Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-июнундагы № 470
токтому менен бекитилген Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттуу үрөндөрүнүн республикалык мамлекеттик үрөн фонду жөнүндө ЖОБО 1-бөлүм Жалпы жоболор Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттуу үрөндөрүнүн республикалык мамле-кеттик үрөн фонду (мындан ары - Үрөн фонду) Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн чечимдерине ылайык төмөнкүлөр үчүн керектүү ассортиментте жа-на көлөмдөрдө түзүлөт: - республиканын табигый кырсыктардан жабыркаган айылдык товарөндүрүүчүлөрүнө, калктын аз камсыз катмарларына, ошондой эле республи-канын жаратылыштык-климаттык шарты катаал алыскы жана бийик тоолуу ра-йондоруна мамлекеттик колдоо көрсөтүү үчүн; - республиканын үрөнчүлүк чарбаларын райондоштурулган жана келе-чектүү сорттогу супер-элита жана элита үрөндөр менен, ошондой эле сорт-торду жањыртуу жана сортторду алмаштыруу үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүнгибриддеринин тектик түпкү формаларынын үрөндөрү менен камсыздоо; - башка чарбакер субъекттердин белгиленген себүү программаларынаткаруудагы муктаждыктарын канааттандыруу үчүн. 2-бөлүм Үрөн фондунда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн топтоонун жана тариздөөнүн тартиби Үрөн фондунда айыл чарба өсүмдүктөрү боюнча үрөндөрдү сандык жанасапаттык жактан топтоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бул маселе бо-юнча тийиштүү чечиминен кийин гана ишке ашырылат. Үрөн фондунаүрөндөрдү коюу үрөнчүлүк чарбалардын жана башка чарбакер субъекттердинмамлекеттик карыз каражаттар боюнча береселерин жоюунун эсебинен ишкеашырылат. Үрөн фондуна үрөндөрдү топтоо жөнүндө ар бир чечимде конк-реттүү мамлекеттик карыз каражаттардын шифри чечмеленет. Үрөндөрдү Үрөнфондуна коюу Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат жана ата-анташтыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинде үрөндүн бааларыаныкталгандан кийин таризделет. Үрөн фондуна республиканын үрөн чарба деген статусу бар конкреттүүүрөн чарбасына (мындан ары - үрөн чарба) тийиштүү айыл чарбаөсүмдүктөрүнүн үрөндөрү топтолууга тийиш. Мында үрөн чарбалар Үрөн фон-дуна топтоочу үрөндөр милдеттүү түрдө тийиштүү тарага салынууга, алүрөндөрдүн кимге таандыктыгы, өсүмдүктүн аталышы, сорту (гибриди) жанаүрөндөрдүн репродукциясы (мууну) көрсөтүлгөн керектүү маркировкасы бо-лууга тийиш. Үрөн чарбанын статусу жок, бирок мамлекеттик карыз каражаттар бо-юнча бересесин айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү менен төлөөнү каала-ган башка чарбакер субъекттер өздөрүнүн үрөндөрүн андай максатка ыла-йыкташтырылган жайларда, райондук же район аралык мамлекеттик үрөн инс-пекциясынын макулдугу менен жооптуу сактоону камсыздоого тийиш. Үрөн фондунда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн топтоо жана та-риздөө боюнча иш төмөнкүдөй: а) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигининЭкономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фондунун (мындан ары - ЭӨФ)райондук өкүлү райондук айыл чарба башкармасынын начальнигине (мынданары - АЧБ) райондо мамлекеттик карыз кредиттер (бюджеттик ссуда, Япони-янын Өкмөтүнүн гранты жана башкалар) боюнча жоюла элек бересеси бар жа-на бересесин айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттук үрөндөрү менен төлөөнүкаалаган жеке адамдардын жана юридикалык жактардын тизмесин ар бир ра-йон боюнча 15-июнга чейин берет; б) АЧБ райондук (райондор аралык) мамлекеттик үрөн инспекциясы(мындан ары - Үрөн инспекциясы) менен бирдикте аныкталган тартипте жекеадамдардын жана юридикалык жактардын айдоолорунан алынчу түшүмдүнүрөнгө жарактуулугун текшерүүнү камсыздайт, ал айдоолор кийин Үрөн инс-пекциясынын кызматкерлеринин контролунда болот (агротехникалык багуу,түрдүк жана сорттук отоолордун жүргүзүлүшү, тазаланышы, талаадан сыноо-дон өткөрүлүшү, өстүрүлгөн түшүмдүн үрөнгө жыйналышы, тазаланышы, упа-ковкаланышы жана маркаланышы, ошондой эле сактоо шартынын текшерилиши).Үрөн инспекциясынын кызматкерлери өстүрүлгөн түшүм себүүчү материалгакарата талаптарга ылайык болсо сорттук жана себүү боюнча документтерменен камсыздашат; в) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Үрөн фондунда тигил же булайыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн топтоо жөнүндө чечими чыккандан ки-йин АЧБ, ЭӨФ жана ар бир үрөн чарбанын, тигил же бул айыл чарбаөсүмдүгүнүн тийиштүү сортунун (гибридинин) жана репродукциясынын (муу-нунун) конкреттүү сандагы үрөнү бар чарбакер субъект менен үрөндөрдүҮрөн фондунда камдоо жана сактоо жөнүндө үч тараптуу Макулдашуу тариз-делет. Үч тараптын ар бири жогоруда аталган Макулдашуунун бирден нуска-сын алат. Макулдашууну тариздөө процесси бүткөндөн кийин Үрөн фондунда үрөнчарбалар жана чарбакер субъекттер боюнча үрөн топтоонун реестритүзүлүп, анда алардын ар бири боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түрлөрү,сорттору (гибриддери) жана репродукциялары (муундары) көрсөтүлөт. Реес-трге райондук АЧБнын начальниги, райондук (райондор аралык) Үрөн инс-пекциясынын начальниги жана ЭӨФнын райондогу өкүлү кол коет жана күздүкже жаздык себүүнүн оптималдуу агротехникалык мөөнөттөрү башталаарданбир аптадан кем эмес мурдатан республикалык ЭӨФга жана Кыргыз Республи-касынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине (мын-дан ары - Айыл чарба министрлиги) эки көчүрмөдө жиберилет. 3-бөлүм Үрөн фондунда топтолгон жана таризделген сорттук жана гибриддик үрөндөрдү берүүнүн тартиби Республиканын райондорунан Айылсуучарбаминге жана ЭӨФга келгенҮрөн фондунда үрөндөр дүњ топтолушу жөнүндө реестрлер Айыл, суу чарбажана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинде талданып, ал облмамадминист-рациялар берген айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү менен камсыздыктынбалансынын, республикалык Үрөн инспекциясы берген супер-элита жана эли-та үрөндөр менен сортторду жањыртуу пландарынын негизинде, ошондой элерайондордон Айыл чарба министрлигине жана жана ЭӨФга райондордон конк-реттүү чарбакер субъекттерден келген өтүнмөлөрдүн негизинде айыл чарбаөсүмдүктөрүнүн үрөн фондунда топтолгон үрөндөрүн бөлүштүрүү боюнча не-гизделген сунуштарды даярдайт жана аларды Товардык кредиттердибөлүштүрүүчү боюнча республикалык мамлекеттик комиссиянын (мындан ары -Мамкомиссия) кароосуна киргизет. Мамкомиссия өзүнүн жыйындарында Айыл чарба министрлигининүрөндөрдү бөлүштүрүү боюнча сунуштарын карайт, анын ичинде конкреттүүүрөн чарбаларга супер-элита жана элита үрөндөрдү сортторду жањыртуу жа-на сортторду алмаштыруу үчүн бөлүп берет, эгер тийиштүү ондоолор болсо,алар киргизилгенден кийин өзүнүн чечимин Протокол менен тариздейт. Мамкомиссиянын чечиминин протоколу ага төрагасы кол койгон күнүфакс менен облустардын мамлекеттик администрацияларына жиберилет, аларүч күндөн кем эмес мөөнөттүн ичинде облустук мамлекеттик комиссиялардынчечими менен үрөндөрдү ар бир облустун райондору боюнча бөлүштүрүшөт.Товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча райондук мамлекеттик комиссияларүрөндөрдү бир аптадан кем эмес убакыттын ичинде өз райондорунун чарба-кер субъекттери боюнча бөлүштүрүүнү камсыздоого милдеттүү. Чарбакерсубъекттер (ссуда алуучулар) товардык кредит түрүндө үрөн алууга кре-диттик-күрөөлүк документтерди ЭӨФ органдарында аныкталган тартипте та-риздешет. Үрөндөр ссуда алуучуларга ЭӨФда мамкомиссиянын протоколуна,облустук, райондук мамлекеттик администрациялардын жана айылөкмөттөрүнүн бөлүштүрүү тизмелерине ылайык таризделген карызды которуужөнүндө макулдашуулардын, кредиттик келишимдердин жана күрөө жөнүндөкелишимдердин негизинде берилүүгө тийиш. 4-бөлүм Үрөн фондунда үрөндөрдү жооптуу сактоонун мөөнөттөрү. Карызды которуу Үч тараптуу Макулдашууга кол коюлган күндөн баштап айыл чарбаөсүмдүктөрүнүн үрөндөрү Үрөн фондуна жооптуу сактоого коюлду деп эсеп-телет. ЭӨФ ушул күндөн баштап Үрөн фондунда мамлекеттик карыз каражат-тар боюнча топтолгон үрөндөрдүн суммасына кредитти пайдалангандык үчүнпроценттерди жана айыптык санкцияларды салбайт. Бул мөөнөт күздүкөсүмдүктөрдүн үрөндөрү үчүн - 15-ноябрга чейин жана жаздыкөсүмдүктөрдүн үрөндөрү үчүн - 25-майга чейин гана колдонулат, андан ки-йин үрөндөр себүүнүн агротехникалык мөөнөтү өтүп кеткендикке байланыш-туу аларды алуучуларга берилиши мүмкүн эмес. Үрөн фондунда жооптуу сактоодо турган, бирок күздүк өсүмдүктөр бо-юнча - 15-ноябрга чейинки мөөнөттө, ал эми жаздык өсүмдүктөр боюнча25-майга чейинки мөөнөттө алынбаган үрөндөрдү камдоо жана сактоо жөнүн-дө макулдашуулар күчүн жоготот жана ушул көрсөтүлгөн мөөнөттөн баштапкредиттик келишимдердин шарттарынын күчү кайрадан иштей баштайт. 5-бөлүм Тараптардын жоопкерчиликтери Үрөн инспекциясынын органдары Үрөн фондуна жооптуу сактоого коюл-ган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнүн сорттук жана себүү сапаттарыүчүн, жана үрөндөрдүн, алардын жарактуулугу жөнүндө күбөлүктөрдүн жа-рактуулук мөөнөттөрүн өз убагында текшерилип турушу үчүн жоопкерчиликтеболот. ЭӨФнын органдары үрөн чарбалардын жана береселерин жоюу үчүн айылчарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн сунуш кылган чарбакер субъекттердин бе-реселеринин суммасы жөнүндө маалыматтардын тууралыгы үчүн жооп берет. Райондук АЧБ үрөн чарбалар жана чарбакер субъекттер өздөрүндө жо-оптуу сактоодо турган үрөндөрдү өз эркинче сарптаган күнөөсү, же алар-дын күнөөсү боюнча ал үрөндөрдүн сорттук жана себүүчүлүк сапаттары на-чарлаганы далилденгенден башка учурларда Үрөн фондунда айыл чарбаөсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн топтоо жөнүндө маалыматтардын тууралыгы үчүнжооп берет. Бардык учурларда ар бир күнөөлүү тарап Кыргыз Республикасынын мый-замдарына ылайык жооп берет. Ал эми талаш маселелер Кыргыз Республика-сынын мыйзамдарында аныкталган тартипте чечилет.