Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы N 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 5-июну № 408
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Бањги каражаттарына жана психотроптук заттарга көз
карандылыкты профилактикалоо жөнүндө", "Бањги каражаттары,
психотроп заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза
кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө", "Кыргыз
Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө
кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна
ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттары
О.М.Артыкбаев, А.М.Марипов, И.А.Масалиев жана Р.Т.Тагаев тарабынан
демилге кылынган "Бањги каражаттарына жана психотроптук заттарга көз
карандылыкты профилактикалоо жөнүндө", "Бањги каражаттары,
психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Кыргыз
Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө",
"Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө
кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна тиркелген корутундунун
негизинде макулдук берилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.
Премьер-министр Ф.Кулов
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешине
"Бањги каражаттарына жана психотроптук заттарга көз
карандылыкты профилактикалоо жөнүндө", "Бањги каражаттары,
психотроп заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза
кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө", "Кыргыз
Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө
кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна
ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин депутаттары О.М.Артыкбаев, А.М.Марипов, И.А.Масалиев жана
Р.Т.Тагаев тарабынан демилге кылынган "Бањги каражаттарына жана
психотроптук заттарга көз карандылыкты профилактикалоо жөнүндө",
"Бањги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын
Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын
долбоорлорун карап чыгып, аларды кабыл алууга төмөнкүдөй сын-пикирлер
менен сунуштарды эске алуу менен макулдук берет.
"Бањги каражаттарына жана психотроптук заттарга көз карандылыкты
профилактикалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору
боюнча:
- бүткүл текст боюнча "наркологиялык мандемдик" деген сөздөрдү
"бањги каражаттарын жана психотроптук заттарды пайдаланууга
байланыштуу психикалык жана жүрүм-турум жагынан мандемдик" деген
сөздөр менен алмашууну сунуш кылабыз. Бул сунуш эл аралык медициналык
стандарттарга жакындаштыруу максатында киргизилип жатат, алсак
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Оорулардын эл аралык
классификациясынын (мындан ары - МКБ-10 ДССУ) диагноздордун жана
оорулардын 10 кайра каралышына ылайык (2000-жыл) дүйнөлүк практикада
"наркологиялык мандемдик" деген түшүнүк "бањги каражаттарын жана
психотроптук заттарды пайдаланууга байланыштуу психикалык жана жүрүм-
турум жагынан мандемдик" катары чечмеленген;
- 1-статьяга "адистештирилген наркологиялык жардам – бул
мультидисциплинардык бригаданын (психиатр-наркологдор,
психотерапевттер, психологдор, социалдык кызматкерлер) наркологиялык
кызматтарынын бардык түрлөрүн көрсөтүү" деген түшүнүктү киргизүүнү
сунуштайбыз, анткени "адистештирилген наркологиялык жардам" деген
түшүнүк кыйла кењири, ал ошондой эле жогоруда саналган медициналык
кызматкерлер тарабынан реабилитациялык жардамды да камтыйт;
- "ВИЧ-инфекция" деген түшүнүктү төмөнкүдөй редакцияда баяндоону
сунуш кылабыз:
"ВИЧ-инфекция - адамдын иммунотартыштык вирусунан келип чыгуучу
айыкпаган, узакка созулган жугуштуу оору, мында адамдын иммундук
(коргоо) системасы бузулат жана акырындык менен жок болот";
- 1-статьянын төртүнчү абзацын "психотроптук заттар" деген
сөздөрдөн кийин "толеранттуулук" деген сөз менен толуктоону
сунуштайбыз, андан ары текст боюнча. Бул учурда медициналык
терминологияда "толеранттуулук" деген түшүнүк "туруктуулук" деп
түшүнүлөт;
- 1-статьянын он экинчи абзацын алып салууну сунуштайбыз. Жогоруда
белгиленгендей "наркологиялык мандемдик" түшүнүгү МКБ-10 ДССУда жок;
- 3-статьянын тогузунчу абзацын төмөнкүдөй редакцияда баяндоону
сунуш кылабыз:
"Көз карандылыкты профилактикалоо программаларынын далилдүүлүгү".
Профилактикалоо-программалары көпчүлүк учурда илимий жактан
негизделип, бирок далилденбегенине байланыштуу бул учурда абзацты
жогоруда көрсөтүлгөн редакцияда баяндоо сунушталат;
- 5-статьянын биринчи абзацында "наркологиялык" деген сөздү алып
салууну сунуш кылабыз;
- 7-статьяны төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
- "Алгачкы профилактикалоонун негизги объекттери жашоо образына
байланыштуу керектөө тажрыйбасы же проблемалары жок, ошондой эле жеке
анамнезинде айрым башка оорулары болбогон адамдар саналат, анткени МКБ-
10 ДССУда "эпизодикалык керектөөчү" деген аныктама колдонулбайт;
- МКБ-10 ДССУнун эл аралык стандарттарына жакындатуу максатында 12-
статьянын төртүнчү абзацында "наркотикага көз каранды адамдар" деген
сөздөрдү "бањгилик жана психотроптук заттарга көз каранды адамдар"
деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз;
- 15-статьянын экинчи абзацы мамлекеттик тилдеги текстке дал
келтирүү керек;
- медициналык терминологияга жакындаштыруу максатында 12 жана 13-
статьяларда "субъекттер" деген сөз "уюмдар" же "юридикадык жактар жана
жеке адамдар" деген сөздөр менен алмаштырылсын же төмөнкүдөй
редакцияда берилсин:
"Бањги каражаттарына жана психотроптук заттарга көз карандылыкты
профилактикалоо боюнча кызмат көрсөтүүчү субъекттердин укуктары";
- 17-статьянын үчүнчү абзацы мамлекеттик тилдеги текстке дал
келтирүү керек;
- 19-статьяны төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толуктоону сунуш
кылабыз:
"Жүргүзүлгөн дарылоо иш-чараларынан кийин пациенттин каалоосу
боюнча ишке жарамсыздык (оорулуу баракчасы) баракчасын берүү", анткени
оорулуунун баракчасы пациенттердин укуктарын коргоо максатында
берилет;
- 20-статьянын экинчи абзацынын редакциясын тактоо керек, анткени
бањгизатынан жабыр тарткан же ооруган адамдарды кылмыш-жаза аткаруу
системасынын мекемелеринде мажбурлап дарылоо камактагыларга карата
соттун өкүмүнүн негизинде жүргүзүлүүгө тийиш;
- 23-статьяда "бањгилик" деген сөздү эл аралык стандарттарга
жакындаштыруу максатында "бањгизаттарына жана психотроптук заттарга
көз карандылык" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз;
- 24 жана 25-статъяларды бир 24-статьяга бириктирип жана төмөнкүдөй
редакцияда берүүнү сунуш кылабыз:
"Зыянды төмөндөтүү программалары маалыматтык-билим берүү иш-
чараларын, орун алмаштыруучу терапиялар программаларын, шприцтерди
алмаштырууну, бањги каражаттарына жана психотроптук заттарга көз
каранды адамдар үчүн реабилитациялык программаларды жана социалдык
багыттагы программаларды камтыйт, анткени орун алмаштыруучу терапия
зыянды төмөндөтүү программасына таандык, ушуга байланыштуу аны өзүнчө
статьяга бөлүү максатка ылайык келбейт деп эсептейбиз;
"Бањги каражаттарына жана психотроптук заттарга көз карандылыкты
профилактикалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-
статьясынын биринчи абзацы балдар жана өспүрүмдөр мамлекеттик
программалардын чектеринде наркологиялык жардамды акысыз алууга
укуктуу экендигин карайт. Мында көрсөтүлгөн максаттарга кошумча
бюджеттик каражаттар каралбайт;
- 27-статьянын экинчи абзацынын акыркы сүйлөмүн алып салууну сунуш
кылабыз, анткени ал 8-статьяда көрсөтүлгөн бањги каражаттарына жана
психотроптук заттарга көз карандылык учурунда наркологиялык жардамдын
негизги түрлөрүнө (ыктыярсыз госпиталдаштыруу, мажбурлап наркологиялык
жардам берүү) каршы келет.
"Бањги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү
киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча:
- 12 жана 13-статьяларды алып салууну сунуштайбыз, анткени алар
"Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын нормаларын
кайталайт.
"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү
киргизүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Администрациялык
жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү
киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлору боюнча
сын-пикирлер жок.
Премьер-министр Ф.Кулов