Сравнение редакций…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 30-июну № 470
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2006-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноону
уюшкандыкта өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү быйылкы жылы күйүүчү-майлоочу мате-
риалдардын баасы кымбат болгонуна карабастан айылдык товар өндүрүүчүлөр
жазгы талаа жумуштарын 2005-жылга караганда жогорку темп менен оптимал-
дуу агротехникалык мөөнөттөрдө бүтүрүп жатышканын белгилейт. Өткөн жыл-
га салыштырганда дан өсүмдүктөрдүн айдоо аянттары орчундуу көбөйдү,
май, жашылча жана бакча өсүмдүктөрдүн, тамекинин жана картөшкөнүн айдо-
олору кењейди, пахта айдоочу аянттар стабилдешти.
10 мињ гектарга жакын аянтта күздүк дан өсүмдүктөрдүн кышта жабыр-
каган айдоолору оњдолду жана кайрадан себилди.
Кант заводдор кант кызылчаны кабыл алуу жана иштетүү боюнча алгы-
лыксыз жана пайдасыз шарттарды койгондуктан кант кызылча айдалган аянт-
тардын азаюусу уланып жатат, бул канттын баасы кымбатташына алып келет.
Быйыл дан өсүмдүктөрдүн жаздык үрөнү менен камсыздоо кыйын абалда
болду. Кылкандуу дан өсүмдүктөрдүн жаздык үрөнү өткөн жылга караганда
аз камдалды, анын ичинде: Жалалабат облусунда камсыздык өткөн жылга са-
лыштырганда эки эсе азайды жана муктаждыктын 41,1 процентин гана түздү,
Талас облусунда муктаждыктын 62,8 процентин түздү, Чүй облусунда мук-
таждыктын 64,7 процентин түздү.
Сорттуу үрөндөрдүн республикалык мамлекеттик үрөн фондунда жаздык
буудайдын 1268 тонна үрөнү топтолгон жана чарбакер субъекттерге
бөлүштүрүлгөн, анын ичинен айылдык товар өндүрүүчүлөр себүү үчүн ушул
көлөмдүн жарымын гана тандап алышты. Өткөн жылдарда 5 тен 10 мињ тонна-
га чейин үрөндөр топтолуп жана берилчү.
Мындай абалдын бир себеби жергиликтүү мамлекеттик администрациялар
жана айыл чарбалык органдар тарабынан контролдун начардыгы менен катар
азыркы учурдун шарттарына ылайык келген Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорт-
туу үрөндөрүнүн республикалык мамлекеттик үрөн фонду жөнүндө жобонун
жоктугу болууда. Үрөнчүлүк ишти тартипке келтирүү жана сортторду жањыр-
туу жана сортторду алмаштыруу боюнча иш жүргүзүлбөйт.
2006-жылы дан жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо
боюнча жумуштарды өз убагында жана уюшкандыкта жүргүзүүнү камсыздоо
максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өстүрүлгөн түшүмүн жыйноо оптималдуу
агротехникалык мөөнөттөрдө жүргүзүлүшүн, аны кайра иштетүүчү жерлерге
жеткирүүнү жана сакталышын камсыздоо боюнча өз убагында чара көрүү рес-
публиканын облустук жана райондук мамлекеттик администрацияларынын,
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, министрликтердин жана ве-
домстволордун, мамлекеттик айыл чарба кызматтарынын, айылдык товар
өндүрүүчүлөрдүн биринчи кезектеги милдети болуп эсептелсин.
2. Облустардын жана райондордун мамлекеттик администрацияларынын
башчылары:
- колдо болгон оруучу-жыйноочу жана салмакты өлчөөчү техниканы,
эгин жана үрөн тазалоочу машиналарды, кырмандарды жана кампа жайларды,
түшүм жыйноого пайдаланылчу транспорт каражаттарын өз убагында оњдоону
жана түшүм жыйноого даярдоону камсыздашсын;
- түшүм жыйноо мезгилинде оруу-жыюуга иштетилген айыл чарбалык
техниканы жана транспорт каражаттарды оњдоо боюнча көчмө тейлөөчү кыз-
маттардын үзгүлтүксүз иштешин уюштурушсун;
- эгин оруучу комбайндарды жана транспорттук каражаттарды өрткө
каршы шаймандар менен жабдышсын, ошондой эле талааларда, кырмандарда,
чөп үймөктөрдө жана башка түшүм сакталчу жана иштетилчү жерлерде өрт
коопсуздугунун зарыл талаптарын катуу сактоону камсыздашсын;
- кылкандуу дан өсүмдүктөрдүн түшүмүн жыйноонун ар бир зона үчүн
алгылыктуу графиктерин иштеп чыгып, бекитишсин жана аларга жараша эгин
оруучу техниканын жүрүү маршруттарын аныктап, аларды бир региондон баш-
каларына кылкандуу дан эгиндеринин жетилүү мезгилдерин эске алуу менен
которуштурууну камсыздашсын;
- кылкандуу дан өсүмдүктөрдүн түшүмүн жыйноодо коромжулукту бол-
турбоо үчүн эгин оруучу техниканы республиканын башка облустарынан тар-
туу маселесин алдын ала, келишимдик негизде иштеп чыгышсын;
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндүк материалын 2007-жылдын түшүмү
үчүн себүүгө болгон муктаждыкты камсыздоочу көлөмдө камдоо боюнча чара
көрүшсүн, ал үчүн:
үрөндүк айдоолорго керектүү агротехникалык иштерди жүргүзүү менен
инвентаризация жүргүзүшсүн;
үрөндүк айдоолордо түшүм жыйноону катуу контролго алышсын;
үрөн камдоону, иштетүүнү жана себүүгө жарактуу кондицияга жет-
кирүүнү камсыздашсын;
үрөндөрдүн сакталышы жана максаттуу пайдаланылышы үчүн жооптуу
адамдарды аныкташсын;
- сугат жерлердин кирешелүүлүгүн арттыруу максатында айыл чарба
өсүмдүктөрүнөн эки жолу түшүм алуу практикасын колдонуп, бул үчүн рес-
публиканын түштүк региондорундагы чарбакер субъекттердин тажрыйбасын
пайдаланышсын;
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноону үзгүлтүксүз жүргүзүү
үчүн Кыргыз Республикасынын Нефти соодалоочулар ассоциациясы менен бир-
дикте (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана
туризм министрлигинин көмөгү менен күйүүчү-майлоочу материалдардын тир-
кемеге ылайык көлөмдө топтолушун камсыздашсын;
- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлигине айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноонун жана
күзгү талаа жумуштарынын жүрүшү жөнүндө жума сайын маалымат берүүнү
камсыздашсын.
3. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттуу үрөндөрүнүн республикалык
мамлекеттик үрөн фонду жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлиги Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы минист-
рлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фонд жана
жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен бирдикте үрөнчүлүк чар-
балар жана чарбакер субъекттер бюджеттик ссудаларды, Япониянын
Өкмөтүнүн грантынын линиясы боюнча берилген чет өлкөлүк кредиттерди
төлөөнүн эсебине Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат жана
атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиги бекиткен баалар
боюнча тапшырышкан түшүмдөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттуу
үрөндөрүнөн республикалык мамлекеттик үрөн фондуна күздүк буудайдын 5,0
мињ тонна, күздүк арпанын 0,2 мињ тонна, жаздык буудайдын 3,5 мињ тонна
жана жаздык арпанын 1,5 мињ тонна үрөнүн 2006-жылдын түшүмүнөн, алдын
ала топтоону камсыздашсын.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине ка-
раштуу Экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фонд карыз жана кредит-
тик каражаттар боюнча бересени төлөөнүн эсебине айыл чарба
өсүмдүктөрүнүн сорттуу үрөндөрүн тапшыруучу үрөнчүлүк чарбалар жана
чарбакер субъекттер менен ушул токтомдун 3-пунктунда көрсөтүлгөн Жобо-
нун талаптарына ылайык документтерди тариздесин.
6. Ысыккөл облустук мамлекеттик администрациясынын жана Ысыккөл
облусунун райондук мамлекеттик администрацияларынын башчылары Кыргыз
Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
менен бирдикте 2007-жылдын түшүмү үчүн күздүк дан өсүмдүктөрдү себүүнүн
белгиленип жаткан кењейтилген программасын аткаруу үчүн үрөнчүлүк чар-
баларда 2006-жылдын түшүмүнөн күздүк буудайдын үрөнүнүн 5,0 мињ тонна
көлөмдөгү өтмө фондун топтоону камсыздашсын.
7. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине Кыргыз
Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрли-
ги, облустардын жана райондордун мамлекеттик администрацияларынын баш-
чылары менен бирдикте отчеттун бурмаланышын болтурбоо жана айыл чарба
өсүмдүктөрүнүн жыйналган түшүмүн туура эсепке алууну жөнгө салуу макса-
тында тийиштүү контролду камсыздоо сунушталсын.
8. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлиги:
- кызылча сырьенун үзгүлтүксүз кабыл алынышын камсыздоо, кызылча
алуучу пункттарда автотранспорттун туруп калышын болтурбоо, келишимдер-
дин сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү аныктоо жагындагы шарттарын ат-
каруу жана тапшырылган продукция үчүн өз убагында эсептешүү максатында
2006-жылдын түшүмүнөн алынган кант кызылчаны кабыл алуу жана иштетүү
сезону башталганга чейин Кыргыз Республикасынын Стандартташтыруу жана
метрология улуттук институтунун, Чүй жана Талас облустарынын мамлекет-
тик администрацияларынын, дыйкан чарбалардын, керектөөчүлөрдүн укукта-
рын коргоо боюнча коомдук уюмдардын жана башка компетенттүү органдардын
өкүлдөрүн тартуу менен ведомстволор аралык комиссия түзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Стандартташтыруу жана метрология улуттук
институту жана "Кайыњды-Кант", "Кошой" акционердик коомдору менен бир-
дикте кызылчадан кант өндүрүү процессинде кызылчанын салмагынын жана
канттын коромжулугунун нормативдерин иштеп чыксын жана бекитсин.
9. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлиги "Кошой" жана "Кайыњды-Кант" акционердик коомдору менен
бирдикте 2007-жылдын түшүмүнөн алынчу кант кызылчаны кабыл алуу жана
иштетүү боюнча келишимдердин шарттарын иштеп чыгып Кыргыз Республикасы-
нын Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамле-
кеттик агенттигине макулдашууга берсин жана ал шарттарды 2007-жылдын
1-январына чейин кызылча өстүрүүчүлөргө маалымдасын.
10. "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы:
- "Кайыњды-Кант" жана "Кошой" акционердик коомдорунун
өтүнмөлөрүнүн негизинде кант кызылчаны ташуу үчүн вагондордун
үзгүлтүксүз берилишин аны ташыгандык үчүн темир жолдук тарифтерди жана
кошумча акыларды 2005-жылдын дењгээлинде сактоо менен камсыздасын;
- 2006-жылдын түшүмүнөн алынган кант кызылчаны кабыл алуу жана иш-
тетүү мезгилинде вагондордун жүктөөгө жана түшүрүүгө токтоп тургандагы
реалдуу нормативдерин жүк алуучуларга ("Маймак" станциясынан башкалар-
га) айыптык санкцияларды койбостон белгилесин.
11. Кыргыз Республикасынын Стандартташтыруу жана метрология улут-
тук институтуна төмөнкүлөр сунушталсын:
- менчиктин бардык түрлөрүндөгү чарбакер субъекттерде болгон тара-
за чарбаларын жана чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноого иштетилген
өлчөөчү приборлорду өз убагында текшерүүнү уюштуруу;
- кызылча тапшыруучулардан алынчу кант кызылчасынын канттуулугу
жана жалпы булганычтыгы туура аныкталышын камсыздоо үчүн "Кошой" жана
"Кайыњды-Кант" акционердик коомдорунун кант заводдорунун сырьелук лабо-
раторияларынын иштерине көзөмөл орнотуу;
- текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Айыл,
суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине 2006-жылдын 1,
15-октябрында жана ноябрында маалымат берүү.
12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып
алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттикке Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 7-апрелиндеги № 157-б буйругуна
ылайык брондон чыгарылган 5,0 куб.м көлөмдөгү күйүүчү-майлоочу матери-
алдарды айылдык товар өндүрүүчүлөргө оруу-жыюу жумуштарын жүргүзүү үчүн
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай ми-
нистрлиги берген тизмеге жана облустардын мамлекеттик администрацияла-
рынын өтүнмөлөрүнө ылайык сатууга уруксат берилсин.
13. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги
күйүүчү-майлоочу материалдарды сатуудан түшкөн акча каражатты Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана мате-
риалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттикке Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-февралындагы № 61 "Күйүүчү-майлоочу материал-
дардын азайтылбачу мамлекеттик запасын түзүү жөнүндө" токтому менен ка-
ралган күйүүчү-майлоочу материалдардын мамлекеттик азайтылбачу запасы-
нын ордун толтуруу үчүн бөлүп берсин.
14. Төмөнкүлөр сунушталсын:
- "Кыргыз айыл чарба финансылык корпорациясы" жабык типтеги акцио-
нердик коомуна республиканын дыйкан жана фермердик чарбаларына, ошондой
эле агротехникалык тейлөө кызматтарына запастык тетиктерди,
күйүүчү-майлоочу материалдарды жана өстүрүлгөн түшүмдү өз убагында жый-
ноого керектүү башка материалдык-техникалык ресурстарды алуу үчүн
күрөөсүз жана күрөө менен кредит берүүнү практикалоо;
- "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Жалалабат электр" жана "Ош
электр" акционердик коомдоруна облустардын жана райондордун мамлекеттик
администрациялары менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба
жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Суу чарба департаментинин
насостук станцияларын жана скважиналарын айыл чарба өсүмдүктөрүнүн
түшүмүн жыйноо, себилчү материалдарды тазалоо мезгилинде үзгүлтүксүз
иштетүү маселесин чечүү, ошондой эле кырмандардын, механикалык мастерс-
койлордун жана башка көмөкчү кызматтардын иштешин камсыздоо үчүн электр
энергиясын үзгүлтүксүз берүү боюнча чара көрүү;
- "Кыргызайылтехсервис" лизинг компаниясы" ачык акционердик коому-
на жана башка техникалык тейлөөчү кызматтарга:
колдо болгон бардык эгин оруучу комбайндарды Нарын, Ысыккөл облус-
тарынын чарбакер субъектилерине, Суусамыр өрөөнүнө жана республиканын
башка бийик тоолуу зоналарына жергиликтүү мамлекеттик администрациялар-
дын өтүнмөлөрүнө ылайык өз убагында жеткирүүнү камсыздоо;
республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө айыл чарба
өсүмдүктөрүнүн өстүрүлгөн түшүмүн жыйноодо, аны иштетүүчү жана сактоочу
жерлерге жеткирүүдө, коњтормо жана тоњдурма айдоодо, ошондой эле
2007-жылдагы түшүм үчүн күздүк себүүдө иштиктүү жардам көрсөтүү боюнча
тейлөө чөйрөсүн кењейтүү жана алардын сапаттарын жогорулатуу.
15. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио компаниясы, республи-
калык, облустук жана райондук гезиттердин редакциялары, башка жалпыга
маалымдоо каражаттары (макулдашуу боюнча) 2006-жылдын түшүмүн жыйноого
даярдыктын жана жыйноонун жүрүшүн такай чагылдырышсын.
16. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайра иш-
тетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 30-июнундагы № 470
токтомуна тиркеме
2006-жылы оруу-жыйноо жумуштарын жүргүзүү
үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарга муктаждык
(тонна)
-----------------------------------------------------------------------
|№|Облустардын аталышы| Дизелдик отун | Бензин |Дизелдик май| Автол |
|-|-------------------|---------------|--------|------------|---------|
|1|Баткен | 3150 | 1219,5 | 150 | 76 |
|-|-------------------|---------------|--------|------------|---------|
|2|Жалалабат | 6895 | 2670 | 322 | 158,5|
|-|-------------------|---------------|--------|------------|---------|
|3|Ош | 4060 | 1571,8 | 110 | 35,5|
|-|-------------------|---------------|--------|------------|---------|
|4|Нарын | 3080 | 1192,4 | 173 | - |
|-|-------------------|---------------|--------|------------|---------|
|5|Ысыккөл | 5320 | 2060 | 300 | 151 |
|-|-------------------|---------------|--------|------------|---------|
|6|Талас | 3535 | 1368 | 160 | 70 |
|-|-------------------|---------------|--------|------------|---------|
|7|Чүй | 8960 | 3468,8 | 385 | 81 |
|-|-------------------|---------------|--------|------------|---------|
| |Республика | 35000 |13550 | 1600 | 572 |
-----------------------------------------------------------------------
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин
Аппарат жетекчиси - министр Т.Коеналиев