КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 31-январындагы №68
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУБишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 5-июнундагы № 409 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2008-жылдын
11-июлу № 372 токтомунун редакциясында) Майыптарды социалдык жактан коргоону жогорулатуу максатында КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасында медициналык-социалдык экспертизажөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 31-декабрындагы№ 915
токтому менен бекитилген Медициналык-социалдык экспертизаныжүргүзүүдө колдонулуучу классификацияга жана критерийлерге төмөнкүдейөзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: -"Кайтадан күбөлөндүрүү мөөнөтү коюлбаган майыптыкты аныктоокритерийлери" главасынын 1) пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "1) Организмдеги органдардын жана системаларынын функцияларынынтуруктуу бузулушу жана кайталанбас морфологиялык өзгөрүүлөр менен денсоолугунун начарлашынан улам тиричилик аракетинин узак чектелишиненсоциалдык жетишпегендикти азайтууга же жок кылууга мүмкүнчүлүгү жокмайыптарга медициналык-социалдык эксперттик комиссияларда (мындан ары- МСЭК) байкоо жүргүзүү мөөнөтү экинчи топтогуларга - 6 жыл, үчүнчүтоптогуларга - 15 жыл. Кайтадан күбөлөндүрүү мөөнөтү коюлбаган майыптыктын топторунаныктоо үчүн "майып-бала" категориясы боюнча 18 жашка чейинкикурактагы майып адамдардын МСЭКтин көзөмөлүндө турган мезгили эсепкеалынат."; -"Кайтадан күбөлөндүрүү мөөнөтү коюлбаган майыптык тобунбелгилөөдөгү оорулардын тизмеси" главасында "Нервдик-психикалык оорулар" деген II бөлүмдүн: 3-пункту "көрүнүштөрү менен" деген сөздөрдөн кийин "ачык байкалыптурган" деген сөздөр менен толукталсын; бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 14-пункт менен толукталсын: "14.Төрт жылдын аралыгында МСЭКтин көзөмөлүнөн кийин ачык байкалыптурган дебилдүүлүктүн тиешелүү дењгээлиндеги акыл-эс жагынан бир азартта калгандык."; "Хирургиялык оорулар, анатомиялык дефекттер жана деформациялар"деген III бөлүмдүн 7-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менентолукталсын: "Айыкпаган колостомада, айыкпаган толук ичеги-карын тешигинде,көтөн чучуктун III даражадагы сфинктердин функциясынын ачык байкалгантуруктуу бузулууларында кайтадан күбөлөндүрүү мөөнөтү коюлбаганмайыптыктын экинчи тобу белгиленет.". "Көздүн зыян тартышы жана оорушу" деген IV бөлүмдө: - 2-пункт "орбитанын" деген сөздөн кийин "жана өтүшүп кеткен экикөздүн афакиясынын" деген сөздөр менен толукталсын; - 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "3. Майыптыктын үчүнчү тобу төменкүдөй белгиленет: - толук сокурдук же коррекциялоо мүмкүндүгү жок болгондо биркөзүнүн көрүү курчтугунун 0,05%ке чейин төмөндөшү же көрүү аянтынын 10градуска чейин ичкериши; - бир көздүн анофтальмы (көз чарасын толук алып салуу), өтүшүпкетпеген бир же эки көздүн операциядан кийинки афакиясы. Эскертүү: бир же эки көздүн афакиясында майыптуулуктун тобу төртжылдын аралыгында байкоо жүргүзүлгөндөн кийин мөөнөтсүз белгиленет."; "Комбинацияланган дефекттер" деген V бөлүмдүн 1-пунктунун үчүнчүабзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "- биринчини кошо алганда төрт манжанын анкилозу же кескин көрүнгөнконтрактурасы, эки беш манжанын функционалдык жараксыз абалы;". 2. "Кыргыз Республикасында медициналык-социалдык экспертизажөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 31-декабрындагы915
токтому менен бекитилген Майып балдарга 18 жашка чыкканга чейинай сайын пособие алууга укук бере турган медициналык көрсөткүчтөргөтөмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: - аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Майып балдарга 18 жашка чыкканга чейин ай сайын пособие алуугаукук бере турган медициналык көрсөткүчтөрдүн тизмеси"; -"Майып балдарга 18 жашка чыкканга чейин ай сайын пособиеалуугаукук бере турган медициналык көрсөткүчтөр" главасында: "6 айдан 2 жылга чейинки мөөнөткө майыптыкты белгилөөгө укук беретурган патологиялык абалдар" деген I бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 9-пункт менен толукталсын: "9. ВИЧ/СПИД диагнозу коюлган 2 жашка чейинки курактагы балдар."; "2ден 5 жылга чейинки мөөнөткө майыптыкты белгилөөгө укук беретурган патологиялык абалдар" деген II бөлүм: -"А" бөлүмчөсүнүн 1-пунктунун 1.6- пунктчасы төмөнкүдөй редакциядаберилсин: "1.6. Угуу, көрүү, таяныч-кыймыл аппаратынын башка органдардын,системаларынын же жүрүм-турумунун патологиялык формаларынынфункцияларынын бузулушу менен айкалышкан кем акылдык даражадагыакылынын жетишсиздиги; башка жагынан бузууларсыз көрүнүп турган кемакылдыктын тиешелүү даражасындагы акыл-эс жагынан жетишсиздик."; - 1-пункт төменкүдөй мазмундагы 1.9-пунктча менен толукталсын: "1.9. Ар кандай генездеги адамдын көрүнүп турган органикалыкбузулушу."; - 3-пункттун 3.4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "3.4. Ыњгайсыз клиникаяык болжолдоосу менен П-Ш даражадагы өнөкөтжүрөк жетишсиздиги, реабилитациялык потенциалдык болушу."; - "Б" бөлүмчөсү төменкүдөй мазмундагы 9 жана 10-пункттар менентолукталсын: "9. Ар кандай генездин акыл-эс жагынањ жетишсиздиги же начардыгы,акыл-эс жагынан жетишсиздиктин тиешелүү денгээли. 10. Туруктуу көрүнген кыймылдык бузулуулар (кол-буттардын кесилиши,генерализацияланган гиперкинездер, координациянын бузулушу жанаж.б.у.с.)."; - "Он сегиз жашка чыкканга чейинки мөөнөткө майыптыкты белгилөөгөукук бере турган патологиялык абалдар" деген III бөлүмдө: - 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "3. Ар кандай генездин акыл-эс жагынан жетишсиздиги же начардыты,өтө оор акыл-эс жагынан жетишсиздиктин тиешелүү денгээли."; - 8-пункт төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:"Имплантацияланган кардиостимулятордун болушу."; - III бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын: "21. Баш сөөк дефекти". 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 11-июлундагы №372 токтомуна ылайык күчүн жоготкон. 4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 11-июлундагы №372 токтомуна ылайык күчүн жоготкон. 5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын. Премьер-министр Ф.Кулов