КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2006-жылдын 4-июлу N 492
Илимий даражасы үчүн үстөктөрдү белгилөө жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-февралындагы N 87, 2018-жылдын 3-мартындагы № 122 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын "Эсептешүү көрсөткүчү жөнүндө" Мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылдын 1-январынан баштап негизги иштеген жери боюнча илимий, педагогикалык кызматкерлердин, профессордук-окутуучулук курамдын, анын ичинде мамлекеттик бийлик органдарынын кызматкерлеринин эмгек акысына иштелген убактысына карабастан ай сайын төлөнүүчү үстөк белгиленсин:
- илим доктору илимий даражасы үчүн - 1800 сом өлчөмүндө;
- илим кандидаты илимий даражасы үчүн - 900 сом өлчөмүндө.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 3-мартындагы № 122 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Көрсөтүлгөн төлөмдөр бюджеттен каржылануучу мекемелердин кызматкерлерине тиешелүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен, чарбалык эсептеги уюмдарда - өздүк каражаттарынын эсебинен төлөнөт.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 24-мартындагы N 161 "Илимий, илимий-педагогикалык кызматкерлердин жана профессордук-окутуучулук курамдын илимий даражасы үчүн эмгек акыларына үстөктөрдү белгилөө жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| Ф.Кулов |