Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы N 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 9-июнундагы № 416
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна
ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты К.К.Иманалиев
тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине
толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
долбооруна тиркелген корутундунун негизинде макулдук берилбесин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.
Премьер-министр Ф.Кулов
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењеши
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Корутундусу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин депутаты К.К.Иманалиев тарабынан демилге көтөрулгөн "Кыргыз
Республикасынын Салык кодексине 65-статьясынын 5-пунктуна таянып,
төмөнкүдөй себептерге байланыштуу аны кабыл алуунун ылайыгы жок деп
эсептейт.
Юридикалык жактарды - Кыргыз Республикасынын резиденттерин
реинвестициялоого арналган пайдага салыкты төлөөдөн бошотуу
"Кыргызстан Республикасындагы чет өлкөлүк инвестициялар жөнүндө"
Кыргыз Республикасьшын Мыйзамынын 20-статьясында каралган.
1997-жылдын 30-сентябрындагы "Кыргызстан Республикасындагы чет
өлкөлүк инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө
киргенге чейин Кыргыз Республикасында катталган чет өлкөлүк
инвесторлор пайдага салыктан төмөнкүдөй учурларда бошотулат:
- эгер ишмердиктин предмети өнөр жай, курулуш чөйрөсү болсо -пайда
ала баштагандан тартып беш жылга чейин;
- эгер ишмердиктин предмети жаратылыштык ресурстарды казуу жана
иштетүү, айыл чарбасы, транспорт же байланыш болсо - пайда ала
баштагандан тартып үч жылга чейин;
- эгер ишмердиктин предмети соода, туризм, банк же камсыздандыруу
иши, ошондой эле ишкердиктин башка түрлөрү болсо -пайда ала
баштагандан тартып үч жылга чейин.
Салыкты төлөөдөн бошоткон мөөнөт бүткөндөн кийин пайдага салыктын
ставкалары төмөнкүдөй азайтылат:
- 50 процентке - Кыргыз Республикасында реинвестицияланган
кирешенин бөлүгүнө;
- 25 процентке - эгер өндүрүлгөн продукциянын жана көрсөтүлгөн
кызматтардын 50 проценттен кем эмеси экспортголсо;
- 25 процентке - эгер продукциянын 50 проценттен кем эмеси
импорттолгон сырьедон же компоненттерден жасалса;
- 25 процентке - эгер пайданын 20 проценттен кем эмеси кесиптик
окутууга жумшалса.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык 2006-жылдын 1-
январынан баштап пайдага салыктын ставкасы 10 процент өлчөмдө, ал эми
табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъекттери үчүн -20
процент өлчөмдө белгиленген. Албетте, мында республикалык бюджетке
салыктардын түшүшү пайдага салыктын ставкасы 20 процент болгон
былтыркы жылга салыштырмалуу азаят. 2005-жылы иш жүзүндө 1283,0 млн.
сом пайдадан алынган салык түшкөн, ал эми 2006-жылы 1019,0 млн. сом
салык түшүшү күтүлүүдө, мында бюджеттин коромжулугу 264,0 млн. сомду
түзөт. Бул Мыйзам кабьш алынса, бюджеттин тикелей коромжулуктарын
жабуучу альтернативдүү булактар болбогондуктан бюджеттин киреше
бөлүгүнүн ого бетер азайышына апып келет.
Сунушталып жаткан Мыйзамдын долбоору ошондой эле Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 2001-жылдын
26-июнундагы № 410-П токтому жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2001-жылдын 29-майындагы № 255 токтому менен жактырылган Кыргыз
Республикасынын салык саясатын өркүндөтүүнүн 2001-2010-жылдарга карата
колдонуудагы концепциясынын жоболоруна да каршы келет.
Анын үстүнө, юридикалык жак - Кыргыз Республикасынын
резиденттеринин салыктан бошотулчу, реинвестицияга жумшалчу кирешеси
Кыргыз Республикасынын 2005-2007-жылдарга карата экономикалык саясаты
жөнүндө меморандумга каршы келет, анда салыктык жењилдиктерди тартипке
салуу каралган, бул пайдага салыктын жана жеке киреше салыгынын
ставкаларын азайтуу жагындагы сунушталган демилгелердин бюджеттин
кирешесине карата нейтралдуулугун камсыз кылат.
Жогоруда айтылгандарды эске алып, Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
бул долбоорун кабыл алуу зарыл эмес деп эсептейбиз.
Премьер-министр Ф.Кулов