Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-сентябрындагы № 482 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 27-июну № 461 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Мунайзаттарды эсепке алуу жана Кыргыз Республикасынын аймагында контролдук пломбаларды колдонуу жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 токтомуна ылайык) Күйүүчү-майлоочу материалдардын келишин эсепке алууну жана конт-ролдоону жөнгө салуу, аларды Кыргыз Республикасына контрабандалык жолменен алып келүүнү жоюу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтомкылат: 1. Мунайзаттарды эсепке алуунун жана контролдоонун жана КыргызРеспубликасынын аймагында контролдук пломбаларды колдонуунун тартибижөнүндө тиркелген жобо (мындан ары - Жобо) бекитилсин. 2. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 токтомуна ылай- ык күчүн жоготту) 3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматына 2006-жылдын1-августуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын аймагындакүйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюн-ча Ведомстволор аралык координациялык штабды түзүү сунушталсын. 4. "Кыргыз Республикасына алынып келүүчү нефти продуктуларга ак-циздик пломбаларды колдонуунун убактылуу жобосу жөнүндө" Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 9-январындагы № 10 токтому күчүн жогот-ту деп табылсын. 5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. 6. Бул токтом жарыяланган күндөн тартып үч айдан кийин күчүнө ки-рет. 7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси, кен казыпалуу тармагы жана жаратылыштык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов