Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 6-июну № 412 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун нормативдик укуктук актыларынКыргыз Республикасынын Салык Кодексинин талаптарына ылайык келтирүүмаксатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын: - "Айылдык товар өндүрүүчүлөрдү - кошумчаланган наркка салыктөлөөчүлөрдү колдоо боюнча убактылуу чаралар жөнүндө" Кыргыз Республи-касынын 2003-жылдын 5-декабрындагы № 756 токтому; - "Айылдык товар өндүрүүчүлөрдү - кошумчаланган наркка салыктөлөөчүлөрдү колдоо боюнча убактылуу чаралар жөнүндө" Кыргыз Республи-касынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 5-декабрындагы № 756 токтомуна толуктоокиргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 21-фев-ралындагы № 85 токтому. 2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. Премьер-министр Ф.Кулов