КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 30-июнундагы № 472 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Бажы
кодексинин 25-главасына ылайык жанамамлекеттин менчигине айланган товарларды пайдаланууну жана тескөөнүтартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтомкылат: 1. "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруубоюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын28-декабрындагы № 961
токтому менен бекитилген Бажы режимдеринкоддонуу боюнча
нускамага төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоокиргизилсин: - 200-пунктта: - төртүнчү абзацтагы "нормативдик-укуктук актылар менен" дегенсөздөр "Өкмөттүн токтому менен" деген сөздөргө алмаштырылсын; - төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи жана алтынчы абзацтар менентолукталсын: "Мамлекеттин менчигине айланган товарларды андан ары максаттуупайдалануу (сатуу, карамагына же пайдаланууга берүү) жана бул товарларберилген Кыргаз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу органынынаталышы, ошоњдой эле республикалык бюджеттин киреше бөлүгүндө бултоварлардын наркын эсепке алуу тартиби Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн токтому менен аныкталат. Бажы режиминде жайгаштырылып, мамлекеттин пайдасына баш тартылгантоварларга карата мурда алар эркин жүгүртүүгө чыгарылган учурда бажыпошлиналарын жана салыктарды төлөө боюнча жењилдиктер берилсе алармамлекеттин менчигине айланган учурдан тартып бажы пошлиналарынын жанасалыктардын бул шарттуу эсептелген суммасын төлөө боюнча милдеттенметоктотулат.". 2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын. 3. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Премьер-министр Ф.Кулов