Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 19-июнундагы № 445 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Сарыжаз дарыясында гидроэлектростанциялардын каскадын куруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын энергитикалык коопсуздугун камсыз кылуу,гидроресурстарды андан ары өнүктүрүү жана өздөштүрүү, электрэнергиясынын экспорттук көлөмүн көбөйтүү, өлкөнүн өнөр жайын өнүктүрүүүчүн шарттарды түзүү, Сарыжаз дарыясынын районунда жањы өндүрүштөрдүачуу максатында жана Сарыжаз дарыясында гидроэлектростанциялардынкаскадынын куруу биздин өлкөнүн экономикасы үчүн өзгөчө мааниге эээкенин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. «Сарыжаз Энерго» жабык акционердик коомунун Сарыжаз дарыясындадолбоордук кубаттуулугу 750 МВтдан кем эмес гидроэлектростанциялардынкаскадынын техникалык-экономикалык негиздемесин, жумушчу долбооруништеп чыгуу жана куруу жөнүндөгү сунушу колдоого алынсын. 2. Техникалык-экономикалык негиздемени, жумушчу долбоорду иштепчыгуу жана Сарыжаз дарыясында гидроэлектростанциялардын каскадын куруу«Сарыжаз Энерго» жабык акционердик коомунун өздүк каражаттарынын жанакредиттик каражаттардын эсебинен аткарыла тургандыгы белгиленсин.Курулган объектини эксплуатациялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтарабынан эч кандай кепилдиксиз жана милдеттерди алуусуз өзүн өзүкаржылоо жана өзүн өзү актоо принциптеринде жүргүзүлөт. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика жана газбоюнча мамлекеттик инспециясы «Сарыжаз Энерго» жабык акционердик коомуменен бирдикте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин кароосунакиргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен «Сарыжаз Энерго»жабык акционердик коомунун (мындан ары - Тараптар) ортосундагымеморандумдун долбоорун жана Тараптардын ортосундагы Инвестициялыкмакулдашуунун долбоорун даярдасын. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨнөр жай, соода жана туризм министрлигине жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов