Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы N 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 30-июнундагы № 471
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 26-январындагы
№ 38 "Кыргызгаз" ачык акционердик коомуна финансылык колдоо
көрсөтүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүулөрдү жана толуктоолорду
киргизүү тууралуу
Кыргыз Реслубликасынын Өкмөтү токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 26-январындагы № 38
"Кыргызгаз" ачык акционердик коомуна финансылык колдоо көрсөтүү
жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор
киргизилсин:
- 1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- "Кыргызгаз" ААКнын 2002-жылдын 4-декабрындагы № 8-000/35 к/м
Карыздык милдеттенме боюнча 2006-жылдын 1-январына карата түзүлгөн
55,7 млн. сом суммадагы негизги карызы жана 6,5 млн. сом суммада
салынган айыптык санкциялары төмөнкүдөй шарттарда реструктуралансын:";
- 2-пунктунда:
үчүнчу абзацы "Карыз алуучунун Кредитордун алдындагы" деген
сөздөрдөн кийин:
"жогоруда көрсөтүлгөн кредиттин суммасында, Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарында белгиленген тартипте" деген сөздөр менен толукталсын;
пункт төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- "Кыргызгаз" ААКнын жогоруда көрсөтүлген кредиттин суммасына
мүлктүк комплексин жана активдерин Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарында белгиленген тартипте күрөөлүк камсыздоо катары бөрүүгө
макулдук берүү жөнүндө маселени "Кыргызгаз" ААКнын акционерлеринин
жалпы чогулушунун кароосуна киргизсин жана ыйгарым укуктуу органдын
чечими кабыл алынышын камсыздасын.";
- 3-пункту күчүн жогтту деп эсептелсин.
Премьер-министр Ф.Кулов