Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-августундагы № 341 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 26-июну № 454 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-декабрындагы № 582 "Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-декабрындагы №582 "Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскер-дик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргызбөлүгүн бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: - комиссиянын курамына киргизилсин: Керимкулов Медетбек Темирбекович - Кыргыз Республикасынын өнөржай, соода жана туризм министринин милдетин аткаруучу, комиссиянынтөрагасы; Оморов Роман Оморович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштууИнтеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; Шаршекеев Марат Дүйшебаевич - "Ак-Марал" корпорациясынын кыргызрадиозаводу" АКсынын президенти; - комиссиянын курамынан А.Ш.Атамбаев чыгарылсын. Премьер-министр Ф.Кулов