Загрузка документа…
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 13-июну N 423
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Объекттерди курууда заказчы-куруучунун кызматын күтүүгө чыгымдардын нормативин бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-мартындагы N 92, КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221, 2025-жылдын 25-декабрындагы № 834 , 2026-жылдын 6-мартындагы № 158 , 2026-жылдын 23-майындагы № 365 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Объекттерди курууда заказчы-куруучунун кызматынын иштешине чыгымдарды аныктоонун бирдиктүү тартибин белгилөө максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарын пайдалануу менен курулушту ишке ашыруучу заказчы-куруучунун кызматын күтүүгө чыгымдардын нормативи негизги капиталга (капиталдык салымдарга) инвестициялардын жана негизги фонддорду ремонттоого чыгымдардын көлөмүнүн 2,9 процентине чейинки өлчөмдө бекитилсин.
Чыгымдардын бул нормативи Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан берилген заказчы-куруучуга, Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасына, "Ысык-Көл" бирдиктүү башкаруу компаниясы" мамлекеттик ишканасына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Барскоон-Бедел автомобиль жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция" мамлекеттик мекемесине карата колдонулат.
«Бул норматив мамлекеттик капиталдык салымдардын каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунун каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылуучу жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун курууда жана реконструкциялоодо да колдонулушу мүмкүн, ал боюнча заказчы болуп Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин заказчынын функцияларын аткарган ведомстволук уюмдары чыгат.»
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-мартындагы N 92, КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221, 2025-жылдын 25-декабрындагы № 834 , 2026-жылдын 6-мартындагы № 158 , 2026-жылдын 23-майындагы № 365 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-мартындагы N 92 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| Ф.Кулов |