Редакцияот 14.06.2006
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
                                       Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн                                         2006-жылдын 14-июнундагы № 428                                               токтому менен бекитилген               Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин                           Аппараты жөнүндө                                 ЖОБО                             I. Жалпы жоболор      1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппараты (мындан ары- Премьер-министрдин Аппараты) Кыргыз Республикасынын Премьер-министри-нин (мындан ары - Премьер-министр) ишин камсыздоочу, аналитикалык, маа-лыматтык жана башка материалдарды даярдоочу,  тийиштүү сунуштарды иштепчыгуучу,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (мындан ары - Өкмөт) токтом-дорунун жана буйруктарынын, Премьер-министрдин буйруктарынын долбоорло-рун  даярдоочу,  Өкмөттүн  жана Премьер-министрдин чечимдерин контролгоалуучу жана аткарылышын текшерүүчү орган.     2. Премьер-министрдин  Аппараты  өз  ишинде Кыргыз РеспубликасынынКонституциясына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Респуб-ликасынын  конституциялык Мыйзамына,  Кыргыз Республикасынын башка мый-замдарына,  Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына жана буй-руктарына,  Өкмөттүн токтомдоруна жана буйруктарына, Кыргыз Республика-сынын Премьер-министринин,  вице-премьер-министрлеринин (мындан  ары  -вице-премьер-министр), Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппа-рат жетекчиси - министрдин (мындан ары - Аппарат жетекчиси)  анын  орунбасарларынын көрсөтмөлөрүнө жана ушул Жобого таянат.     3. Премьер-министрдин Аппараты Кыргыз Республикасынын  Президенти-нин Администрациясы,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Аппаратыменен байланышта иштейт жана аткаруу бийлигинин  органдары  жана  башкамамлекеттик  органдар  менен  бирдикте Өкмөттүн жана Премьер-министрдиныйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыздайт.     4. Премьер-министрдин  Аппараты  юридикалык  жак болот жана КыргызРеспубликасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлүп,  өзүнүн  аталышыжазылган  мөөрү,  башка  мөөрлөрү,  штамптары жана белгиленген үлгүдөгүбланктары болот.             II. Премьер-министрдин Аппаратынын функциялары      5. Премьер-министрдин Аппараты:     а) экономиканын тармактарында, финансы, коргонуу, коопсуздук, ичкижана тышкы саясат чөйрөлөрүндө мамлекеттик башкаруу  жана  жөнгө  салуумаселелеринде Премьер-министрдин ишин камсыздайт;     б) республикадагы социалдык-экономикалык абалга  талдоо  жүргүзөт,аткаруучу бийлик органдарына тийиштүү маалыматтарды иштеп чыгат, эконо-миканын тармактарын жана тармакчаларын жана социалдык чөйрөнү өнүктүрүүбожомолдорун  даярдоону уюштурат жана экономиканы өнүктүрүү,  социалдыкжана чарбалык маанидеги негизги  масслелерди  чечүү  боюнча  сунуштардыӨкмөттүн, Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин кароосуна кир-гизет,  жалпы мамлекеттик кызыкчылыктарга жараша  ишти  жакшыртуу  жанакемчиликтерди жоюу боюнча сунуштарды даярдайт;     в) Өкмөттүн,  Премьер-министрдин  токтомдору  менен  буйруктарынындолбоорлорун  жана Өкмөттүн,  Премьер-министрдин,  вице-премьер-минист-рлердин,  Аппарат жетекчисинин, анын орун басарларынын министрликтерге,мамлекеттик комитеттерге,  администрациялык ведомстволорго, мамлекеттикфонддорго,  жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга,  жергиликтүү өзалдынча  башкарууларга  (өткөрүп берилген мамлекеттик функциялардын че-гинде),  юридикалык жактарга (уставдык  капиталында  мамлекеттин  үлүшүбарларга) Кыргыз Республикасынын Президентинин,  Кыргыз РеспубликасынынЖогорку Кењешинин тапшырмаларын аткарууну уюштуруу боюнча,  ошондой элеӨкмөттүн,  Премьер-министрдин,  вице-премьер-министрлердин, Аппарат же-текчисинин жана анын орун басарларынын компетенциясына кирген башка ма-селелер боюнча тапшырмаларынын долбоорлорун даярдайт;     г) министрликтердин,  мамлекеттик комитеттердин,  администрациялыкведомстволордун  жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын иште-рин координациялайт, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, адми-нистрациялык ведомстволордун,  мамлекеттик фонддордун өз ара байланыштаиштөөсүн камсыздайт, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, адми-нистрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жа-на жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын,  жергиликтүү өз алдынчабашкаруу  органдарынын Кыргыз Республикасынын Президентинин жана КыргызРеспубликасынын Жогорку Кењешинин Өкмөттүн компетенциясына кирген масе-лелер  боюнча актыларын,  Өкмөттүн чечимдерин,  Премьер-министрдин жанавице-премьер-министрлердин тапшырмаларын аткарышына контролду уюштурат.Зарыл  болсо иштин чыныгы абалын текшерет жана ал чечимдердин жана тап-шырмалардын аткарылышын камсыздоо боюнча кошумча чара көрүү жөнүндө су-нуштарды иштеп чыгат, аткаруунун жүрүшүн, кабыл алынган чечимдердин жа-на берилген тапшырмалардын натыйжалуулугун жана майнаптуулугун талдайт,ал  чечимдерди  жана  тапшырмаларды аткаруунун кошумча же алтернативдүүжолдору жөнүндө сунуштарды иштеп чыгат;     д) Өкмөттүн  токтомдоруна  жана буйруктарына расмий түшүндүрмө бе-рет;     е) Өкмөткө жана Премьер-министрдин Аппаратына келген документтердижана мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик админист-рациялардын,  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Кыргыз Рес-публикасынын Жогорку Кењешинин депутаттарынын жана жарандардын кайрылу-уларын  иштеп чыгат жана Премьер-министрге,  вице-премьер-министрлерге,Аппарат жетекчисине жана анын орун  басарларына  баяндайт,  киргизилгендокументтер жана кайрылуулар боюнча аналитикалык, маалыматтык жана баш-ка материалдарды,  ошондой  эле  алар  боюнча  Премьер-министрдин,  ви-це-премьер-министрлердин,  Аппарат жетекчисинин, анын орун басарларынынтапшырмаларынын долбоорлорун даярдайт жана чара көрүү үчүн тийиштүү ат-каруучу бийлик органдарына жиберет;     ж) министрликтердин,  мамлекеттик комитеттердин,  администрациялыкведомстволордун,  аткаруу  бийлигинин  башка органдарынын,  жергиликтүүмамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү  өз  алдынча  башкарууоргандарынын сунуштарын эске алуу менен Өкмөттүн иш планынын долбоорло-рун даярдайт;     з) Өкмөттүн  жыйындарында каралчу материалдар боюнча керектүү ана-литикалык жана маалыматтык материалдарды даярдайт, ал жыйындарды уюшту-руу жагынан камсыздайт,  Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердинкатышуусу менен өткөрүлчү кењешмелерди жана  башка  иш-чараларды  даяр-дайт, кабыл алынган чечимдерди тариздейт жана чыгарат;     и) иш кагаздардын так  жүргүзүлүшүн,  кызматтык  жана  мамлекеттиксырды камтыган маалыматтардын жана мыйзам менен корголуучу башка маалы-маттардын жашырындык режими сакталышын камсыздайт;     к) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен берилген компетенциясы-нын чегинде Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик коми-теттеринин, администрациялык ведомстволорунун, аткаруу бийлигинин башкаоргандарынын,  жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана  жерги-ликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадрларын тандоону жана жайгаш-тырууну ишке ашырат;     л) Премьер-министрдин Аппаратынын кызматкерлеринин эмгеги жана ти-ричилиги үчүн керектүү шарттарды түзөт;     м) Өкмөттүн  Кыргыз  Республикасынын  Жогорку Кењешиндеги туруктууөкүлү менен бирдикте мыйзам чыгаруу иши боюнча Премьер-министрдин  Кыр-гыз  Республикасынын  Жогорку Кењеши менен өз ара байланышта иштешүүсүнкамсыздайт жана Өкмөттүн  өкүлдөрүнүн  Кыргыз  Республикасынын  ЖогоркуКењешинин ишине катышуусун уюштурат;     н) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттарынын Өкмөткөжана Премьер-министрдин Аппаратына келген суроо-талаптарын иштеп чыгуу-ну уюштурат,  алар боюнча Премьер-министрдин,  вице-премьер-министрлер-дин,  Аппарат  жетекчисинин жана анын орун басарларынын тапшырмаларынындолбоорлорун, ошондой эле корсөтүлгөн маселелер боюнча жооптун долбоор-лорун даярдайт;     о) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин токтомдору жана прото-колдук  тапшырмалары  өз  убагында жана сапаттуу аткарылышына контролдукамсыздайт;     п) мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттеринен келген мыйзам долбо-орлору боюнча Өкмөттүн жазуу жүзүндөгү корутундуларын жана  расмий  пи-кирлерин даярдоону уюштурат;     р) соттордон Өкмөткө жана Премьер-министрдин Аппаратына кирген до-кументтердин иштетилишин аныкталган тартипте уюштурат;     с) жарандардын Өкмөткө жана Премьер-министрдин  Аппаратына  дарек-телген кайрылууларын карайт жана аларда коюлган маселелерди чечүү боюн-ча сунуштарды даярдайт,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депу-таттарынын,  жарандардын жана уюмдардын Өкмөткө жана Премьер-министрдинАппаратына келген каттарын жана башка  кайрылууларын  кароо  жана  чаракөрүү үчүн аткаруу бийлигинин тийиштүү органдарына жиберет, жарандардынаталган кайрылуулары боюнча маалыматтык-талдоо ишин жүргүзөт;     т) Өкмөттүн,  Премьер-министрдин  жана  вице-премьер-министрлердинпротоколдук иш-чараларын өткөрүү уюштурулушун камсыздайт;     у) Өкмөттүн чечимдерине,  Премьер-министрдин жана вице-премьер-ми-нистрлердин тапшырмаларына ылайык башка функцияларды аткарат.             III. Премьер-министрдин Аппаратынын структурасы      6. Премьер-министрдин Аппаратынын  уюштуруу  структурасына  Премь-ер-министрдин  Аппаратынын  жетекчилиги (башкармалыктар жана өз алдынчабөлүмдөр) кирет.  Премьер-министрдин Аппаратын  Кыргыз  РеспубликасынынПремьер-министринин  Аппарат  жетекчиси  - министр башкарат,  анын эки,анын ичинен бирөө биринчи орун басары болот. Башкармалыктардын курамынабөлүмдөр  жана секторлор кирет,  өз алдынча бөлүмдөргө секторлор киришимүмкүн.  Премьер-министрдин Аипаратынын структуралык бөлүмдөрү өз иште-рин бири бири менен тыгыз байланышта жүргүзүшөт.     7. Премьер-министрдин Аппаратынын структурасын жана  штатын  Өкмөтбекитет.     8. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппарат жетекчисин -министрди  кызматка Премьер-министрдин сунушу жана Кыргыз Республикасы-нын Жогорку Кењешинин макулдугу боюнча Кыргыз Республикасынын Президен-ти дайындайт.     Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппарат  жетекчисин-ми-нистрди ээлеген кызматынан бошотуу тартиби Кыргыз Республикасынын Конс-титуциясынын 46-статьясы жана "Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү  жөнүндө"Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамы менен жөнгө салынат.     9. Премьер-министрдин Аппаратынын кызматкерлери  мамлекеттик  кыз-матчы  болушат.  Премьер-министрдин  Аппаратынын  жооптуу кызматкерлериушул Жобо менен аныкталуучу компетенцияларынын чегинде жана Премьер-ми-нистрдин  Аппаратынын тийиштүү структуралык бөлүмдөрү жөнүндө жоболоргоылайык бардык мамлекеттик жана башка органдар жана жарандар менен  бол-гон мамиледе анын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп эсептелишет.     Премьер-министрдин Аппаратынын кызматкерлери өз иштериндеги  масе-лелер  боюнча жетекчилердин жана башка кызмат адамдарынын токтоосуз ка-был алуусуна укуктуу,  ошондой эле кызматтык күбөлүгүн  көрсөтүү  мененбардык  мамлекеттик жана коомдук органдарга,  ишканаларга,  мекемелергежана уюмдарга тоскоолдуксуз кирүү укугунан пайдаланышат.     Премьер-министрдин Аппаратынын  кызматкерлери  өз укуктарын КыргызРеспубликасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырышат жана милдеттерди  ат-карышат.     10. Аппарат жетекчиси:     а) Премьер-министрдин  Аппаратынын  ишин уюштурат жана Премьер-ми-нистрдин Аппаратына тапшырылган функциялардын аткарылышы үчүн жеке  жо-опкерчиликте болот;     б) кезектеги мезгилге карата Өкмөттүн жыйындарынын планынын долбо-орлорун жана Өкмөттүн жыйындарынын күн тартибинин долбоорлорун аныктал-ган тартипте түзөт;     в) Премьер-министрдин Аппаратынын башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүнжана башка структуралык бөлүмдөрүнүн иш тартиптерин аныктайт;     г) Өкмөткө Премьер-министрдин Аппаратынын,  министрликтердин, мам-лекеттик  комитеттердин,  администрациялык  ведомстволордун,  аткаруучубийлик органдарынын жана  жергиликтүү  мамлекеттик  администрациялардыништерин жакшыртуу жана өркүндөтүү жөнүндө сунуштарды киргизет;     д) Премьер-министрге Өкмөттүн чечимдеринин долбоорлору менен мате-риалдарды баяндайт;     е) Өкмөттүн токтомдорунун жана буйруктарынын тиркемелерине кол ко-ет;     ж) өз  компетенциясына кирген маселелер боюнча буйруктарды чыгаратжана министрликтерге,  мамлекеттик комитеттерге,  администрациялык  ве-домстволорго,  аткаруу бийлигинин башка органдарына, жергиликтүү мамле-кеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органда-рына тапшырмаларды берет, алардын аткарылышын контролдойт;     з) Кыргыз Республикасынын  Президентинин  Администрациясы,  КыргызРеспубликасынын Жогорку Кењешинин Аппараты,  Кыргыз Республикасынын сотбийлигинин органдары,  чет өлкөлөрдүн мамлекеттик жогорку органдары ме-нен иштешүүдө өз ара байланышты уюштурат;     и) Премьер-министрдин  Аппаратынын структурасын жана штаттык санынӨкмөттүн бекитүүсүнө берет;     к) эмгектик келишимдерди түзөт;     л) Аппарат жетекчисинин орун басарларын,  Премьер-министрдин Аппа-ратынын башкармалыктарынын начальниктерин,  бөлүм башчыларын, башкарма-лыктардын начальниктеринин жана бөлүм башчылардын орун басарларын, сек-тор башчыларын кызматка дайындоо жана бошотуу жөнүндө Премьер-министргесунуштарды киргизет;     м) Премьер-министрге макулдашуу боюнча Премьер-министрдин  Аппара-тынын  ушул  Жобонун 10-пунктунун "л" пунктчасында көрсөтүлгөндөн башкажооптуу кызматчыларын кызматка дайындайт жана бошотот,  Премьер-минист-рдин  Аппаратынын кредиттеринин тескөөчүсү болот жана ага Өкмөттүн жанаПремьер-министрдин чечими менен берилген башка ыйгарым укуктарга ээ;     11. Аппарат жетекчиси жана анын орун басарлары төмөнкүдөй укуктар-га ээ:     - министрликтерден,  мамлекеттик  комитеттерден,  администрациялыкведомстволордон,  жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан,  аткаруубийлигинин башка органдарынан,  мамлекеттик концерндерден,  бирикмелер-ден,  ишканалардан, уюмдардан жана мекемелерден керектүү материалдарды,ошондой  эле  алардын Өкмөттүн чечимдерин,  Премьер-министрдин жана ви-це-премьер-министрлердин  тапшырмаларын  аткарганы  жөнүндө  отчеттордуалууга;     - министрликтерге,  мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ве-ломстволорго,  аткаруу бийлигинин башка органдарына, жергиликтүү мамле-кеттик администрацияларга токтомдордун, буйруктардын долбоорлорун даяр-доонун  жана  аларды  Өкмөткө берүүнүн тартиби,  мөөнөттөрү жөнүндө ке-ректүү көрсөтмөлөрдү берүүгө, аларга Өкмөттүн чечимдеринин долбоорлорунжана башка документтерди корутунду үчүн жиберүүгө;     - Премьер-министрдин Аппаратынын кызматчыларын сыйлоого жана  жазачараларын колдонууга.     12. Аппарат жетекчиси,  аны орун басарлары  же  Премьер-министрдинАппаратынын  документтик  камсыздоо жана контролдоо башкармалыгынын на-чальниги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн белгиленген Регламентин, Кыр-гыз  Республикасынын  Премьер-министринин Аппаратында документтер менеништөөнүн Регламентинде белгиленген тартипти бузуу менен киргизилген до-кументтерди министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялыкведомстволорго,  аткаруу бийлигинин башка органдарына, жергиликтүү мам-лекеттик администрацияларга, уюмдарга жана мекемелерге кайра жиберишет.     13. Премьер-министрдин Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары:     - Аппарат жетекчиси жокто анын милдеттерин аткарат;     - Премьер-министрдин Аппаратынын документтерди контролдоо жана ат-каруу маселеси боюнча ишин координациялайт жана контролдойт;     - расмий делегацияларды визитке жиберүүгө жана аларды кабыл алуугадаярдануу жана өткөрүү боюнча ишти координациялайт;     - Премьер-министрдин Аппаратынын чыгымдарынын сметасы  боюнча  фи-нансылык маселелерди контролдойт;     - Премьер-министрдин Аппаратынын ишин материалдык-техникалык  кам-сыздоо боюнча ишти координациялайт.     14. Аппарат жетекчисинин орун басары:     - республикалык  жана  жергиликтүү аткаруучу бийлик органдарындагыуюштуруучулук жана кадрлык иштер тармагында бирдиктүү мамлекеттик  сая-сат  жүргүзүү маселеси боюнча Прсмьер-министрдин,  вице-премьер-минист-рлердин иштерин камсыздайт;     - Премьер-министрдин жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жанажергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамиледеги ыйга-рым укуктарын ишке ашырууга байланыштуу уюштуруу маселелерин чечет;     - администрациялык реформа,  мамлекеттик кызмат ишинин натыйжалуу-лугун  арттыруу,  мамлекеттик  башкарууну децентралдаштыруу жана жерги-ликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик  саясаттыишке ашыруу боюнча ишти уюштурат жана координациялайт.     15. Премьер-министрдин Аппаратынын атынан жазылган,  республиканынөнүгүүсүнүн  социалдык-экономикалык  жана коомдук-саясий абалы үчүн ор-чундуу мааниге ээ каттарга Аппарат  жетекчиси  кол  коет.  Оперативдүү,техникалык  же  уюштуруу-жол-жоболук  мүнөздөгү документтерге анын орунбасарлары,  айрым учурларда алардын тапшыруусу боюнча башкармалыктардынначальниктери  (бөлүм башчылар) тийиштүү башкармалыктын (бөлүмдүн) ком-петенциясына кирген маселелер боюнча кол коюшат.     16. Премьер-министрдин Аппаратынын башкармалыктары жана өз алдынчабөлүмдөрү өз функцияларын ушул Жобого  жана  подразделениелер  тейлөөчүчөйрөдөгү  маселелер  боюнча Башкармалыктар жана бөлүмдөр жөнүндө жобо-лорго ылайык аткарышат.     Башкармалыктын жана  өз  алдынча  бөлүмдүн ишин башкармалыктын па-чальниги жана өз алдынча бөлүмдүн башчысы тике жетектейт.     17. Премьер-министрдин  Аппаратынын  башкармалыгы  жана өз алдынчабөлүмү Премьер-министрдин жана вице-премьер-министрлердин,  Аппарат же-текчисинин  жана  анын  орун  басарларынын иштерин өзү тейлеген чөйрөгөкирген маселелер боюнча камсыздайт жана тийиштүү мамлекеттик  органдар,уюмдар менен өз ара байланышта иштейт.     18. Башкармалык   жана   өз   алдынча   бөлүм  белгиленген  тейлөөчөйрөсүнүн чегинде:     а) аткаруу бийлигинин жана башкаруунун борбордук органдарынын  ор-тосундагы өз ара байланышта иштешүүнү координациялайт жана ишке ашырат,министрликтердин,  мамлекеттик комитеттердин,  администрациялык ведомс-тволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү мамлекет-тик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары-нын,  айылдык  жана  поселоктук  кењештердин,  айыл өкмөттөрдүн иштериналардын компетенциясына берилген маселелер боюнча башкарат, бөлүмдөрдүнжыйындарында жана кењешмелеринде Өкмөттүн,  вице-премьер-министрлердин,Аппарат  жетекчисинин,  чечимдеринин  жана  тапшырмаларынын  аткарылышыжөнүндө алардып жетекчилеринин маалыматтарын угат;     б) министрликтердин,  мамлекеттик комитеттердин,  администрациялыкведомстволордун, фонддордун, мамлекеттик компаниялардын, концерндердин,бирикмелердин, уюмдардын жана мекемелердин, жергиликтүү мамлекеттик ад-министрациялардын, өкмөттүк гезиттердин редакцияларынын жетекчи кадрла-рын тандоо жана жайгаштыруу боюнча сунуштарды даярдайт жана Премьер-ми-нистрге,  вице-премьер-министрлерге, Аппарат жетекчисине жана анын орунбасарларына киргизет;     в) Өкмөттүн токтомдорунун,  буйруктарынын жана Өкмөттүн чечими та-лап кылынган башка актылардын Өкмөткө киргизилген долбоорлоруна экспер-тиза жүргүзөт, зарылдыгына жараша ал долбоорлордун текстин иштеп чыгат,керектүү негиздемелерди даярдайт;     г) маселелерди  комплекстүү  жана  терењ иштеп чыгуу максатында өзишин Премьер-министрдин Аппаратынын башка структуралык бөлүмдөрү  менентыгыз   байланышта  ишке  ашырат.  Башкармалыктардын  жана  өз  алдынчабөлүмдөрдүн кызматкерлери маселелерди, маалыматтарды жана башка матери-алдарды даярдоодо зарыл учурларда,  эгср ал материалдардын экономиканынжана социалдык чөйрөнүн башка тармактарына  тиешеси  бар  болсо  Премь-ер-министрдин  Аппаратынын башка структуралык бөлүмдөрүнүн кызматчыларыменен кењешүүгө тийиш;     д) өз  функцияларын Аппарат жетекчиси бекитчү Кыргыз Республикасы-нын Премьер-министринин Аппаратында документтер менен иштөө Регламенти-нин жана Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча нускаманын,  башкармалыктын жанабөлүмдүн иш пландарынын негизинде ишке ашырат.     Башкармалык жана  өз  алдынча бөлүм материалдардын комплекстүүлүгүжана иштетилишинин,  даярдалышынын сапаты, Өкмөттүн актыларынын, Премь-ер-министрдин,  вице-премьер-министрлердин буйруктарынын жана тапшырма-ларынын долбоорлору Премьер-министрдин Аппаратынын башка подразделение-лери менен макулдашылышы үчүн жооп берет.     19. Башкармалыктар  жана  өз  алдынча бөлүмдөр Аппарат жетекчисинежана анын орун басарларына алар тейлеген чөйрөгө кирген маселелер боюн-ча  иштин  абалы,  аткарылган  иштер  жана аткарууда турган тапшырмаларжөнүндө маалымат беришет.     20. Премьер-министрдин  Аппаратынын  башкармалыгынын начальниги жеөз алдынча бөлүмүнүн башчысы:     а) башкармалыктын   (бөлүмдүн)   ишин   жетектейт,   башкармалыкка(бөлүмгө)  жүктөлгөн  милдеттердин  аткарылышы үчүн жеке жоопкерчиликтеболот,  башкармалыктын (бөлүмдүн) кызматкерлеринин арасында милдеттердибөлүштүрөт,  жогорку  уюшкандыкты  жана тийиштүү эмгек тартибин камсыз-дайт, подразделениеде иш кагаздардын туура жүргүзүлүшү үчүн жооп берет;     б) Премьер-министрдин,  вице-премьер-министрлердин, Аппарат жетек-чисинин жана анын орун басарларынын башкармалыктын компетенциясына кир-ген башка маселелер боюнча чечимдерин жана тапшырмаларын даярдоону жанааткарууну уюштуруу үчүн башкармалыктын (бөлүмдүн) кењешмелерин өткөрөт;     в) Өкмөттүн жыйындарына,  Премьер-министрде,  вице-премьер-минист-рлерде жана Аппарат  жетекчисинде  же  анын  орун  басарларында  болгонкењешмелерге катышат;     г) Премьер-министрге, вице-премьер-министрлерге, ошондой эле Аппа-рат  жетекчисине  же анын орун басарларына башкармалык (бөлүм) тейлегентармакка кирген маселелер боюнча баяндама берет;     д) Кыргыз Республикасынын министрликтеринен,  мамлекеттик комитет-теринен,  администрациялык ведомстволорунан,  аткаруу бийлигинин  башкаоргандарынан,  жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан, жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарынан, мамлекеттик ишканалардан жана уюмдар-дан Өкмөттө жана Премьер-министрдин Аппаратында каралчу маселелер боюн-ча иштөө үчүн керектүү материалдарды сурайт;     е) зарыл болсо Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекет-тик комитеттеринин,  администрациялык ведомстволорунун аткаруу бийлиги-нин  башка органдарынын,  жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын,жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик ишканаларынынжана уюмдарынын кызматкерлерин Өкмөттө,  Премьер-министрде, вице-премь-ер-министрлерде,  Аппарат жетекчисинде же анын орун  басарында  каралчумаселелерди даярдоо үчүн ишке тартат,  башкармалыктын (бөлүмдүн) компе-тенциясына тийиштүү маселелер боюнча ал  кызматкерлердин  билдирүүлөрүнугат;     ж) Кыргыз Республикасынын министрликтеринин,  мамлекеттик комитет-теринин,  администрациялык  ведомстволорунун,  аткаруу бийлигинин башкаоргандарынын экономиканын жана социалдык чөйрөнүн тийиштүү  тармактарынжетектөө боюнча иштерин изилдейт жана жалпылайт.  Зарыл болсо башкарма-лыктын (бөлүмдүн) кењешмелеринде жетекчилердин маалыматтарын угат;     з) Экономиканын жана социалдык чөйрөнүн тийиштүү тармактарын анданары өнүктүрүү, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администра-циялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жана Кыр-гыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын,  мам-лекеттик ишканаларынын, мекемелеринин жана уюмдарынын иштеринин стилин,методдорун жакшыртуу жөнүндө сунуштарды даярдайт;     и) Өкмөттүн чечимдеринин, Премьер-министрдин, вице-премьер-минист-рлердин, Аппарат жетекчисинин жана анын орун басарларынын тапшырмалары-нын  аткарылышына такай текшерүүнү камсыздайт,  аларды өз убагында жанатолук аткаруу максатында сунуштарды оперативдүү даярдайт;     к) Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери,администрациялык ведомстволору,  аткаруу  бийлигинин  башка  органдары,жергиликтүү  мамлекеттик  администрациялары токтомдордун,  буйруктардындолбоорлорун,  докладдарды жана Өкмөттүн иш планында каралган башка ма-териалдарды  өз  убагында беришин контролдойт,  ал пландарга киргизилчүмаселелердин тизмесин иштеп чыгат жана Аппарат жетекчисине берет;     л) Премьер-министрге,  вице-премьер-министрлерге, Аппарат жетекчи-сине жана анын орун басарларына тейлеген  тармактарындагы  иштин  абалыжөнүндө ишканалардын жана уюмдардын иштерин жакшыртуу боюнча конкреттүүсунуштар менен,  Өкмөттүн чечимдери жана тапшырмалары аткарылышын конт-ролдоонун абалы жөнүндө такай маалымат берет;     м) башкармалык (бөлүм) тейлеген чөйрөгө  кирген  маселелер  боюнчадаярдалган материалдарга кол жана виза коет;     н) Өкмөткө Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн  Регламентинде  жанаКыргыз  Республикасынын Премьер-министринин Аппаратында документтер ме-нен иштөөнүн Регламентинде белгиленген тартипти бузуу менен киргизилгенматериалдарды  аткаруучу  бийликтин  органдарына  жана башка органдаргаПремьер-министрдин Аппаратынын жетекчилигине  макулдашуу  боюнча  кайражиберет;     о) Аппарат жетекчисине кадрларды тандоо жана жайгаштыруу, квалифи-кациясын  жогорулатуу,  башкармалыктын (бөлүмдүн) кызматкерлерин сыйлоожана аларга карата жаза чараларын колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизет;     п) Премьер-министрдин   Аппаратынын  жетекчилигине  башкармалыктын(бөлүмдүн)  кызматкерлерин  кызматтык  жайлар,  байланыш   каражаттары,компьютердик техника, оргтехника ж.б. менен камсыздоо жөнүндө сунуштар-ды киргизет;     р) экономиканын жана социалдык чөйрөнүн тийиштүү тармактары боюнчабасма сөзгө жарыяланган материалдарды иште пайдалануу максатында  изил-дейт.     21. Башкармалыктын начальнигинин же өз алдынча бөлүмдүн башчысынынорун басары өз милдеттерин башкармалык (бөлүм) жөнүндө жобо менен анык-талган функцияларга жана ыйгарым укуктарга ылайык аткарат.     Башкармалыктын начальниги  (бөлүмдүн башчысы) убактылуу жок болгонучурда анын ыйгарым укуктарын орун басары аткарат.     22. Премьер-министрдин  Аппаратынын башкармалыгынын (бөлүмдөрүнүн)жооптуу кызматкерлери:     а) экономиканын  жана  социалдык  чөйрөнүн  тармактарынын маалыматбанкын жана ишин жакшыртуу боюнча сунуштарды даярдоо  максатында  иштинфакты жүзүндөгү абалын изилдешет;     б) Өкмөттүн  жыйындарында,  Премьер-министрдеги,  вице-премьер-ми-нистрлердеги,  Аппарат  жетекчисиндеги жана алардын орун басарларындагыкењешмелерде өздөрүнүн кызматтык милдетине кирген маселелерди талкууло-ого катышат;     в) Кыргыз Республикасынын министрликгеринин,  мамлекеттик комитет-теринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин баш-ка органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын коллегия-ларынын жыйындарына катышат;     г) кызматтык милдеттерине кирген маселелер  боюнча  министрликтер-дин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, атка-руу бийлигинин башка органдарынын,  жергиликтүү мамлекеттик администра-циялардын, мамлекеттик бирикмелердин, ишканалардын, уюмдардын материал-дары менен таанышууга,  ошондой эле Өкмөттө каралчу маселелерди даярдооүчүн керектүү материалдарды алууга укуктуу;     л) башка өлкөлөрдүн ушул сыяктуу структураларынын  иш  тажрыйбасынэске  алуу  менен Премьер-министрдин Аппаратынын ишин өркүндөтүү боюнчаинновациялык мүнөздөгү сунуштарды Премьер-министрдин Аппаратынын жетек-чилигине киргизет.     23. Премьер-министрдин Аппаратынын башкармалыктарында жана өз  ал-дынча бөлүмдөрүндө даярдалган чечимдердин, тапшырмалардын долбоорлорун,Өкмөттүн кароосуна киргизилген маселелер боюнча материалдарды башкарма-лыктын (бөлүмдөрдүн) кызматкерлери Өкмөттүн Жетекчилигине,  Аппарат же-текчисине же анын орун басарларына жана Премьер-министрдин  Аппаратынынбашкармалыктарынын  начальниктерине жана өз алдынча бөлүмдөрүнүн башчы-ларына баяндашат.     24. Өкмөттүн токтомдорунун, буйруктарынын, Премьер-министрдин буй-руктарынын,  кењешмелердин протоколдорунун,  Өкмөттүн жана  Премьер-ми-нистрдин  Аппаратынын  Жетекчилигинин тапшырмаларын аткарууга контролдууюштурууну,  талдоону жана аткарылышын текшерүүнү аларды даярдаган баш-кармалык жана өз алдынча бөлүм ишке ашырат. Башкармалык жана өз алдынчабөлүм ошондой эле аткаруунун жүрүшү жөнүндө аналитикалык маалымат  жанаалардын  контролдон  чыгарылганы жөнүндө маалымкат даярдайт.  Өкмөттүн,Премьер-министрдин чечимдерин, Өкмөттүн жана Премьер-министрдин Аппара-тынын Жетекчилигинин тапшырмаларын аткарууну контролдоо, керектүү мате-риалдарды топтоо жана жалпылоо аткаруу бийлик  ишин  тийиштүү  органынажүктөлүшү мүмкүн.