Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 14-июнундагы № 430 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районундагы Бешкент айыл өкмөтүнүн аймагында газ толтуруучу станцияларды куруу үчүн жер участкаларын беруү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда чакан жана орто бизнестиөнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер
кодексинин 20-статьясына ылайык Кыргаз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун мамлекеттикадминистрациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнчареспубликалык комиссия менен макулдашылган, Кыргаз РеспубликасынынБаткен облусунун Лейлек районунун Бешкент айыл өкмөтүнун аймагында газтолтуруучу станцияларды куруу үчүн Айыл чарба жерерин кайра бөлүштүрүүфондунун 1,1 га жерин, анын ичинде 0,6 га - сугат айдоосун, , 0,5 га -көп жылдык өсүмдүктөр баскан жерин берүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын. 2. Бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлер "Айыл чарбабагытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш,коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун. 3. Баткен облусунун мамлекеттик администрациясы: - "Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес керектөөлөр үчүн алыпкоюуга байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордунтолтуруунун наркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66
токтомуменен белгиленген нормативдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүнжоготууларынын ордун толтуруунун наркынын жана алынбай калган пайданынордун төлөшүн камсыздасын; - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдүкиргизсин. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайраиштетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов