Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 30-июну № 474 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчилиги жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчилигинуюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын30-майындагы Жарлыгын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат: 1. Төмөндөгүлөр белгиленсин: - Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчили-гинин кызматкерлеринин саны 6 (алты) бирдиктен, анын ичинде 4 (төрт)дипломатиялык кызматкерден турары; - Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчили-гинин кызматкерлеринин кызматтык маяналары тиркемеге ылайык өлчөмдө бо-лору. 2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Кыр-гыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен бирдикте Кыргыз Рес-публикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчилигин күтүүгө чыгым-дардын көлөмүн аныктасын жана андан ары "2006-жылга Кыргыз Республика-сынын республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынатиешелүү өзгөртүүлөрдү даярдоо менен 2006-жылга керектүү бюджеттик ка-ражаттарды карасын. Премьер-министр Ф.Кулов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-июнундагы № 474 токтомуна тиркеме Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчилигинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмү (айына АКШ доллары менен) -----------------------------------------------------------------------| Кызмат орундардын аталышы | Бирдиктердин саны | Кызматтык маяна ||-------------------------------|-------------------|-----------------||Элчи | 1 | 1600 ||-------------------------------|-------------------|-----------------||Кењешчи | 1 | 1432 ||-------------------------------|-------------------|-----------------||Биринчи секретарь | 1 | 1272 ||-------------------------------|-------------------|-----------------||Атташе | 1 | 1032 ||-------------------------------|-------------------|-----------------||Бухгалтер-кењсе башчысы | 1 | 1112 ||-------------------------------|-------------------|-----------------||Чарба башчысы-айдоочу | 1 | 800 ||-------------------------------|-------------------|-----------------|| Бардыгы: | 6 | |----------------------------------------------------------------------- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппарат жетекчиси - министр Т.Коеналиев