Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 317 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 3-июлундагы № 476 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 963 «Бажылык пошлиналарды жана салыктарды төлөөдөн шарттуу толук бошотуу менен убактылуу алынып келүүчү (алынып чыгуучу) товарлардын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 145-статьясынын 1-пунктунаылайык, Кыргыз Республикасынын өнөр-жайына инвестициялар үчүн онтойлуушарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы №963 «Бажылык пошлиналарды жана салыктарды төлөөдөн шарттуу толукбошотуу менен убактылуу алынып келүүчү (алынып чыгуучу) товарлардынтизмесин бекитүү женүндө» токтому менен бекитилген Бажылыкпошлиналарынан жана салыктардан шарттуу толук бошотуу менен убактылууалынып келинген (алынып чыгылган) товарлардын тизмесине төмөнкүдөйөзгөртүүлөр киргизилсин: 2.4-пунктчадагы «(өнөр жай өндүрүшүндө, товарларды упаковкалоо жетабигай ресурстарды эксплуатациялоо, жер иштетүү жумуштарын аткаруу,имараттарды, түзүлүштөрдү, жабдууларды куруу жана оњдоо, жана ушулсыяктуу башка жумуштарды жасоого пайдаланылчудан башкалар)» дегенсездөр алып салынсын; - «Башка товарлар» деген 4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 4.3-пунктчаменен толукталсын: «4.3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун чечимдерине ылайык өнөр-жайдын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүү үчүн убактылуу алыныпкелинген өнөр-жай жабдуулары, адистештирилген транспорт каражаттары.». 3. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. 4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын. 5. Бул токтрмдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын финансы башкармалыгына жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов