КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-июнундагы № 462
токтому менен бекитилген Жазык-аткаруу системасынын кызматчысын камсыздандыруунун тартиби, шарттары жана ал кызматтык милдетин аткарууга байланыштуу мертинген, жарадар болгон, контузия, травма алган же кесиптик ооруган, курман болгон же кызматтан бошонгондон кийин ошол кызмат өтөп жүргөн кезде алган жараттын, контузиянын, травманын же кесиптик оорунун кесепетинен өлгөн учурда камсыздоо төлөмдөрүнүн өлчөмдөрү жөнүндөЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-февралындагы № 63 токтомунун редакциясына ылайык) Бул Жобо "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун мекемелери жана органдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Мый-замына ылайык иштелип чыкты. I. Жалпы жоболор 1. Бул Жобо Жазык-аткаруу системасынын кызматчысын камсыздандыруунун тартибин, шарттарын жана ал кызматтык милдетин аткарууга байланыштуу мертинген, жарадар болгон, контузия, травма алган же кесиптик ооруган, курман болгон же кызматтан бошонгондон кийин ошол кызмат өтөп жүргөн кезде алган жараттын, контузиянын, травманын же кесиптик оорунун кесепетинен өлгөн учурда камсыздоо төлөмдөрүнүн (бир жолу берилчү пособие) өлчөмдөрүн Кыргыз Республикасынын "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун мекемелери жана органдары жөнүндө"
Мыйзамынын 33-статьясына ылайык жөнгө салат. 2. Кызматчынын өзүнүн социалдык жактан мамлекеттик камсыздандырылышы милдеттүү жана кызматчы ишке алынган күндөн тартып камсыздалган болуп эсептелет. Кызматчыны мамлекеттик милдеттүү жеке камсыздандыруу кызматкердин кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда курман болуу (өлүү), мертинүү, жарадар болуу, контузия алуу, ден соолугун жоготуу кокустуктарына карата Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгы тарабынан ишке ашырылат. 3. Кызматчыны мамлекеттик милдеттүү жекече камсыздандыруу республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. 4. Кызматчы алкоголго, наркотикке же уулуу затка мас абалда атайылап кылмыш жасоо учурунда курман болсо (өлсө) же майып болсо, жарат же контузия алса, камсыздандыруу суммасын алуу максатында менен өзүнүн денесине атайылап зыян келтирсе, камсыздандыруу суммасы төлөнбөйт. 5. Камсыздандыруу суммасын чектөөнүн негиздүүлүгү жана анын туура эсептелиши үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу системасынын финансы органдарына жүктөлөт. II. Жөлөкпул чектөөнүн шарттары 6. Камсыздандыруу төлөмдөрүн чектөөнүн жана алуунун негиздери төмөндөгүлөр: а) майыптыгы аныкталган же жаракатты кызмат учурунда алган учурда: - алуучунун арызы; - алуучунун ким экендигин тастыктоочу документи; - жазык-аткаруу системасынын аскердик-дарыгердик комиссиясынын жараттын оордук даражасы жөнүндө корутундусу, камсыздандырылган кызматкердин кесиптик ишке жөндөмүн жоготкондук даражасы жөнүндө ВТКнын маалымкатынын көчүрмөсү жана камсыздандыруу учуру боюнча майыптыгынын аныкталышы; б) курман болгон (өлгөн) учурда: - алуучунун арызы; - өлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн нотариуста ырасталган көчүрмөсү; - мураскерлик укугу жөнүндө күбөлүк; - алуучунун ким экендигин тастыктоочу документ. Эгерде кызматчы кызмат өтөп жүргөн кезде кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу алган жаракаттын, травманын же кесиптик оорунун натыйжасында иштен бошотулгандан кийин үч жылдын ичинде өлсө, булардан тышкары жазык-аткаруу системасынын аскердик-дарыгердик комиссиясынын ушул фактыны ырастаган корутундусу да тапшырылат.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-февралындагы № 63 токтомунун редакциясына ылайык) 7. Камсыздандыруу төлөмүн чектөөгө жана алууга негиз болуучу документтерге кызматчынын мертинген, жаракат, контузия, травма алган же кесиптик ооруга чалдыккан, курман болгон (өлгөн) фактысы боюнча жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн материалдары, жабыркаган кызматчынын соңку кызмат ордунда алып жүргөн акчалай маянасы тууралуу маалымкат кошо тиркелип, алар жазык-аткаруу системасынын кадрлар бөлүмү тарабынан берилет. Кызматчынын акчалай маянасы кызмат орду жана наамы боюнча маяналардан турат. III. Жөлөкпулдун өлчөмдөрү 8. Камсыздандыруу окуясы боюнча бир жолку берилчү жөлөкпул төмөнкүдөй өлчөмдөрдө төлөнөт: - кызматтык милдетин аткарууга байланыштуу кызматкер денесинен ал үчүн кызмат өтөө мүмкүнчүлүгүн жок кылган жаракат алган учурда, -он жылдык акчалай маянасы; - кызматчы кызматтык милдетин аткарууга байланыштуу кесиптик ооруга чалдыгып, анын кесепетинен андан ары кызмат өтөшү мүмкүн эмес болсо, он жылдык акчалай маянасы; - кызматчы кызматтык милдетин аткарууга байланыштуу курман болсо (өлсө), же кызмат өтөө мезгилинде алган жаракаттын, контузиянын, травманын же кесиптик оорунун кесепетинен кызматтан бошонгондон кийин өлсө, - жыйырма жылдык акчалай маянасы.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-февралындагы № 63 токтомунун редакциясына ылайык) 9. Бир жолку берилчү жөлөкпулдун жалпы суммасы бир айлык маянаны тиешесине жараша 10 же 20 жылдын 12 айына көбөйтүү жолу менен аныкталат. Эскертүү: Кызматчы кызмат өтөө учурунда алган жаракаттын, контузиянын, травманын же кесиптик оорунун кесепетинен кызматтан бошонгондон кийин өлүп калганда бир жолку жөлөкпул төлөөдө ал мурда жаракаттын, контузиянын, травманын же кесиптик оорунун кесепетинен кызматтан бошонушуна байланыштуу төлөнгөн акчанын суммасы кармалып калат. IV. Жазык-аткаруу системасынын кызматкерлерине жөлөкпул төлөө 10. Жазык-аткаруу системасынын кызматкерлерине кызматчыларды мамлекеттик камсыздандыруунун, курман болгон (өлгөн), жарадар болгон, контузия, травма алган же кесиптик ооруга чалдыккан учурларда бир жолку мамлекеттик жөлөкпул чектөөнүн жана төлөөнүн ушул Жободо белгиленген тартиби таратылат. 11. Жазык-аткаруу системасынын эркин жалданган кызматкерлерин акчалай камсыздоо соңку кызмат орду боюнча төлөнгөн кошумча акыларды эске алуу менен орточо айлык эмгек акы катары аныкталат. V. Жөлөкпул төлөөнүн тартиби 12. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун финансы органдары жөлөкпул чектөө же чектөөдөн баш тартуу тууралуу чечимди арыз бардык керектүү документтер менен түшкөндөн кийин 10 күндөн кечиктирбестен чыгарат. Жөлөкпул чектөөдөн баш тарткан учурда бул тууралуу арыз ээсине баш тартуунун себептери көрсөтүлгөн жооп жазуу жүзүндө берилет. 13. Камсыздандыруу окуясы боюнча жөлөкпул кызматчынын өзүнө же анын мыйзамдуу өкүлүнө, кызматчы курман болгон (өлгөн) учурда - анын мыйзамдуу мурасчыларына (мындан ары - алуучулар) төлөнөт. 14. Алуучу жөлөкпул төлөп берүү тууралуу арызды ушул Жобонун 1-пунктунда көрсөтүлгөн окуя болгондон кийин үч жылдын ичинде берүүгө тийиш. 15. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармасы жазык-аткаруу системасынын кызматчысы кызматтык милдетин аткарууга байланыштуу мертинген, жарадар болгон, контузия, травма алган же кесиптик ооруган, курман болгон же кызматтан бошонгондон кийин ошол кызмат өтөп жүргөн кезде алган жараттын, контузиянын, травманын же кесиптик оорунун кесепетинен өлгөн учурда социалдык жөлөкпулду аны алууга укук пайда болгон күндөн тартып 6 айдын ичинде төлөйт. 16. Ушул Жободо каралган камсыздандыруу окуялары болгондо камсыздандыруу суммасын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгы камсыздандыруу суммасын алуучунун тандоосуна жараша акчаны камсыздандырылган адамдын жашаган (катталган) жери боюнча, финансылык-кредиттик мекемеге алуучунун алыш-бериш эсебине которуу, алуучунун эсебинен почта аркылуу жиберүү же акчалай түрүндө берүү менен төлөйт. Жашы жете элек алуучуга камсыздандыруу суммасы камкордук жана көзөмөлдөө органдарына кабарлоо менен акчаны ал жашаган жердеги финансылык-кредиттик мекемеге, анын атындагы аманатка которуу жолу менен гана берилет. 17. Камсыздандыруу суммаларын чектөө жана төлөө үчүн тапшырылган бардык документтер Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу системасынын финансы органдарынын архивдеринде сакталат. 18. Жөлөкпул алууну тариздөөдө кыянатчылык кылган (жалган документ жасоо, документтерди жасалмалоо ж.б.), жөлөкпулду төлөп берүүнү мыйзамсыз кечиктирген күнөөлүү кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.