КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-февралындагы N 91 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 14-июлу № 514 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Паспорттук жана визалык контроль департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 29-сентябрындагы №703, токтомуна ылайык) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 30-майындагы №299 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Паспорттук жанавизалык контроль департаменти жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Паспорттук жа-на визалык контроль департаменти жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин. 2. Күчүн жоготту. 3. Күчүн жоготту. 4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги: - белгиленген тартипте ушул токтомго ылайык зарыл болгон уюшту-руу-укуктук иш-чараларды жүргүзсүн; - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Паспорттук жанавизалык кызмат башкармалыгынын базасында түзүлгөн Паспорттук жана виза-лык контроль департаментин каржылоону тиешелүү жылга республикалык бюд-жет тарабынан Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине каралганкаражаттардын эсебинен камсыз кылсын. 5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. 6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укуктук тартип иштери бо-юнча бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов