүүнү мамлекеттик контролдоо жана
маалыматтык ресурстарды пайдалануу маселелерин чагылдырбайт.
Мыйзам долбоору "Тышкы миграция жөнүндө" жана "Ички миграция
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келүүчү нормаларды
камтыйт.
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
42-статьясында тышка чыгуу үчүн документ Кыргыз Республикасынын жараны-
нын жалпы жарандык паспорту, Кыргыз Республикасынын жаранынын диплома-
тиялык паспорту жана Кыргыз Республикасынын жаранынын кызматтык паспор-
ту болуп санала тургандыгы белгиленген. Сунуш кылынган мыйзам долбоору
"Кыргыз Республикасынын жаранынын кызматтык паспорту" деген түшүнүктү
камтыбайт.
Мыйзам долбоорунун 4-статьясынын 3-пунктунда Кыргыз Республикасы-
нын жаранынын паспортун бекер берүү каралган, бул Кыргыз Республикасы-
нын мамлекеттик бюджетине оорчулуктун кыйла көбөйүшүнө алып келет. Мын-
дан тышкары "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
43-статьясында жана "Мамлекеттик пошлина жөнүндө" Кыргыз Республикасы-
нын Мыйзамынын 5-статьясында Кыргыз Республикасынын аймагында паспорт
берүү үчүн жана паспорттун колдонулуш мөөнөтүн узартуу үчүн мамлекеттик
пошлина алына тургандыгы белгиленген.
Мыйзам долбоорунун сунушталган редакциясы өлкөнүн ичинде жарандын
ким экендигин күбөлөндүрүүчү жарандын эки документин алардын укуктук
статусунда жана колдонулуш мөөнөтүндө кандайдыр бир олуттуу
чектөөлөрсүз киргизүүнү карайт, бул дагы ар бир конкреттүү документти
берүү тартибин жеткире иштеп чыгууну жана аныктоо тартибин талап кылат.
Жогоруда аталган Мыйзам долбоорунун 2-статьясынын төртүнчү
бөлүгүндө айдоочулук күбөлүгү Кыргыз Республикасынын паспортун алмашты-
руучу документке кире тургандыгы белгиленген, бул "Ички миграция
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-статьясына каршы келет,
анткени айдоочулук күбөлүк жарандыгы жок адамдарга, ошондой эле чет
өлкөлүк жарандарга да берилиши мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын жаранына берилүүчү паспорттун мөөнөтсүздүгү
жөнүндө норма "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы-
нын 43-статьясына каршы келет, ага ылайык паспорт 10 жылга чейинки
мөөнөткө берилет.
Сунушталган Мыйзам долбоорунун айрым статьяларын редакциялык
түзөтүү зарылдыгы бар.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
Кыргыз Республикасынын көрсөтүлгөн Мыйзам долбоорун кабыл алууга макул-
дук бере албайт.
Премьер-министр Ф.Кулов