Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 19-июлу № 522
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл жарым ай коому
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна
ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл жарым ай коому жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.
Премьер-министр Ф.Кулов
2006-жылдын 19-июлу № 20-57/6
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењеши
"Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл жарым
ай коому жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам
долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин депутаты Э.Д.Алымбеков тарабынан демилге кылынган "Кыргыз
Республикасынын Улуттук Кызыл жарым ай коому жөнүндө" Кыргыз Республи-
касынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конститу-
циясынын 65-статьясынын 5-пунктун жетекчиликке алып, анын кабыл алышына
төмөнкүдөй сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен макулдук бе-
рет.
1. Мыйзам долбоорун төмөнкүдөй мазмундагы преамбула менен толукто-
ону сунуш кылабыз:
"Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл жарым ай коомунун
(мындан ары - Коом) укуктук статусун жана ишинин негизги багыттарын
аныктайт, мамлекеттик жана коомдук уюмдар, кызмат адамдары, жарандар,
ошондой эле Кызыл Крест жана Кызыл жарым ай коомдорунун Эл аралык кый-
мылынын катышуучулары менен анын мамилесин жөнгө салат.".
2. Мыйзам долбоорун төрт главага бөлүү.
3.1 главада:
Главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Жалпы жоболор".
4. 1-статьяда:
- экинчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Коом юридикалык жак болуп эсептелет. Бул улуттук дењгээлдеги, ба-
ардыгына ачык жана өлкөнүн бүткүл аймагы боюнча гуманитардык миссия ат-
каруучу бирден бир коом. Коом өзүнүнүн гуманитардык ишмердүүлүгүн атка-
рууда кандайдыр бир кыйыр басмырлоосуз, расасына, жынысына, улутуна,
социалдык статусуна, дин ишенимдерине, саясий жана башка кызыкчылыкта-
рына, мүлктүк абалына, маданиятына, тилине, жашына, акыл эси же дене
жагынан майыптыгына карабастан баардык адамдарга жардам берет.";
- үчүнчү бөлүк алып салынсын.
5. Коомдун ишмердүүлүгүнүн укуктук негизин, түзүмүн жана уставын
2, 3, 4-статьяларда кароону жана төмөнкүдөй редакцияда берүүнү сунуш
кылабыз:
"2-статья.
Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл жарым ай коомунун иш-
мердүүлүгүнүн укуктук негизи болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-
мы;
- ушул Мыйзам жана Коомдун ишмердүүлүгүнө тиешелүү башка норматив-
дик укуктук актылар.
3-статья.
Коом ар түрдүү дењгээлдерде аймактык уюмдарды түзөт:
- баштапкы уюмдарды;
- аймактык филиалдарды;
- региондук өкүлчүлүктөрдү;
- Коомдун атынан чыгуучу жетектөөчү түзүмдү.
4-статья.
Коом Коомдун съезди тарабынан кабыл алынган өзүнүн Уставына ылайык
иштейт.".
6. I глава төмөнкүдөй редакциядагы 6-статья менен толукталсын:
"6-статья.
Коом өзүнүн максаттарын жана милдеттерин гумандуулукка, бейтарап-
туулукка, калыстуулукка, көз карандысыздыкка, ыктыярдуулукка, бир-
диктүүлүккө, универсалдуулукка - Кызыл Крест жана Кызыл жарым ай Эл
аралык кыймылынын негиз болуучу принциптерине негизденип аткарат, алар
төмөнкүлөрдү билдирет:
- согуш майданында баардык жарадарларга бирдей жардам көрсөтүүгө,
эл аралык, ошондой эле улуттук дењгээлдеги ар кандай абалдарда адамдар-
дын азап чегүүлөрүн алдын алуу же жењилдетүүгө, адамдын өмүрүн коргоого
жана инсанды урматтоону камсыздоого, ошондой эле өз ара түшүнүшүүгө же-
тишүүгө, достукту өнүктүрүүгө, кызматташууга жана калктар арасында
тынчтыкты бекемдөөгө көмөктөшүүгө умтулуу;
- адамдардын расасы, дини, табы, саясий жана башка ишенимдери бо-
юнча кандайдыр бир айырмалоосуз тењдиги;
- жалпы ишенимди сактоо максатында куралдуу жањжалдардын бир жак
тарабын кабыл албоо жана саясий, расалык, диний мүнөздөгү талаш-тартыш-
тарга кошулбоо;
- өзүнүн өкмөтүнүн гуманитардык ишмердүүлүгүнө көмөк көрсөтүү жана
өзүнүн автономиясын сактоодо жана Кызыл Крест жана Кызыл жарым ай Эл
аралык кыймылынын принциптерине ылайык иштөө мүмкүнчүлүгү болгондо
өлкөнүн мыйзамдарын сактоо;
- чын дилинен жардам көрсөтүү;
- өлкөдө баардыгына ачык жана өлкөнүн бүткүл аймагы боюнча гумани-
тардык миссия аткаруучу бир гана Кызыл Крест жана Кызыл жарым ай улут-
тук коомунун болушу;
- дүйнөлүк болуп эсептелген Кызыл Крест жана Кызыл жарым ай Эл
аралык кыймылынын универсалдуулугу: баардык Кызыл Крест жана Кызыл жа-
рым ай улуттук коомдору бирдей укуктарга ээ жана бири бирине жардам
берүүгө милдеттүү.
Мамлекеттик бийлик органдары, юридикалык жана жеке жактар Коомдун
ушул статьянын биринчи бөлүгүндө аталган принциптерин карманышын урмат-
тоого милдеттүү.".
7. II главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Ишмердүүлүктүн негизги милдеттери жана багыттары".
8. II глава төмөнкүдөй редакциядагы 7-статья менен толукталсын:
"7-статья.
Коомдун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- адамдардын азап чегүүлөрүнүн алдын алуу жана жењилдетүү;
- адамдын өмүрүн жана ден соолугун коргоо жана өзгөчө куралдуу
жањжалдардын жана башка өзгөчө кырдаалдардын мезгилинде адамдын инсан-
дыгын урматтоону камсыздоо;
- оорулардын алдын алуу боюнча ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруу;
- саламаттык сактоону жана социалдык жактан камсыздоону өнүктүрүү,
ыктыярдуу ишти кубаттоо;
- Коомдун мүчөлөрүнүн жардам көрсөтүүгө дайым даяр болуусуна
көмөктөшүү;
- Коомдун жардамына жана коргоосуна муктаж болгондордун жалпы ти-
лектештигин бекемдөө.".
9. 6-статья 8-статья болуп эсептелсин.
10. 8-статьяда:
экинчи, онунчу жана он алтынчы абзацтары алып салынсын.
11. II глава төмөнкүдөй редакциядагы 9-статья менен толукталсын:
"9-статья.
Коом тарабынан белгиленүүчү өзгөчө окуялар болуп төмөнкүлөр сана-
лат:
- жыл сайын 5-15-майда белгиленүүчү "Кызыл жарым айдын декадасы";
- жыл сайын 1-10-октябрда белгиленүүчү "Кайрымдуулук декадасы".
12. 7-статья 10-статья деп эсептелсин.
13. III главада:
аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Башка органдар менен кызматташуу".
14. III глава төмөнкүдөй мазмундагы 11-14-статьялар менен толук-
талсын:
"11 -статья.
Өзүнүн ишмердүүлүгүнүн биринчи кезектеги милдеттерин аткаруу мак-
сатында Коом мамлекеттик органдар, уюмдар, мекемелер, ишканалар,
өкмөттүк эмес уюмдар, жарандар менен кызматташат.
12-статья.
1. Коом Кызыл Крест жана Кызыл жарым ай коомдорунун Эл аралык кый-
мылынын уставына ылайык Эл аралык Кызыл Крест комитети, Кызыл Крест жа-
на Кызыл жарым ай коомдорунун Эл аралык федерациясы жана башка эл ара-
лык гуманитардык уюмдар менен кызматташат.
2. Кызыл Крест жана Кызыл жарым ай коомдорунун Эл аралык федераци-
ясы Кыргыз Республикасынын аймагында өзүнүн ишмердүүлүгүн Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтү менен түзүлгөн Макулдашуунун негизинде жүзөгө ашы-
рат.
3. Кызыл Крест жана Кызыл жарым ай чет өлкөлүк улуттук коомдору
өздөрүнүн ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Респуб-
ликасынын мыйзамдарына жана Кызыл Крест жана Кызыл жарым ай Эл аралык
кыймылынын негиз болуучу принциптерине ылайык жүзөгө ашырат.
13-статья.
Коом жалпыга маалымдоо каражаттарына өзүнүн ишмердүүлүгү жана жыл-
дык отчеттору тууралуу маалыматтарга эркин жетүүлөрүнө мүмкүндүк берет.
14-статья.
1. Коом мамлекеттик жана коомдук уюмдар менен кызматташтыкта калк
арасында эл аралык гуманитардык укук жөнүндө билимди жана маалыматты
жайылтат.
2. Эл аралык гуманитардык укуктун нормалары, анын ичинде Женева
конвенцияларынын, аскер жана аскерлештирилген түзүлүштөрдүн өздүк кура-
мынын жоболору, медицина жана башка мекемелердин кызматкерлери менен
таанышуу ыйгарым укуктуу органдар тарабынан Коом менен бирдикте жүзөгө
ашырылат.".
15. 8-статья 15-статья деп эсептелсин.
16. IV главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсии:
"Мамлекеттик колдоо".
17. IV глава төмөнкүдөй мазмундагы 16 жана 17-статьялар менен то-
лукталсын:
"16-статья.
Мамлекеттик органдар, ишканалар, мекемелер, уюмдар өз компетенция-
ларынын чектеринде ыктыярдуу негизде, Кыргыз Республикасынын мыйзамда-
рында белгиленген тартипте анын программаларынын ийгиликтүү аткарылышы
үчүн Коомго материалдык, финансылык жана башка колдоо көрсөтүшөт.
17-статья.
Коомду салыктарды жана бажылык пошлиналарды төлөөдөн бошотуу же
өлчөмүн азайтуу, ошондой эле Коомдун милдеттерине жооп берген атайын
программаларды каржылоо, Коом тарабынан өткөрүлгөн баардык иш-чаралар-
дан түшкөн акча каражаттарын чегерүү, ошондой эле Коомдун пайдасына
белгилүү акча каражатын ыктыярдуу которгон юридикалык жана жеке жактар-
ды салыктардан бошотуу Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана Кыр-
гыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө Кыргыз Республикасы-
нын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.".
18. 9-статья 18-статья деп эсептелсин.
19. 18-статьяда:
- биринчи абзацтагы "6" деген сан "8" деген санга алмаштырылсын;
- төртүнчү, жетинчи, сегизинчи, тогузунчу, онунчу жана он биринчи
абзацтар алып салынсын.
20. Мыйзам долбоорунун 10-15-статьялары алып салынсын.
21. 16-статья 19-статья деп эсептелсин жана төмөнкүдөй редакцияда
берилсин:
"19-статья.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.".
Премьер-министр Ф.Кулов