Сравнение редакций…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 5-июлу №493
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекциянын
ишин камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика жана газ боюнча
мамлекеттик инспекциянын (мындан ары - Мамэнергоинспекция) негизги
функциясы энергия керектөөчүлөрдүн тармактын техникалык
документтеринин нормаларын сактоо, энергия компанияларында
технологиялык жабдуунун ишинде бузулуулардын жана авариялардын алдын
алуу жолу менен өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун сактоо болуп
эсептелет.
Мамэнергоинспекция энергиялык компаниялардан каражат которуунун
эсебинен каржыланат, алардын үлүштүк катышуусун Кыргыз Республикасынын
Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча
мамлекеттик агенттиги аныктайт. "Электр станциялары" жана "Түндүк
электр" ачык акционердик коомдору республиканын жетекчилигинин бир
нече жолку эскертүүсүнө карабастан 2004-жылдан баштап белгиленген
көлөмдө каражат которбой калышты, анын натыйжасында бул компаниялардын
Мамэнергоинспекцияга карызы биринчисиники 5245,5 мињ сом жана
экинчисиники 8289,4 мињ сом болду.
Мындай финансылык абал Мамэнергоинспекциянын инспекторлорунун
кесиптик курамын орчундуу начарлатышы мүмкүн жана ал энергия
компанияларынын өзүндө да, жалпы эле тармакта да энергиялык
коопсуздукка таасир этет.
Жогоруда айтылгандардын негизинде жана Мамэнергоинспекциянын
нормалдуу иштешин камсыз кылуу жана ага жүктөлгөн милдеттерди тийиштүү
аткарышы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча
мамлекеттик комитети "Электр станциялары" жана "Түндүк электр" ачык
акционердик коомдорунун башкы дирекциялары менен бирдикте директорлор
кењештеринин төмөнкүдөй иш-чараларды аткаруусун камсыздасын:
- ушул токтом чыккандан кийин эки аптанын ичинде
Мамэнергоинспекцияны кармоого которуулар боюнча карыздарды 2006-жылдын
аягына чейин толук жоюунун графиктерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- сотко берилген доолорду кайра алууну жана Мамэнергоинспекция
менен элдешүү келишимин түзүүнү;
- акча каражаттарды "Эсептешүү-сактык компаниясы" АТАКтын эсебинен
Мамэнергоинспекциянын алыш-бериш эсебине которуу маселесин Кыргыз
Республикасынын Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү
боюнча мамлекеттик агенттиги менен бирдикте кароону;
- Мамэнергоинспекцияны кармоого акча каражаттардын "Эсептешүү-
сактык компаниясы" АТАК аркылуу толук көлөмдө өз убагында которулушун
такай контролдоону.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика жана газ
боюнча мамлекеттик инспекция:
- "Электр станциялары" жана "Түндүк электр" ачык акционердик
коомдору менен элдешүү келишимин түзсүн;
- сотко берген доолорун кайра алсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине жана Кыргыз
Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика
комплекси, кен казып алуу тармагы жана жаратылыштык ресурстар бөлүмүнө
жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов