Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы N 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 17-июну №442
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Парник газдарынын таралышы жана жутулушу жаатындагы
мамлекеттик жөнгө салуу жана саясат жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна
ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты К.К.Иманалиев
тарабынан демилге кылынган "Парник газдарынын таралышы жана жутулушу
жаатындагы мамлекеттик жөнгө салуу жана саясат жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбооруна тиркелген корутундунун негизинде
макулдук берилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.
Премьер-министр Ф.Кулов
2006-жылдын 17-июну №15-57/16
"Парник газдарынын таралышы жана жутулушу жаатындагы
мамлекеттик жөнгө салуу жана саясат жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн корутундусу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин депутаты К.К.Иманалиев тарабынан демилге кылынган "Парник
газдарынын таралышы жана жутулушу жаатындагы мамлекеттик жөнгө салуу
жана саясат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап
чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-
пунктун жетекчиликке алып төмөнкү сын-пикирлерди эске алуу менен аны
кабыл алууга макулдук берет.
1. Мыйзам долбоорунун 1-главасын "Жалпы жоболор" деп атоону сунуш
кылабыз, анткени анда парник газдарынын таралышы жана жутулушу
жаатындагы негизги нормалар баяндалган.
2. Коммерциялык эмес уюмдар дагы юридикалык жактар болуп
саналгандыктан долбоордун 1-статьясындагы "коммерциялык эмес уюмдар"
деген сөздөрдү алып салууну сунуш кылабыз.
3. 2-статьяда:
- мыйзам долбоорунун тиешелүү статьяларында "парник газдарынын
таралуу объекти" жана "парник газдарынын жутулуу объекти" деген
терминдер пайдаланылганын эске алып, бул түшүнүктү 2-статьяда
келтирилген түшүнүк берүүчү аппаратка анын мазмунун ачуу менен
киргизүүнү сунуш кылабыз;
- 2-пункттун төртүнчү жана бешинчи абзацтарындагы "аккредитациялоо
менен" деген сөздөрдү "белгиленген тартипте ыйгарып укуктуу
мамлекеттик органдарга берилген компетенциясы менен" деген сөздөр
менен алмаштырууну сунуш кылабыз, анткени "Кыргыз Республикасында
техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын 33-статьясына ылайык аккредитация Кыргыз Республикасында
аккредитациялоонун ыктыярдуулугу жана милдеттүүлүгү принцибинде ишке
ашырылат, жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын 27-статьясына ылайык
сертификациялоо боюнча органдар жана продукцияларды милдеттүү түрдө
сертификациялоо чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү сыноочу лабораториялар гана
тийиштүү.
4. 3-статьяны төмөнкү мазмундагы пункт менен толуктоону сунуш
кылабыз:
"- Кыргыз Республикасынын атмосферасында парник газдарынын
кармалышына мониторинг жүргүзүүнүн мамлекеттик системасынын иштешин
камсыздоо жана өлчөө натыйжаларынын маалыматтар базасын түзүү".
5. 5-статьянын 3-пунктун алып салууну сунуш кылабыз, анткени бул
пунктта парник газдарынын таралышынын жана жутулушунун көлөмдөрүн эске
алуу менен Кыргыз Республикасынын ыйгарым укук берилген органдары
тарабынан мамлекеттик контролду ишке ашыруу каралат. Мында 3-статьянын
16-пунктунун мазмунунан парник газдарынын таралышы жана жутулушу
жаатындагы мамлекеттик саясат парник газдарынын таралышынын жана
жутулушунун көлөмдөрүнө байкоо жүргүзүү, өлчөө, эсепке алуу жана
контролдоо методдору, ошондой эле маалыматтарды мониторингдөөнүн,
жыйноонун, иштетүүнүн, сактоонун жана жайылтуунун методдору
бирдиктүүлүк жана салыштыруучулук абалы боюнча ишке ашырылгандыктан
Мыйзам долбоорунун 3-статьясынын көрсөтүлгөн пунктунун нормаларын эске
алуу менен 5-статьяны толуктап иштеп чыгууну сунуш кылабыз.
6. 6-статьяда:
- 1-пункттун 2-пунктчасын "жана анын атмосферадагы кармалышы" деген
сөздөр менен толуктоону сунуш кылабыз;
- 2-пункттун 4-пунктчасын төмөнкүдөй редакцияда берүүнү сунуш
кылабыз: "парник газдарынын таралышы жана жутулушу жөнүндөгү
маалыматтарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык
парник газдарына инвентаризация жүргүзүү үчүн зарыл болгон
маалыматтарды министрликтерден, администрациялык ведомстволордон,
ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан акысыз алуу;";
- 2-пункттун 5-пунктчасынан "жана стандарттар" деген сөздөрдү алып
салууну сунуш кылабыз, анткени "Кыргыз Республикасында техникалык
жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-
статьясына ылайык стандарттарды колдонуунун ыктыярдуулук принциби
белгиленген;
- 3-пункттун 1-пунктчасын "иштеп чыгууларды уюштуруу, иштеп чыгуу
жана" деген сөздөрдөн кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү"
деген сөздөр менен толуктоону сунуш кылабыз, анткени парник газдарынын
таралышын жана жутулушун жөнгө салуу боюнча эрежелер, жоболор,
нускамалар, нормативдер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен
бекитилүүгө тийиш, ушуга байланыштуу "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 17-декабрындагы № 588
токтомунда техникалык жөнгө салуу жаатында сунуштоочу мүнөздөгү гана
актыларды чыгарууга министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин,
администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка
органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын укуктары
аныкталган. Жогоруда айтылгандарга байланыштуу 1-пункттун 3-
пунктчасына парник газдарынын таралышын жана жутулушун жөнгө салуу
боюнча эрежелерди, жоболорду, нускамаларды жана нормативдерди Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүн, анын ичинде тематикалык
долбоорлорду ишке ашыруунун механизмдерин аныктоочу маселелерди
кошумча киргизүүнү сунуш кылабыз;
- 2-пункттун 12 жана 13-пунктчаларын 3-пунктка кошууну сунуш
кылабыз, анткени Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин
аткаруучунун 2005-жылдын 18-июлундагы № 281 Жарлыгы менен бекитилген
Климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери боюнча улуттук комитет жөнүндө
жобонун 5-пунктунун онунчу абзацына ылайык климаттын өзгөрүшү жана
ушул процесске кењири катышууну колдоо маселелери боюнча билим берүү,
кадрларды даярдоо жана калкты агартуу жаатында иш-чараларды уюштуруу,
анын ичинде өкмөттүк эмес уюмдарды уюштуруу Климаттын өзгөрүшүнүн
кесепеттери боюнча улуттук комитеттин негизги милдеттеринин бири болуп
эсептелет.
7. 10-статьянын 1-пунктун "ошондой эле башка" деген сөздөрдөн кийин
төмөнкүдөй редакцияда берүүнү сунуш кылабыз:
"Адистештирилген компетенттик уюмдар же ыйгарым укуктуу мамлекеттик
органдар тарабынан белгиленген тартипте дайындалган уюмдардын
бөлүмдөрү же мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдар тарабынан
белгиленген тартипте аттестацияланган жеке адамдар. Компетенттүү
юридикалык жактарды дайындоо же жеке адамдарды аттестациялоо тартиби
Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан
белгиленет". Аккредитациялоо бөлүгүндөгү негиздер жогоруда баяндалды.
Юридикалык жана жеке жактарды сертификациялоо жөнүндө айтсак, алар
сертификацияланышы мүмкүн эмес, анткени республикада парник газдарынын
таралышы жана жутулушу чөйрөсүндөгү иштерди жөнгө салуу жаатында
сертификациялоо системасы түзүлгөн эмес жана ушул багыт боюнча
сертификациялоочу органдар жок. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар
"Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аккредитациялоо жана
сертификациялоо маселелери менен алектенүүгө укуксуз. Милдеттүү түрдө
сертификациялоо аталган Мыйзамдын 27-статьясына ылайык сертификациялоо
боюнча аккредитацияланган орган тарабынан жүргүзүлөт. Аккредитациялоо
менен ушул Мыйзамдын 1-статьясына ылайык аккредитациялоо боюнча орган
алектенет. Аккредитациялоо эл аралык нормаларга жана эрежелерге
негизделет жана жогоруда аталган Мыйзамдын 33-статьясына ылайык Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте ишке ашырылат.
8. 11-статьянын 2-пунктунда "аккредитацияланган жана
сертификацияланган" деген сөздөрдү "аттестацияланган" деген сөз менен
алмаштырууну сунуш кылабыз.
9. 12-статьяда:
- статьянын аталышын "инвентаризациялоо" деген сөздөн кийин "жана
мониторингдөө" деген сөздөр менен толуктоону сунуш кылабыз, анткени
аталган статьянын 3-пунктунда парник газдарынын таралышынын
инвентаризациялоонун, мониторингдөөнүн натыйжалары сертификациялоого
жатаары көрсөтүлгөн;
- 1-пункттун биринчи сүйлөмүн "ошондой эле" деген сөздөрдөн кийин
төмөнкүдөй редакцияда берүүнү сунуштайбыз:
"белгиленген тартипте компетенттүү юридикалык жак же
аттестацияланган жеке адам тарабынан дайындалган";
- 1-пункттун экинчи сүйлөмүндөгү "аккредитациялоо" деген сөздү
"компетенттүү юридикалык жактарды дайындоо жана жеке адамдарды
аттестациялоо" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.
10. 13-статьяда:
- 1-пунктту ушул корутундунун 7-пунктунда баяндалган негиздемеге
ылайык алып салууну сунуштайбыз;
- анткени Мыйзам долбоорунун 6-статьясынын 1-пунктунун 3-
пунктчасына ылайык парник газдарынын таралышынын нормативдеринин
методикасын бекитүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укугуна
киргендиктен 2-пунктту аталган нормага ылайык келтирүүнү сунуш
кылабыз.
Премьер-министр Ф.Кулов