Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы N 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 2-июнундагы № 405
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын "Транспорт жөнүндө" Мыйзамына
толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасында бирдиктүү транспорттук саясат жүргүзүү, жүргүн-
чүлөрдү ташуу ишин тартипке салуу жана башкаруу, жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча көрсөтүлчү кызматтардын сапатын жогорулатуу үчүн шарттарды камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1."Кыргыз Республикасынын "Транспорт жөнүндө" Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна макулдук берилсин.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри аталаган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде каралган-да Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министр Ф.Кулов