Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 19-июлундагы № 521
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республнкасынын
Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктунун
негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республика-
сынын Мыйзам долбооруна тиркелген корутундунун негизинде макулдук
берилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.
Премьер-министр Ф.Кулов
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешине
"Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз
Республикасынын Өкмотүнүн корутундусу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна
ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин депутаты К.С.Исабеков тарабынан демилге кылынган "Кыргыз
Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам дол-
боорун карап чыгып, аны кабыл алууга төмөнкүдей сын-пикирлерди эске
алуу менен макулдук берет.
1. 3-статьяда:
алтынчы абзацта "жашоого укук" деген сөздор алып салынсын,
анткени бул маселе жарандык маселелерин жөнгө салат же аны "Тышкы
миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-статьясынын
экинчи абзацына ылайык келтирүү керек;
жетинчи абзац "жайылтылат" деген сөздөн мурда "жалпы" деген сөз
менен толукталсын жана андан ары текст боюнча;
сегизинчи абзац "Кыргыз Республикасынын жараны" деген сөздөр менен
толукталсын, анткени арыз берүүчү жарандыктан чыгып жаткан учурда
Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналат;
тогузунчу абзац "ушул Мыйзам менен" деген сөздөрдөн кийин "жана
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши ратификациялаган эл аралык
келишимдер менен" деген сөздөр менен толукталсын.
Андан ары Кыргыз Реслубликасынын Мыйзам долбоорунун бүткүл тексти
боюнча "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши ратификациялаган" деген
сөздөрдөн кийин "жана белгиленген тартипте күчүнө кирген" деген
сөздер менен толуктоолу максатка ылайык деп эсептейбиз.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1 -статьясынын 2-пунктуна
ылайык Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналган адамдар үчүн
башка мамлекеттин жарандыгына таандуулугу таанылбайт, ушуга байла-
ныштуу Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун 6-статьясын алып
салууну сунуштайбыз.
5-статьянын 2-пунктун алып салууну сунуш кылабыз, анткени Кыргыз
Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 15 жылында СССР ыдырагандан кийин
жарандыгы такталбаган адамдар дээрлик калган жок, эгерде мындайлар
болсо, алар жарандыгы жок адамдар катары таанылууга тийиш, аларга
белгиленген тартипте жарандык алуу мүмкүнчүлүгү берилет.
2.10-статьяны Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 13-статьясына
ылайык келтирүүнү сунуштайбыз.
3. 12-статья "башка болчу" деген сөздөн кийин "чет өлкөлүк жаран"
деген сөздөр менен тийиштүү жөндөмөде толуктоону сунуш кылабыз,
андан ары текст боюнча.
12-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Ата-энесинин жарандыгы ар кандай болсо, баланын жарандыгы
төрөлгөн жерине карабастан ата-энелеринин жазуу жүзүндөгү макулдугу
менен аныкталат", анткени сунушталган долбоордо Кыргыз Республикасынын
аймагында ар кандай мамлекеттердин жарандары болуп саналышкан ата-
энелерден төрөлгөн баланын жарандыгын аныктоо мүмкүнчүлүгү кирбей
калган.
4. 13-статьядан "г" пунктун алып салууну сунуштайбыз, анткени кач-
кындарга жарандыкты алуунун жалпы тартибин жайылтууну максатка
ылайыктуу деп эсептейбиз.
5. 14-статьянын 2-пунктун төмөнкүдөй мазмундагы пунктча менен толук-
тоону сунуштайбыз:
"в" "ошондой эле эл аралык келишимдерде каралган башка адамдар".
6. 111-главаны жашаган жеринин принциби менен эмес, жалпы же
жөнөкөйлөтүлгөн тартипте жарањдыктан чыгуу мүмкүнчүлүгү боюнча өзүнчө
1 жана 2-пункттарга бөлүүнү сунуш кылабыз.
7.28-статьядан 4, 6 жана 7-пункттарды алып салууну сунуштайбыз,
анткени алар техникалык гана мүнөзге ээ жана мааниси боюнча 1 жана
2-пункттарга тиешелүү.
8. 29-статьядан 4 жана 7-пункттарды алып салууну сунуш кылабыз,
анткени мааниси боюнча алар 1 жана 5-пункттарга тиешелүү.
Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун 29-статьясы Кыргыз
Республикасынын жарандыгынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын
Тышкы иштер министрлигинин ыйгарым укуктарын карагандыктан, Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбоорунун 26-статьясынын 1-пунктуна тиешелүү
толуктоо киргизүүнү сунуш кылабыз, атап айтканда жарандык жөнүндө
иштерди жүргүзүүчү органдардын ичине жогоруда көрсөтүлгөн органды
кошуу керек.
9. 32-статьяны мыйзамдык актыда - жободо же нускамада кароону
максатка ылайыктуу деп эсептейбиз;
32-статьянын 1-пунктунун "б" пунктчасын төмөнкүдөй редакцияда
берүүнү сунуштайбыз:
"Арыз ээсинин инсандыгын тастыктоочу документтердин түп нускасы же
нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгон көчүрмөлөрү (паспорт, жарандыгы
жок адамдар үчүн жашоого укугу);
Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун 32-статьясынын 1-пункту-
нун "ж" пунктчасында кайсы документ тууралуу сөз болуп жаткандыгын
тактоону сунуш кылабыз;
32-статьянын 2-пунктунун "а" пунктчасы "көчүрмөлөрү" деген сөздөн
мурда «Түп нускасы же нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөы» деген
сөздөр менен толукталсын, андан ары текст боюнча.
10. 36-статьянын үчүнчү абзацы "жарандыгы" деген сөздөн кийин "же
жарандыктан чыгуу" деген сөздөр менен толукталсын.
38-статьянын аталышынан, ошондой эле 38-статьянын экинчи абзацынан
"жана жашоого укуктар" деген сөздөр алып салынсын, анткени бул Мыйзам
жарањдык маселелерин гана жөнгө салат, жашоого укук берүү чет өлкөлүк
жарандарды же жарандыгы жок адамдарды башка легалдаштырууга таандык.
Премьер-министр Ф.Кулов