Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 19-июлундагы № 524 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана башкаруучу курамынын адамдарынын акчалай үлүшү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 13-июлундагы № 389 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат. 1. "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жанабашкаруучу курамынын адамдарынын акчалай үлүшү жөнүндө жобону бекитүүтууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 13-июлундагы №389
токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ички иштер органда-рынын катардагы жана башкаруучу курамынын адамдарынын акчалай үлүшүжөнүндө
жобого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 7-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына, КыргызРеспубликасынын Жогорку Кењешинин Аппаратына, Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратына иштөөгө жиберилген ички иштер органдары-нын кызматкерлери үчүн ар бир айлык компенсациялык төлөмдөр (азык-түлүкпаегунун ордуна акчалай компенсация, пенсиясынын 50 проценти өлчөмүндөкошумча төлөө, буюм мүлкүнүн ордуна акчалай компенсация, коммуналдыккызмат көрсөтүүлөр жана энергия булактары үчүн акчалай компенсация)сакталат. Көрсөтүлгөн төлөмдөр кызматкерлерди иштөөгө жиберген ички иш-тер органдары тарабынан жүргүзүлөт.". 2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги жого-руда көрсөтүлгөн төлөмдөрдү каржылоого Кыргыз Республикасынын Ички иш-тер министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине ти-ешелүүү кошумча ассигнованиелерди карасын. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укуктук тартип иштери бо-юнча бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов