Сравнение редакций…
КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 6-октябрындагы № 621 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 4-июлу № 490 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Спартак" стадионунун чакан спорттук аренасынын жайларын жана спорт аянтчасын өткөрүп берүү жөнүндө Дене тарбиянын жана спорттун материалдык-техникалыкбазасына колдоо көрсөтүү, "Спартак" стадионунун чаканспорттук аренасынын жайларын сактоо жана андан аркыпайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтомкылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 20-июлундагы № 546 ""Спартак"" стадионунун чакан спорттукаренасынын жайларын кийин сатып алуу менен ижарага берүүжөнүндө" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин. 2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруубоюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөкараштуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигиБишкек шаары. Тоголок Молдо көчөсү, 17 дарегинде жайгашкан,"Спартак" стадионунун чакан спорттук аренасынын чыгыштрибунасынын алдындагы жайларды жана "Спартак" стадионунунчакан спорттук аренасынын спорт аянтчасын КыргызРеспубликасынын Улуттук олимпиада комитетинин балансынабелгиленген тартипте бир айлык мөөнөттө өткөрүп берсин. 3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруубоюнча мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынынмамлекеттик башкаруу органдарынын администрациялыкимараттарды пайдалануусу боюнча Топтомо реестргеөзгөртүүлөрдү киргизсин. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо КыргызРеспубликасынын Премьер-министринин Аппаратынын экономикалыкөнүктүрүү башкармалыгына жана социалдык жана маданийөнүктүрү башкармалыгына жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов