(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 8-июнундагы № 413
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасында техникалык парктарды түзүү
боюнча сынамык долбоор жөнүндө
Чакан жана орто инновациялык ишкердикти андан ары өнүктүрүү
максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын жана
"КыргызТехнопарк" илимий-ондүрүштүк компаниясы" жабык акционердик
коомунуы (мындан ары - "КыргызТехнопарк" ИӨК" ЖАК) Чүй облусунун
Токмок шаарынын өнөр жай зонасында жайгашкан "КыргызТехнопарк" ИӨК"
ЖАКнын өндүруштүк комплексинин базасында Кыргыз Республикасында
технопарк сынамык долбоорун түзүү жөнүндө сунушу колдоого алынсын.
2. Сынамык долбоордун негизги милдеттери төмөнкүдөй болуп
белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын чакан жана орто инновациялык ишкердик
секторунда инвестициялык климатты жакшыртуу, ишмердик активдүүлүктү
арттыруу, экспорттук мүмкүндүктөрдү кењейтүү;
- илимий-техникалык долбоорлорду, анын ичинде тобокелдүү бизнес
категориясына кирген долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ыњгайлуу
уюштуруучулук-финансылык шарттарды түзүү, алардын натыйжаларын
коммерциялаштыруу мөөнөтгөрүн тездетүү;
- жогорку квалификациялуу илимий кызматкерлер жана инженер-
техникалык кызматчылар үчүн кошумча иш орундарды түзүү, илим сыйымдуу
тармактардын кадрлары иштин коммерциялык, технологиялык эмес
чөйрөлөргө кетишин азайтуу;
- билимдерди актуалдаштырууга, тармактык илимий-изилдөөчү
мекемелердин жана жогорку окуу жайлардын бүтүрүлгөн илимий-изилдөө
иштеп чыгууларынын натыйжаларын коммерциялаштырууга, жаш кадрлардын
чыгармачыл идеяларын жана долбоорлорун ишке ашырууга шарттарды түзүү,
окумуштуулардын жана адистердин Кыргыз Республикасынан кетишин
болтурбоо;
- инновациялык компанияларды, чыгармачыл жамааттарды, Кыргыз
Республикасынын гармактык илимий-изилдөөчү мекемелерин жана жогорку
окуу жайларын, анын ичинде иши технопаркты өнүктүрүү приоритеттерине
туура келген чет өлкөлуктөрүн да ишке тартуу;
- биргелешкен инновациялык ишканаларды уюштуруу жана инновациялык
долбоорлорду ишке ашыруу үчүн венчурдук капиталды тартуу жолу менен
регионду экономикалык өстүрүү зонасын түзүү;
- Кыргыз Республикасында экономиканы кошумча наркы жогорку
товарларды чыгаруучу (кызматтарды көрсөтүүчү) чарбакер субъекттер
көпчүлүк кылган структуралык өзгөртүүгө багытталган региондук саясатты
ишке ашыруунун жањы механизмин түзүү;
- жањы компанияларды түзүүнүн эсебинен Кыргыз Республикасынын
бюджетине киреше түшүүсүн көбөйтүү.
3. Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясына "КыргызТехнопарк"
ИӨК" ЖАК менен бирдикте төмөнкүлөрдү аткаруу сунушталсын:
- технопарктын структурасын жана башкаруу схемасын, ошондой эле
анын илимий-техникалык кењешинин курамын жана ал жөнүндө жобону эки
аптанын ичинде аныкталган тартипте иштеп чыгуу;
- технопаркты өнүктүрүүнүн бизнес-планын бир айлык мөөнөттүн ичинде
иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жогорку
экономикалык кењештин кароосуна киргизүү.
4. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык
ведомстволор, Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы
"КыргызТехнопарк" ИӨК" ЖАКга технопарктын сынамык долбоорун ишке
ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ар тараптуу колдоо
көрсөтүшсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын экономикалык өнүктүрүү башкармалыгына
жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов