Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 13-июлундагы № 513
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Турак жай курулушун өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын командачысынын
кайрылуусун карал чыгып жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексин
жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча
мамлекеттик комитети ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн
объекттерди баалоону жана алмашууну белгиленген тартипте жүргүзсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясына мамлекеттик менчик
болуп саналган жана Бишкек шаары, Аскер шаарчасы, № I дарегинде
жайгашкан казарманын имаратын, ашкананы, медициналык пунктту, чакан
типографияны аянты 1,6 га жанаша жер участогу менен "ЮНИС Курулуш"
жоопкерчилиги чектелген коомуна белгиленген тартипте өткөрүп берүү
сунушталсын.
3. "ЮНИС Курулуш" жоопкерчилиги чектелген коомуна Кыргыз
Республикасынын Улуттук гвардиясынын № 1 аскер шаарчасынын аймагында
1,6 га аянттагы берилген жер участогунун ордуна казарманын имаратын,
ашкана, медициналык пункт, чакан типография куруу сунуш кылынсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө
укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик:
- жалпы аянты 1,6 га жер участогун "Коргонуу жерлери"
категориясынын "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу
жөнүндө жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүү киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясына, "ЮНИС Курулуш"
жоопкерчилиги чектелген коомуна жер участогуна укугун ырастоочу
документтерди белгиленген тартипте тариздесин.
5. Бишкек шаарынын мэриясы турак жай комплексин куруу үчүн аянты
1,6 га жер участогун "ЮНИС Курулуш" жоопкерчилиги чектелген коомуна
берүү жөнүндө чечим кабыл алсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын экономикалык өнүктүрүү башкармалыгына
жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов