Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 3-июлу № 479 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасында экономикалык реформалардын "Беш Ашуу" улуттук программасынын концепциясын кароо жөнүндө Кыргыз Республикасында экономикалык реформалардын "Беш Ашуу" улут-тук программасынын концепциясын жана "Мињ булак" Кыргыз Республикасынынфинансылык рыногун өнүктүрүү матрицасын кароонун натыйжалары боюнчаКыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасында экономикалык реформалардын "Беш Ашуу"улуттук программасынын концепциясын жана "Мињ булак" Кыргыз Республика-сынын финансылык рыногун өнүктүрүү матрицасында баяндалган иш-чаралар2006-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгууда эскеалынсын. 2. Саясий, социалдык реформаларды, реалдуу сектордогу өзгөртүптүзүүлөрдү иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга жооптуу структуралардытүзүү 2006-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү стратегиясын практикалык ишкеашыруу боюнча структураларды түзүүдө каралсын. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынЭкономика жана финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Премь-ер-министринин Аппаратынын экономикалык өнүктүрүү башкармалыгынажүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов