Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 18-июлу №518 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун, «Центерра Голд Инк.» компаниясынын, «Кумтор Оперейтинг Компани» жабык акционердик коомунун жана «Кумтор Голд Компани» жабык акционердик коомунун ортосунда Алтын үчүн акы төлөө жөнүндө макулдашуунун колдонулуш мөөнөтүн узартуу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-апрелиндеги № 305 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө «Кумтор Оперейтинг Компани» компаниясынан алтын сатып алуунукаржылоону камсыз кылуу үчүн «Центерра Голд Инк.» компаниясынынакцияларынын «Кыргызалтын» ачык акционердик коомуна таандык 12 млн.АКШ доллары суммасындагы бөлүгүн сатуу жөнүндө» Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн 2006-жылдын 4-апрелиндеги № 239 токтомуна ылайык акциялардысатуу процесси аяктаганга чейин «Кыргызалтын» ачык акционердиккоомунун Аффинаждоо заводунун туруктуу иштешин үзгүлтүккө учуратпоомаксатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун, «Центерра Голд Инк.»компаниясынын, «Кумтөр Оперейтинг Компани» жабык акционердик коомунунжана «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун ортосунда Алтынүчүн акы төлөө жөнүндө макулдашуунун колдонулуш мөөнөтүн узартуутууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-апрелиндеги№ 305 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - 1 жана 2-пункттарындагы «2006-жылдын 1-июлуна чейин» деген сөздөр«2006-жылдын 15-ноябрына чейин» деген сөздөргө алмаштырылсын; - 2-пункттагы «2006-жылдын 11-январындагы» деген сөздөрдөн кийин«жана «Кыргызалтын» ачык акционердик коомуна жогоруда аталганМакулдашууга жана Күрөө жөнүндө келишимге ылайык күрөөдөгү «ЦентерраГолд Инк.» компаниясынын акцияларынын санын 2 850 000 (эки миллионсегиз жүз элүү мињ) даанага чейин көбөйтүүгө уруксат берүү жөнүндө»деген сөздөр менен толукталсын. 2. «Центерра Голд Инк.» компаниясынын бир акциясын 2006-жылдынмайында болгон үч акцияга бөлүп майдалоого байланыштуу "Кыргызалтын"ачык акционердик коомунун, «Центерра Голд Инк.» компаниясынын, "КумтөрОперейтинг Компани" жабык акционердик коомунун жана "Кумтөр ГолдКомпании" жабык акционердик коомунун ортосунда 2005-жылдын 22-декабрындагы Алтын үчүн акы төлөө жөнүндө макулдашууга жана 2006-жылдын 11 -январындагы Күрөө жөнүндө келишимге ылайык «Центерра ГолдИнк.» компаниясынын акцияларынын санын 2 850 000 (эки миллион сегизжүз элүү мињ) даанага чейин көбөйтүүгө макулдук берилсин. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси, кен казыпалуу тармагы жана жаратылыштык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов