Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 353 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-июнундагы № 449 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси колдонууга киргизилгенге чейин менчиктештирилген имараттардын жана курулуштардын алдындагы жер участокторуна жеке менчик укугун мамлекеттик каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Жер кодекси колдонууга киргизилгенге чейинменчиктештирилген имараттардын жана курулуштардын алдындагы жер учас-токторуна жеке менчик укугун мамлекеттик каттоодон өткөрүү тартибижөнүндө бул Жобо (мындан ары - Жобо) "Кыргыз Республикасынын Жер кодек-син колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясынын 7-пунктун чечмелөө тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мый-замын:1521} ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана Кыргыз РеспубликасынынЖер кодекси колдонууга киргизилгенге чейин менчиктештирилген имараттар-дын жана курулмалардын алдындагы жер участокторуна жеке менчик укуктумамлекеттик каттоонун, жер участокторунун чек араларын аныктоонун, жеручастокторуна жеке менчик укук жөнүндө мамлекеттик актыны тариздөөнүнжана берүүнүн тартибин аныктайт. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Жер кодекси колдонууга киргизил-генге чейин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартиптемөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген жер участокторуна, ошондойэле көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы жер участокторуна карата колдонул-байт. I. Негизги жоболор 1. Бул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр: имараттар жана курулуштар - жер менен бекем байланышкан, арналышы-на өлчөөсүз зыян келтирбестен көчүрүү мүмкүн болбогон ар кандай куру-луштар жана курулмалар; жерди пайдалануучу - жер участогун пайдалануу укугу мөөнөтсүз(мөөнөтүн көргөзбөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) берилген, өткөрүлгөн,же өткөн жеке адам же юридикалык жак; жер участогу - туюк чектелген жер аянты; жер участогуна укук - жер участогуна менчик укугу же жер участогунмөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууукугу; укукту күбөлөндүрүүчү документ - кыймылсыз мүлктүн бирдигине мен-чик укугун жана башка укуктарды белгилөөчү, өткөрүп берүүчү, чектөөчүже токтотуучу документтер (тийиштүү компетенттүү органдын чечими, кели-шим, соттун чечими ж.б.), ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жер кодек-синин 31-статьясында көрсөтүлгөн жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчүдокументтер; чарбалар аралык жер чектөө - жањы жер участокторун түзүү же мурдабарларын өзгөртүү жолу менен жер пайдаланууну жөнгө салуу боюнча иш-ча-ралардын (укуктук, техникалык ж.б.) процесси жана системасы. 2. Мамлекеттик жана муниципалдык жер пайдалануучуларды эсепке ал-баганда, жер участогун туруктуу пайдалануу укугун Кыргыз Республикасы-нын Жер кодекси колдонууга киргизилгенге чейин белгиленген тартиптеалышкан жеке адамдардын жана юридикалык жактардын жер участогуна жекеменчик укуктары документтерди кайрадан тариздебестен, акысыз жана ко-шумча акы төлөбөстөн таанылат, тактап айтканда: - имараттарга жана курулмаларга бекитилген жер участокторуна; - имараттарды жана курулмаларды куруш үчүн арналган жер участокто-руна. 3. Кыргыз Республикасынын Жер кодекси колдонууга киргизилгенге че-йин жеке адамда же юридикалык жакта жер участогун туруктуу пайдаланууукугу жөнүндө укук белгилөөчү документтердин же жерди пайдаланууга уку-гун ырастоочу документтин болушу ал жеке адамдардын жана юридикалыкжактардын жер участогуна карата жеке менчик укугун таануу үчүн жанабаштапкы (системдик) же өздөрү баргандагы каттоонун жүрүшүндө алардынменчик укугун кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо органдарында каттооүчүн жетиштүү негиз болот жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органда-рынын, шаарлардын мэрияларынын, жергиликтүү мамлекеттик администрация-лардын жер участокко укукту берүү, аны мурдатан турган имараттарга жекурулмаларга бекитүү жөнүндө жањы чечим чыгарышы талап кылынбайт. 4. Эгерде, менчиктештирүү процессине чейин жана андан кийин даменчиктештирилген имараттардын жана курулмалардын алдындагы жерге ээликкылуу жана пайдалануу укугун аныктоочу же ырастоочу документтер жокболсо же калыбына келтирүү мүмкүн болбосо, имаратты же курулманы мен-чиктештирүү документтери жер участокторуна болгон укукту аныктоочу до-кумент болуп эсептелет. 5. Жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө Мамлекеттик акты мурдажерге ээлик кылууга жана пайдаланууга укугун ырастаган документи жокжеке адамдарга жана юридикалык жактарга, ошондой эле жер участогун пай-далануу укугу жөнүндө мурда Кыргыз Республикасынын Жер кодекси колдону-уга киргизилгенге чейин берилген мамлекеттик актыларды ыктыярдуу алмаш-тыргысы келгендерге берилет. Жер участогуна жеке менчик укук жөнүндөМамлекеттик акты Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленгенбааларга ылайык акы төлөп таризделет жана берилет. II. Кыргыз Республикасынын Жер кодекси колдонууга киргизилгенге чейин менчиктештирилген имараттарга жана курулмаларга тиешелүү жер участокторунун чектерин аныктоо тартиби 6. Менчиктештирилген имараттарга жана курулуштарга тиешелүү жеручастокторунун чектерин аныктоо жана менчик укугун мамлекеттик каттоо-дон өткөрүү Кыргыз Республикасын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккөукуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин райондук (шаардык) жер-ге жайгаштыруу башкармалыктары (мындан ары - Мамкаттонун райондук (ша-ардык) башкармалыгы) тарабынан ишке ашырылат. 7. Менчиктештирилген имараттарга жана курулуштарга тиешелүү жеручастокторун мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө арыз Кыргыз Респуб-ликасынын Мамкаттоосунун райондук (шаардык) башкармалыгына берилет. Арызга менчик укугун аныктаган төмөнкүдөй менчиктештирүү документ-тери тиркелет: 1) Өзүнчө имаратты (курулманы) менчиктештирүүдө: - менчиктештирүү боюнча ыйгарым укуктуу уюмдун имаратты (курулма-ны) жеке менчикке өткөрүп берүү жөнүндө чечиминин көчүрмөсү (же менчикукугун өткөрүп берүү жөнүндө ыйгарым укуктуу уюм менен түзүлгөн кели-шимдин көчүрмөсү, же менчик укугуна ыйгарым укуктуу орган бергенкүбөлүктүн көчүрмөсү же мамлекеттик мүлк менчиктештирилген тооруктунжыйынтыгы жөнүндө протоколдун көчүрмөсү); - менчиктештирилген мүлктүн баасын толук төлөгөндүгү жана карызыжок экендиги жөнүндө документ (менчиктештирүү боюнча ыйгарым укуктууоргандын маалымкаты). 2) Курамына бир нече имарат (курулуштар) кирген мамлекеттик ишка-наны (чарбалык коомго өзгөртүп уюштурбастан) мүлктүк комплекс катарыменчиктештиргенде: - ыйгарым укуктуу органдын ишкананы жеке менчикке энчилөө жөнүндөчечиминин көчүрмөсү (же менчик укугун өткөрүп бергендик жөнүндө ыйгарымукуктуу орган менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү, же менчик укугужөнүндө ыйгарым укуктуу орган берген күбөлүктүн көчүрмөсү, же мамлекет-тик мүлк менчиктештирилген тооруктун жыйынтыгы жөнүндө протоколдункөчүрмөсү); - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамле-кеттик комитети берүүчү Негизги каражаттарды инвентаризациялоо жана ба-алоо актысынын көчүрмөсү, менчиктештирилген ишканага кирген имараттардыжана курулмаларды көрсөтүү менен; - менчиктештирилген мүлктүн баасын толук төлөгөндүгү жана карызыжок экендиги жөнүндө документ (менчиктештирүү боюнча ыйгарым укуктууоргандын маалымкаты). 3) Мамлекеттик ишкана чарбалык коомго өзгөртүлсө: - ыйгарым укуктуу органдын мамлекеттик ишкана чарбалык коомго ай-лантылганы жөнүндө чечиминин көчүрмөсү; - менчиктештирүү боюнча ыйгарым укуктуу орган берүүчү Негизги ка-ражаттарды инвентаризациялоо жана баалоо актысынын көчүрмөсү, коомдунуставдык капиталына кирген имараттарды жана курулмаларды көрсөтүү ме-нен. Талаш учурларда, тактоону талап кылган учурларда зарыл болсо мен-чиктештирүү боюнча ыйгарым укуктуу орган суроо боюнча менчиктештирилгенимараттын жана курулуштун жер участогунун чегин идентификациялоогомүмкүндүк берүүчү башка документтердин копиясын (көчүрмөсү) берет,эгерде менчиктештирүү ишинде айтылган документтер болсо. 8. Жер участогунун чектери аларды идентификациялоого мүмкүндүкберүүчү колдо болгон документтердин негизинде, алар жок болсо - КыргызРеспубликасынын Мамкаттоосунун райондук (шаардык) башкармалыгы даярда-ган жана жанаша жер участокторунун менчик ээлери менен макулдашылганкадастрдык пландын негизинде аныкталат. 9. Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосунун райондук (шаардык) баш-кармалыгы менчиктештирилген имараттын жана курулуштун жер участогунунчегин идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү бардык болгон материалдарды,анын ичинде менчиктештирүү документтерин, жер кадастрынын маалыматта-рын, жерлерге же имараттарга мурун жүргүзүлгөн инвентаризациянын мате-риалдарын, пландык-картографиялык пландарды жана башка материалдардыизилдеп чыгат. 10. Жер участогунун чегин идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү до-кументтер жок болсо, Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосунун райондук(шаардык) башкармалыгы мамлекеттик архивге, архитектура жана курулушоргандарына, менчиктештирүү боюнча ыйгарым укуктуу органдарга жер учас-тогу менчиктештирилген объектиге берилгенин (бекитилгенин) ырастоочудокументтердин бар экендиги жөнүндө, анын ичинде имарат жана курулушмамлекеттик же коммуналдык менчикте турган мезгилде бар экендигижөнүндө суроо жиберет. 11. Бул Жобонун 10-пунктунда көрсөтүлгөн органдар алардын архивин-де болгон жер участогун берүү (бекитүү) жөнүндө документтердинкөчүрмөсүн же суралып жаткан тийиштүү документтердин жоктугу жөнүндөмаалымкатты Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосунун райондук (шаардык)башкармалыгына 10 күндүн ичинде жиберүүгө милдеттүү. 12. Менчиктештирилген имараттын жана курулуштун чек арасын иденти-фикациялоого мүмкүндүк берүүчү документтер табылса, жер участогунунчектери ошол документтер боюнча жер участогунун иш жүзүндөгү абалынасалыштырылат жана алар шайкеш болсо жер участогуна жеке менчик укугужөнүндө мамлекеттик акты даярдалат. Чек араны салыштыруу инструмент менен сүрөткө тартуу жолу мененбелгиленген тартипте аткарылат. Жер участогунун документте көрсөтүлгөн чек арасы иш жүзүндөгү аба-лына туура келбесе, анда жанаша жер пайдалануучулардын жана менчик ээ-леринин документтери изилденет. Талаш маселелер макулдашуу жолу менен,анын ичинде компенсация төлөө жана талашып жаткан жактардын документте-рине оњдоо киргизүү жолу менен, же макулдашууга жетишилбесе соттук тар-типте чечилет. 13. Менчиктештирилген имараттын жана курулуштун жер участогунунчек арасын идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү документтер жок болсожер участогунун кадастрдык планы түзүлүп, ага чектеш жер участокторунунменчик ээлеринин же жер участогун пайдалануучулардын баарын көрсөтүүменен жер участогунун болгон чек аралары тартылат. Жер участогунун чекарасы чарбалар аралык жер чектөө тартибинде аныкталат. 14. Жер чектөө иштери төмөнкүдөй иретте жүргүзүлөт: - даярдоо иштери; - жер участокторун жана алардын сырткы чек араларын талаалыкизилдөө; - кадастрдык планды түзүү, жер участогунун чек арасын жанаша жерпайдалануучулар менен макулдашуу; - жер участогунун чек арасын натурага (жерге) түшүрүү; - жер участогуна жеке менчик укук жөнүндө мамлекеттик актыны та-риздөө. 15. Жер участогун талаалык изилдөөдө төмөнкүлөр аныкталат: - жерди иш жүзүндө пайдалануунун жерге ээлик кылуу жана пайдаланууукугун күбөлөндүрүүчү документтерге, жерди эсепке алуу маалыматтарынаылайык келүүсү жана сервитуттардын бар экендиги; - чектерди аныктоочу белгилердин бар экени жана сакталышы; - жер участогунун чектери текшерилгени тууралуу акты түзүлөт; - жер участогунун чек арасы жанаша жер участокторунун менчик ээле-ри менен макулдашылат. 16. Чарбалар аралык жер чектөө долбоору текст түрүндөгү жана гра-фикалык материалдардан турат. Тексттик бөлүмүндө төмөнкүдөй материалдар болот: - жер участогунун менчик ээсинин жер участогунун чек арасын анык-тоо жөнүндө арызы; - жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү документтер; - жер участогунун чек арасын макулдашуу жөнүндө акты. Графикалыкбөлүмү жер участогунун схемасынан жана кадастрдык планынан турат. 17. Жер участогунун чек арасын натурага (жерге) чыгаруу төмөнкүдөйиретте ишке ашырылат. - даярдоо иштери (геодезиялык маалыматтарды көчүрүү, иш чиймелериндаярдоо); - талаа иштери (бурчтарды геодезиялык өлчөө жана линияларды ченөө,чек араларды аныктоо, чекти бөлүүчү белгилерди орнотуу ж.б.); - камералдык иштери (талаалык өлчөө материалдарын иштетүү, аянтынэсептеп чыгаруу, жыйынтыктоо документтерин тариздөө). 18. Менчиктештирүү документтеринин жана кадастрдык пландын неги-зинде кыймылсыз мүлккө укук мамлекеттик каттоодон өткөрүлөт жана Жеручастогуна жеке менчик укук жөнүндө мамлекеттик акты таризделет. 19. Менчиктештирилген имараттын жана курулуштун жер участогунунчек арасына карата укук талашкан башка жактар чыкса, анда укукту мамле-кеттик каттоо ошол укук талашып жаткан жактын арызынын негизинде 10күнгө чейин токтотулат. Каттоону 10 күндөн ашык токтотуу соттун талаштатурган укукту каттоону токтото туруу жөнүндө аныктамасынын негизиндеболот. Соттун каттоону токтото туруу жөнүндө аныктамасы 10 күндүн ичин-де келбесе арыз берилген укук катталууга тийиш. 20. Эгерде, арыз менен менчиктештирүү объектисинин бөлүгү болгонимараттын же курулуштун менчик ээси кайрылса, анда ушул Жобонун7-19-пункттарында каралган иштер жасалат. Мында чарбалар аралык жерчектөөнүн долбоору менчиктештирилип жаткан бүткүл объектиге түзүлүп,менчиктештирилген объектинин жер участогунун бөлүгү имаратка же куру-лушка бекитип берилген өзүнчө участок болуп бөлүнөт. Чарбалар аралыкжер чектөө долбоорун даярдоодо имарат куруу нормалары жана эрежелериэске алынган талаптар каралышы керек. Чарбалар аралык жер чектөө долбоору менчиктештирилген объектининаймагында жайгашкан, жер участогуна жалпы үлүштүк менчик укугу бар бар-дык субъекттер менен макулдашылууга тийиш. 21. Менчиктештирилген имараттардын жана курулмалардын алдындагыжер участокторунун чек араларын аныктоо боюнча иштер жана кыймылсызмүлккө укуктарды мамлекеттик каттоодон өткөрүү, бул жумуштар кыймылсызмүлккө укуктарды системдик каттоонун жүрүшүндө аткарылгандан башкаучурларда, менчик ээсинин каражатынын эсебинен, Кыргыз Республикасынынмыйзамдарында аныкталган тартипте бекитилген бааларга ылайык аткарылат.