Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы N 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 5-июлундагы № 494
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарыНын калкынын
электр энергиясы үчүн акы төлөөсү жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-
пунктунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом
кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты
О.М.Артыкбаев тарабынан демилге кылынган "Жалал-Абад
облусунун Кара-Көл шаарынын калкынын электр энергиясы үчүн
акы телөөсу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
долбооруна тиркелген корутундунун негизинде макулдук
берилбесин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине
жиберилсин.
Премьер-министр Ф.Кулов
2006-жылдын 5-июлуну Кыргыз Республикасынын
№ 15-57/29 Жогорку Кењешине
"Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын калкынын
электр энергиясы үчүн акы төлөөсү жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна ылайык Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты О.М.Артыкбаев
тарабынан демилге кылынган "Жалал-Абад облусунун Кара-Көл
шаарынын калкынын электр энергиясы үчүн акы төлөөсү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, аны
кабыл алууга төмөнкүдөй сын-пикирлерди эске алуу менен
макулдук бербейт.
"Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын 10-статьясына ылайык гидроэлектр станцияларды
курууга байланыштуу бардык чыгымдар объектини куруунун
сметасына киргизилүүгө тийиш.
Кара-Көл шаары географиялык орду боюнча бийик тоолуу
аймакка кирет жана ошого жараша анын калкы электр энергиясы
үчүн акы төлөөдө 50 процент өлчөмдө жењилдиктен пайдаланып
жатат.
Кыргыз Республикасынын "Президентинин 2006-жылдын 28-
апрелиндеги № 192 "Калк үчүн электр кубатына бирдиктүү
тарифти киргизүү шартында калктын аялуу катмарын социалдык
жактан колдоонун кошумча чаралары жөнүндө" Жарлыгына ылайык
1000 сомго чейинки өлчөмдө пенсия алган бардык
пенсионерлерге 2002-жылдын 1-июнунан тартып электр энергиясы
үчүн акы төлөөгө максаттуу акчалай компенсациянын өлчөмү 30
сомго көбөйтүлгөн. 2006-жылга республикалык бюджетте мындай
компенсацияларды төлөө үчүн 520 млн. сом каралган.
Ошондой эле, ушул Жарлыкка ылайык 2006-жылдын 1-майынан
тартып пенсиясы 1000 ден 1500 сомго чейинки пенсионерлер
үчүн биринчи жолу 30 сом өлчөмдө компенсация каралган.
Компенсация Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду
аркылуу, пенсиясын төлөөдө кошо берилет.
Кара-Көл шаары өзгөчө мамлекеттик камкордукка алынчу
аймактагы облустардын жана райондордун тизмесине киргизилген
эмес. Ошондуктан анын тургундарына электр энергиясын
Токтогул ГЭСинде энергия чыгаруунун өздүк наркы боюнча
пайдалануу укугу берилген эмес.
Кирешеси аз калкты финансылык колдоо биринчи кезекте
жаны иш орундарды түзүү, ошондой эле даректүү социалдык
жардам берүү жолу менен ишке ашырылууга тийиштигин белгилеп
коюу зарыл.
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда Кара-Көл
шаарынын тургундарына кошумча жењилдиктерди берүүдөгү
чыгымдарга компенсацияны каржылоонун булагы көрсөтүлгөн
эмес, андай чыгымдардын өлчөмү баштапкы эсептөөлөр боюнча 6
млн. сомду түзөт.
Премьер-министр Ф.Кулов