Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 12-июлундагы № 506 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2006-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын жерлерин мамлекеттик эсепке алуунун жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын аймагы 2006-жылдын 1-январына карата 19995,1мињ гектарды түзөт. Отчеттук мезгилде жер фондун пайдаланууда категориялар боюнча да,жердин түрлөрү, ошондой эле менчиктин формалары боюнча да өзгөрүүлөрболду. 2006-жылдыњ 1-январына карата республиканын жер фондундагыжерлерден 1225,9 мињ га - жеке менчикте, 58,5 мињ га - муниципалдыкменчикте, 18710,5 мињ га - мамлекеттик менчикте турат. Өзгөчө баалуу айыл чарбалык жерлердин эсепке алынышын алардын ишжүзүндөгү пайдаланылышына ылайык келтирүү үчүн Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн: - «Кыргыз Республикасынын Жалалабат облусунун Сузак районундажерлерди трансформациялоо жөнүндө»
2005-жылдын 4-июлундагы № 284токтому менен 1589,0 га сугат айдоо кайрак айдооготрансформацияланган; - «Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусундагы Тоњ районунунжерлерин трансформациялоо жөнүндө»
2005-жылдын 19-октябрындагы № 484токтому менен Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусундагы Тон районунун4420,2 га айыл чарба жерлери, анын ичинде 3513,2 га сугат айдоосу,891,1 га кайрак айдоосу, 16,0 га көп жылдык өсүмдүктөр баскан жерлерибашка анча баалуу эмес айыл чарба жерлерине которулган; -«Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Өзгөн районунун айыл чарбажерлерин трансформациялоо жөнүндө»
2005-жылдын 28-октябрындагы № 506токтому менен 176,4 га жер, анын ичинде 158,35 га - сугат айдоосу,8,68 га - кайрак айдоосу, 1,1 га - көп жылдык өсүмдүктөр басканжерлери жана табигый катаклизмдерге байланыштуу айыл чарбажүгүртүүсүнөн чыгарылган 8,3 га – чабындылар трансформацияланган. Республиканын жарандарынын турак жай проблемаларын чечүү үчүн 2005-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери менен 3871,0 га жер,анын ичинде 2745,0-га сугат айдоо, 516,0. га кайрак айдоо, 315 га кепжылдык өсүмдүктөр баскан жерлер, 295,0 башка жерлер жеке менчик туракжай куруу үчүн бөлүп берилген. 2005-жылы Кыргыз Республикасында ар түрдүү себептер менен (шорбасуу, сазга айлануу, суунун жетишсиздиги, үрөн, күйүүчү-майлоочуматериалдарды алууга каражаттын жоктугу, алыстыгы, экономикалык жактанмаксатка ылайыксьшыгы) 159,5 мињ га айдоо, же республикада болгонбардык айдоонун 12,4 проценти пайдаланылбай калган. Кыргыз Республикасынын Жер
кодексинин 106-статьясына ылайык КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин: - Кыргыз Республикасында 2006-жылдын 1-январына карата жерлердикатегориялар жана жер пайдалануучулар боюнча мамлекеттик эсепкеалуунун жыйынтыктары; - 2006-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын Жер фондунжерлердин түрлөрү боюнча бөлүштүрүү. 2. Жалалабат, Нарын облустарынын, Баткен облусундагы Кадамжайрайонунун, Ысыккөл облусундагы Ысыккөл районунун, Талас облусундагыКарабуура жана Манас райондорунун мамлекеттик администрациялары,Ысыккөл облусундагы Каракол шаарынын мэриясы, Талас облусундагы Таласшаарынын мэриясы короо жанындагы айдоолордун эсебин 2002-жылыжүргүзүлгөн каттоонун жүрүшүндө алынган иш жүзүндөгү абалга ылайыккелтирүү боюнча тийиштүү чечимдерди кабыл алышсын жана практикалыкчараларды көрүшсүн. 3.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккөукуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик, облустардын жанарайондордун мамлекеттик администрациялары, жергиликтүү өз алдынчабашкаруу органдары: - баардык жерлердин түрлөрүн натыйжалуу жана максаттуу пайдалануугаконтролдукту күчөтүшсүн; - сугат айдоолор убактылуу канааттанарлык эмес абалда турган шарттааларды анча баалуу эмес айыл чарба жерлерине трансформациялоопрактикасын токтотушсун. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайраиштетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов