Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы N 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 27-июну № 460
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү
тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын пунктуна
ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты А.К.Келдибе-
ков тарабынан демилге кылынган "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыз-
дандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү кир-
гизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна тиркелген ко-
рутундунун негизинде макулдук берилбесин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.
Премьер-министр Ф.Кулов
2006-жылдын 27-июну № 20-57/2
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешине
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү
тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституция-
сынын 65-статьясынын 5-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин депутаты А.К.Келдибеков тарабынан демилге кылынган "Мамлекет-
тик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мый-
зам долбоорун карап чыгып, анын кабыл алышына төмөнкү негиздер боюнча
макулдук бербейт.
Пенсияга чыгуу курагын эркектер үчүн - 63 жашка жана аялдар үчүн -
58 жашка чейин узартуу жөнүндө чечим пенсияга чыккан адамдардын санынын
кескин көбөйүшүнө байланышкан 2007-2015-жылдардагы татаал демографиялык
кырдаалды жумшартуу үчүн негизги чара катары жана ушул мезгилдеги пен-
сиялык системанын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу үчүн каралган.
Ошол эле мезгилде пенсия курагын 4 айга узартуу үчүн компенсация төлөп
берүү алдын ала каралган. 1999-жылы пенсияга чыккан пенсионерлерге
2005-жылы бул компенсация төлөнгөн, үстүбүздөгү жањы компенсация пенсия
курагы боюнча 2000-2001-жылдары дайындалган адамдарга төлөнөт жана
2007-жылы компенсациялык төлөмдөр 2002-2007-жылдары пенсияга чыккан
адамдарга төлөнөт. Бүгүнкү күндө пенсиялык куракты узартуунун 6 этабы
өттү, калк жањы шарттарга көнүп калды. 2006-жылы пенсияга чыгуу курагы
эркектер үчүн 62 жаш 8 айды, аялдар үчүн 57 жаш 8 айды түздү.
Акырындык менен пенсиялык куракты узартуу өзүнүн оњ таасирин
көрсөттү жана акыркы жылдары Социалдык фонддун финансылык абалын турук-
таштырууга жетишилди. Пенсиялар кармоосуз жана акчалай түрдө гана
төлөнүүдө, пенсиялардын өлчөмүн жогорулатуу дайыма жүрүүдө. Пенсиялар-
дын өлчөмүн жогорулатуу боюнча бардык чыгымдар мамлекеттик социалдык
камсыздандаруунун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөөрүн белгилеп кетүү
керек. Ошентип 2003-жылы пенсияларды жогорулатууга 228,0 млн. сом,
2004-жылы - 273,0 млн. сом, 2005-жылы - 332,0 млн. сом сарпталган жана
2006-жылы Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинде пенсия-
ларды жогорулатууга 457 млн. сом каралган.
Республиканын бардык региондору 2006-жылдын башталышына карата
учурдагы ай үчүн пенсияларды төлөөгө өтүштү.
Пенсияга чыгуунун курагын 2006-жылы 8 айга жана 2007-2008-жылдары
- жыл сайын кыскартууда, пенсия алуу үчүн кайрылуучу пенсионерлердин
саны эки эсеге жакын көбөйөт, бул тиешелүү түрдө пенсияларды төлөөгө
каражаттарга болгон керектөөлөрдүн жогорулашына алып келет.
2006-жылы камсыздандыруу взносторунун тарифтеринин ставкаларын 29
процентке, ал эми орто мөөнөттүү келечекте - 25 процентке чейин кыскар-
тууда жана жыл сайын пенсияны 10 процентке жогорулатууда бюджеттин тар-
тыштыгы пайда болот.
Алсак, биринчи жылы гана пенсияга чыгуу курагын 8 айга кыскартууда
бюджеттин тартыштыгы 161,5 млн. сомго көбөйөт. 2007-жылы пенсияга чыгуу
курагын бир жылга кыскартууда тартыштыктын көлөмү 1088,2 млн. сом,
2008-жылы - 2245,6 млн. сом суммасын түзөт. 2010-жылга карата бюджеттин
тартыштыгы 4037,0 млн. сомго чейин көбөйөт.
Мындай кырдаалдын пайда болушунда Социалдык фонд Пенсиялык фонддун
кирешелердин табигый өсүшү менен көбөйүп жаткан чыгашаларды жабууга
мүмкүнчүлүгү болбой калат. "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздан-
дыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-статьясына ылайык
Социалдык фонддун тартыштыгы республикалык бюджеттин дотациялары менен
жабылууга тийиш, бул анын тартыштыгынын шарттарында ишке ашуусу кыйын.
Пенсияга чыгуу курагын кыскартуу жөнүндө чечимди кабыл алуу пенси-
ялардын өлчөмүн андан ары жогорулатуу мүмкүн эмес болгон жагдайды жара-
тат, бул болсо пенсионерлердин азыркы абалынын начарлашына алып келет.
Топтоо элементтерин ишке киргизүүнү караган пенсиялык реформанын илге-
рилеши кечењдейт, мындай кырдаал келечектеги пенсионерлердин муунуна
терс таасир берет.
Бул этапта пенсияга чыгуу курагын кыскартуу эмес, тескерисинче Со-
циалдык фонддун кирешелерин пенсиялык камсыздандыруу дењгээлин жогору-
латууга багыттоо жана пенсиянын өлчөмдөрүн Эл аралык эмгек уюму сунуш-
таган дењгээлине чейин, б.а. республикадагы орточо эмгек акынын 40 про-
цент өлчөмүнө чейин жеткирүү максатка ылайык болор эле.
Мындан тышкары, Социалдык фонддун иш-аракетинин параметрлери Кыр-
гыз Республикасынын 2005-2007-жылдарга экономикалык саясаты жөнүндө ме-
морандумдун параметрлери жана Эл аралык валюта фонду менен Дүйнөлүк
банктын программаларынын алкагында Мамлекеттик башкаруудагы структура-
лык кайра түзүүлөргө кредиттин (GSAC/GTAC) шарттары менен түздөн-түз
байланышкан, мында Өкмөт пенсиялык куракты кыскартуу пенсиялык система-
нын туруктуулугун сактоого ылайык келбестигин моюнга алышы жана колдо-
нулуп жаткан пенсиялык куракка тиешелүү саясатты сактоого милдеттенери
аныкталган.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясына ылайык мам-
лекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгашаларды көбөйтүүнү, же болбо-
со анын киреше бөлүгүн кыскартууну караган мыйзам долбоорлору Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешине киргизилиши жана Кыргыз Республикасы-
нын Өкмөтүнүн макулдугу менен гана кабыл алынышы мүмкүн. Берилген мый-
зам долбоору мамлекеттик бюджеттен кыйла кошумча каражаттарды талап
кылгандыктан, республикалык бюджеттин дайыма болуучу тартыштыгынын
шарттарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты А.К.Кел-
дибеков тарабынан демилге кылынган "Мамлекеттик пенсиялык социалдык
камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү
киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кабыл алуу
али эрте деп эсептейбиз.
Премьер-министр Ф.Кулов