Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 25-мартындагы N 166 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 14-июнундагы № 435

 

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

                                  

     "Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери

     жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана

        толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын

               Мыйзам долбооруна макулдук берүү жөнүндө

                                  

   Кыргыз  Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна

ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмоөү токтом кылат:

   1.  "Кыргыз  Республикасында  бюджеттик укуктун негизги принциптери

жөнүндө"   Кыргыз   Республикасынын   Мыйзамына   өзгөртүүлөрдү   жана

толуктоолорду   киргизүү   тууралуу"  Кыргыз  Республикасынын   Мыйзам

долбооруна тиркелген корутундунун негизинде макулдук берилсин.

   2.     Бул     токтом    Кыргыз    Республикасынын    Президентинин

Администрациясына жиберилсин.

  

   Премьер-министр                               Ф.Кулов

  

  

Кыргыз Республикасынын

14-июну 2006-жылдын №24-1467 Президентинин Администрациясына

 

           "Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги

         принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

      өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз

       Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын

                               Өкмөтүнүн

                              КОРУТУНДУСУ

                                  

   Кыргыз     Республикасынын     Өкмөтү    Кыргыз     Республикасынын

Конституциясынын    65-статьясынын    5-пунктуна    ылайык,     Кыргыз

Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 10-апрелиндеги № 114 буйругу

менен түзүлгөн Мињжылдыктын чакырыктары корпорациясы менен кызматташуу

боюнча  комиссия  тарабынан демилге кылынган  "Кыргыз  Республикасында

бюджеттик  укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына  өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу"  Кыргыз

Республикасынын   Мыйзам   долбоорун   карап   чыгып,    "Мињжылдыктын

чакырыктары  эсеби"  америкалык фондунан жардам  алуу  үчүн  шарттарды

аткаруу  максатында  аны кабыл алууга төмөнкүдөй  сын-пикирлерди  эске

алуу менен макулдук берет.

   Ушул   Мыйзам  долбоорунун  1-статьясынын  2-пунктунда  29-статьяны

бюджеттик  каражаттарды  секвестеризациялоого  Кыргыз  Республикасынын

Сотторунун  кењешинин милдеттүү макулдугун кароочу үчүнчү бөлүк  менен

толуктоо сунуш кылынат.

   "Кыргыз   Республикасында  бюджеттик  укуктун  негизги  принциптери

жөнүндө"     Кыргыз    Республикасынын    Мыйзамынын    29-статьясында

республикалык бюджеттин чыгымдарынын секвестери Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн   сунушу  боюнча  Кыргыз  Республикасынын   Жогорку   Кењеши

тарабынан бекитилээри аныкталгандыгын белгилөө керек.

      Ушуга  байланыштуу  "Кыргыз  Республикасында  бюджеттик  укуктун

негизги  принциптери  жөнүндө" Кыргыз Республикасынын  Мыйзамынын  29-

статьясына   аталган  толуктоону  киргизүү  максатка   ылайыксыз   деп

эсептейбиз.

 

 

   Премьер-министр                                  Ф. Кулов