Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 12-июлу № 504 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Медициналык жабдуулар, запастык бөлүктөр жана медициналык жабдууларга сарптоо материалдары менен камсыз кылууда саламаттык сактоо мекемелерин колдоо боюнча убактылуу чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 11-статьясынын негизиндереспубликанын экономикалык таламдарын коргоо жана азыркы учурдагы меди-циналык жабдууларды колдонуу менен Кыргыз Республикасынын калкына меди-циналык жардамдын сапатын жакшыртуу максатында Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен каржылануучусаламаттык сактоо уюмдары үчүн медициналык жабдууларды, запастыкбөлүктөрдү жана медициналык жабдууларга сарптоо материалдарын импортто-одо кошумча наркка салыктын нөлдүк ставкасы белгиленсин. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инс-пекциясы ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасына алыпкелинүүчү медициналык жабдууларды, запастык бөлүктөрдү жана медициналыкжабдууларга сарптоо материалдарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекит-кен медициналык жабдуулардын, запастык бөлүктөрдүн жана медициналыкжабдууларынын тизмеси боюнча бажылык тариздөө жүргүзсүн. 3. Бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана2006-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат. 4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын. 5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине ушул токтомдун 1-пунк-туна ылайык медициналык жабдууларды, запастык бөлүктөрдү жана медицина-лык жабдууларга сарптоо материалдарын алып келүүдө кошумча наркка са-лыктын ставкасынын өзгөргөндүгү жөнүндө билдирилсин. 6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү баш-кармалыгына, финансы башкармалыгына, Кыргыз Республикасынын Экономикажана финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сак-тоо министрлигине жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов