Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 775 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2004-жылдын 19-июлу N 523 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кылмыш-жазык-аткаруу системасын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын мам-лекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республи-касынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы Жарлыгынаөзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" 2006-жылдын 26-майындагы N 288 Жарлы-гына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги 18 бирдик санындагыкылмыш-жазык-аткаруу системасынын кызматкерлеринин штаттык санын тие-шелүү эмгекке акы төлөө фонду менен Кыргыз Республикасынын Юстиция ми-нистрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынан Кыргыз Республика-сынын Юстиция министрлигинин борбордук аппаратына өткөрүп берсин. 2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги"2006-жылга республикалык бюджет жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-мынын Кыргыз Республикасынын кылмыш-жазык-аткаруу системасынын кызмат-керлерин күтүүгө байланыштуу чыгымдарды каржылоо бөлүгүнө тиешелүүөзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизсин. 3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин борбордук аппара-тына өткөрүлүп берилүүчү Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын кыз-маткерлерине кылмыш-жазык-аткаруу системасынын кызматкерлери үчүн Кыр-гыз Республикасынын мыйзамдарында каралган бардык жењилдиктер, ошондойэле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн укуктук негизди жөнгө салуучу нор-мативдик укуктук актыларынын аракети жана Кыргыз Республикасынын кыл-мыш-жазык-аткаруу системасынын иш-аракеттери колдонула тургандыгы бел-гиленсин. 4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги кылмыш-жазык-аткаруусистемасын реформалоону башкаруу жана өздүк коопсуздук кызматы жөнүндөжобону бир айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана бекитсин. 5. "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелерижөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы N612 токтомунун 2-пунктуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: - "72" деген цифра "90" деген цифрага алмаштырылсын. 6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укуктук тартип иштери бо-юнча бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов