Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 3-июлу № 483 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Карасуу районунун калктуу конуштарынын аймактарын кењейтүү үчүн жер берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Карасуу районунун тургунда-рынын социалдык муктаждыктарын чечүү максатында, Кыргыз РеспубликасынынЖер кодексинин 20-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ток-том кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрация-сынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалыккомиссия менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Ка-расуу районунун калктуу конуштарынын аймактарын кењейтүү үчүн Айыл чар-ба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринен 108,0 га сугат жердиберүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын, анын ичинде: - Акташ айыл өкмөтүнө 20,0 га сугат айдоосун; - Сарай айыл өкмөтүнө 50,0 га га сугат айдоосун; - Сарыколот айыл өкмөтүнө 38,0 га сугат айдоосун. 2. Бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлер "Айыл чарба багы-тындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категория-сына которулсун. 3. Ош облусунун мамлекеттик администрациясы: - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-син; - жалпы пайдалануудагы автожолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сырт-ка социалдык-маданий багыттагы объекттерди жана инженердик коммуникаци-яларды жайгаштырууну эске алуу менен ушул токтомдун 1-пунктунда аталганжер участкаларына курулуш курууга пландоочу жана жумушчу документтердииштеп чыксын. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайра иш-тетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов